Миллиардер Рэй Далио: Капитализм реформаланышы керек

406
0

Миллиардер Рэй Далио: Капитализм реформаланышы керек

Америкалык инвестор, миллиардер Рэй Далио капиталисттик система көпчүлүккө пайда алып келбей жаткандыктан реформаланышы керек экенин билдирди.

Анын айтымында, теңсиздик нааразычылыкты жана коомдогу чыңалууну жаратат. Анын жыйынтыгында демократиялык институтка ишенимсиздик өсөт.

Маалыматка ылайык, жалпысынан дүйнө экономикасынын үчтөн бири туура келген АКШ, Европа жана Кытайда калктын он пайызы жетимиш пайыз байлыкка ээлик кылышат. Калган ар бир экинчи жашоочу өлбөстүн күнүн көрүүдө. Алар болгону коомдук байлыктын эки гана пайызына ээлик кылышат. Ал эми, