Базар экономикасы жана глобалдашуу жомоктон башка нерсе эмес

1430
0

Базар экономикасы жана глобалдашуу жомоктон башка нерсе эмес

Доктор Мухаммад Жиланий

АКШ соода министрлиги Кытайдын Huawei гигант компаниясын экспорт боюнча кара тизмеге киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тизмеге ылайык, Huawei АКШ компанияларынан кызмат жана товарларды сатып алуусуна чектөө киргизилет. Google сыяктуу Америкадагы ири компаниялар өз продукцияларын жана кызматтарын Huawei компаниясына сатууну токтотту.

Капиталисттик түзүмдүн жетекчилери дүйнөлүк соода эркиндиги, мал жана базар глобалдашуусу, мал жана товарлардын эркин аракеттениши сыяктуу нерселер туурасында тынымсыз ооз көбүртүп айтып келишет. Бирок, бул түзүмдүн жетекчилери жана Батышка ашык болгондор четке кагып, тартышып келген нерсе Huawei компаниясы менен болгон мамиледе ачык-айкын жүзөгө чыкты. Т.а. глобалдашуу АКШ жана Батыш Европа каалаган система. Алар глобалдашууну шылтоолоп максималдуу даражада финансылык кирешелерге ээ болууну көздөшөт, өз компанияларын дүйнөлүк базарларга киргизип алууну, алардын товар жана кызматтарын эч кандай салыктарсыз же бажы тоскоолдуктарысыз сатылышын, дүйнөдөгү каражаттар ошолордун гигант компанияларына караштуу банктарга келип түшүшүн көздөшөт. Америка да, капитализм жетекчилери да бир нерсени т.а. дүйнөдө ушул глобалдашуу системасынан пайдаланган Huawei жана ZTE сыяктуу гигант компаниялар пайда болушун, алар да өз товар жана кызматтарын Америкада жана Европада сатууну, каражаттарды карама-каршы багытка аракеттендирүүнү көздөшүн эсепке алышпады. Америка эркин базар жана глобалдашуу мыйзамдарына тескери түрдө Huawei компаниясын кара тизмеге киргизгенин, эркин соода кыла албашын жарыялоодо.

Америка жана капитализм түзүмүнүн жетекчилери саясий жана экономикалык пландарды өздөрү түзүүгө, оюн эрежелерин өздөрү белгилөөгө адаттанышкан, кирешелер алардын гигант компаниялары таандык болушун каалашат. Т.а. алар товар жана кызматтар бай түндүктөн жакыр түштүккө агуусун, андан түшкөн кирешелер бул оюнду ойлоп тапкандарга агуусун каалашат. Эгер, оюн тең салмактуулугу бир аз эле бузулса, Америка жана анын капиталист шериктери оюн эрежесин өзгөртүүгө же болбосо оюнчулардын бирин оюндан чыгарып жиберүүгө өтүшөт. Huawei компаниясы базардын чоң бөлүгүн өз көзөмөлүнө ала баштады. Ушул себептен улам, Америка Huawei компаниясына далын салып, бардык оюн эрежелерин бузуп, эркин экономика, глобалдашуу сыяктуу мыйзамдардан баш тартты.

Акыбетте, экономика оюнунун тизгинин бекем кармап турган мамлекет Америка болуп калууда. Америка эч бир тарапка – АКШ компанияларына жана алардын кирешелерине таасир кылса – дүйнөлүк базардагы кирешенин бирер бөлүгүн ээлешине жол бербей жатат. Бул тарап Америкага эң чоң экономикалык атаандаш Кытай болсо, эмне болушу мүмкүн?!

Ушул көз караштан алганда, эң ири компаниялар АКШ капиталына ээ экенин, кээде алар Британия, Германия жана Швеция сыяктуу Европа мамлекеттери менен кызматташып жатканын көрөбүз. О.э. АКШнын улуттук кирешеси менен дүйнө мамлекеттеринин, ал тургай, Европанын кирешеси ортосунда чоң айырма бар экени да таң калычтуу эмес.

Бир убакыттарда, экономикалык кризистер жүз бербеген, АКШ-Кытай ортосунда соода согуштары жалындабаган доордо, Кытай белгилүү бир мөөнөт өз компанияларын АКШ капиталы менен иштетип келди. Себеби, Америка Кытайды финансы орду деп билет, анын өнөр жайы мага кайтат деп эсептеген. Бирок, Кытай өнөр жай куруу баскычын ийгиликтүү өтүп, өзүнүн атайын финанасы жана өнөр жай мекемелерин курууга кудуреттүү мамлекетке айлангандан кийин, экономикалык саясий оюнга кооп туудура баштады. Америка финансы мекемелери бул экономикалык саясий оюн эрежелерин айла-амалдуулук менен түзгөн.

Huawei компаниясы Американын Motorola, Lucent сыяктуу телекоммуникация компанияларынын кызыкчылыгы үчүн иштегенде бул компанияга кудум сарай кызматкерлери сыяктуу карайт эле. Бул жаңы кылымдын башында ушундай эле. Бирок, Кытай компаниясы көп өтпөй, көзөмөл жана таратуу курулуштарынан баштап, уюлдук жабдыктарга чейинки бардык телекоммуникация базарына өкүмдар боло баштады. Мына ошондо Америка Huawei капиталисттик оюн ичинде болууга эми акысы жок деп билди, Huawei болсо, глобалдашуу жана эркин базар нерсе бар, алардан пайдалануу мүмкүн деп ойлоду, ал нерселер жомок жана жалган экенин, колонизаторлуктун өкүмдарлыгын зордоп өткөрүүдө пайдалана турган курал экенин, бул оюндан өз ыктыяры менен чыгып кетиши керектигин, антпесе, чыгарып салынышын билбеди.

Түпкүлүгүндө, бул оюн саясий оюн экендигин, ал мабда-системалар ортосундагы кыйраткыч күрөшкө негизделгенин билүү лазым. Ким дүйнөлүк базарда бирер нерсени сатууну кааласа, ал шексиз дүйнөдө эл аралык даражада эгемендүү болушу шарт. Себеби, бул дүйнөлүк базар баары үчүн ачык эмес жана ал жердеги соода-сатык да эркин эмес. Ал жерде товарларды сатуу жана кызматтарды көрсөтүү – кээ бирөөлөр ойлогондой – товарың болсо, сатып пайда табасың дегендей оңой эмес. Жок, дүйнөлүк базарда андай эмес. Бул базар Лас-Вегас сыяктуу шаарлардагы казиного окшоп кетет. Оюнчу казинонун мыйзамына ылайык ойноймун, ушул оюн эрежесине амал кылсам, утам же уттурам деп ойнойт. Бирок, түпкүлүгүндө, андай болбойт. Казинодо пайданы ар дайым казино жана анын ээси көрөт, оюнчу болсо, мен утамын деген үмүттө ойной берет.

Ошондуктан, Кытай Америка менен болгон күрөш, түпкүлүгүндө, экономикалык финансылык күрөш эместигин, балким, дүйнөлүк базарга ээлик кылуу үстүндөгү күрөш экенин т.а. мабда-системалар ортосундагы саясий күрөш экенин түшүнүшү керек. Кытай саясий көз карашы чабал болгондуктан, системалардын эрежесине баш ийбегендиктен абалды туура көрө албады. Оюн талаасындагы арстан менен алыша аламын деп ойлоду… бирок, оюн да, күрөш да токой арстанынын кызыкчылыгына карап өзгөрүп, алшмашып турушун билбеди.

Ушуну баса белгилөө зарыл, мабда-системасы бар мамлекет гана мындай ачуу абалды өзгөртүшү мүмкүн. Системага ээ мамлекет гана финанасы жана экономика дүйнөсүндө жаңы усул жаратууга кудуреттүү, бул усул ири байлардын аракетин жана АКШ экономикасын шал кылып, эркин базар жана глобалдашуу деген жомокторду жокко чыгарат. Албетте буга рошид Халифалык мамлекети гана кудуреттүү. Ислам мабдасы Халифалык мамлекетине арамза жана зулум оюн эрежелерин колдонбоого үндөйт. Эртең Халифалык сүткордук, акциялар жана баалуу кагаздар мамилесине тыюу салганда, АКШдагы ири байлар Халифалык мамлекетинин каражатына басым кылуу же өкүмдарлык кылуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калышат. Халифалык мамлекети акча үчүн алтын жана күмүштү негиз кылганда, Америка финансылык системадагы негизги өкүмдарлык куралынан ажырайт. Ушул мамлекетибиз дарул харб менен мамиле кылуу жана соода алып баруу жөнүндө мыйзамдарды табанний кылганда, Америка глобалдашуусун да жоготот.

Ошентип, дүйнөнү капитализм жырткычтыгынан жана ач көз капиталистердин жамандыгынан бир мамлекет куткара алат. Ал да болсо, түзүмү Ислам, негизи адилет, булагы вахий болгон мамлекет. Ушул вахий Өз пенделеринин абалын билген адилеттүү Аллахтан келген.

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿لَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا بِالْبَيِّنَاتِ وَأَنزَلْنَا مَعَهُمُ الْكِتَابَ وَالْمِيزَانَ لِيَقُومَ النَّاسُ بِالْقِسْطِ وَأَنزَلْنَا الْحَدِيدَ فِيهِ بَأْسٌ شَدِيدٌ وَمَنَافِعُ لِلنَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ مَن يَنصُرُهُ وَرُسُلَهُ بِالْغَيْبِ إِنَّ اللَّهَ قَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Ант болсун, Биз Өз пайгамбарларыбызды анык далил менен жибердик жана алар менен бирге Китеп о.э. адамдар адилеттүүлүктү тургузуулары үчүн тараза түшүрдүк. Дагы Биз темирди түшүрдүк. Анда күч-кубат жана адамдар үчүн пайдалар бар. Аллах кайыпта турган абалында Ага жана пайгамбарларына жардам берген кишилерди билүү үчүн (темирди жаратты). Албетте Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                       [57:25]

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here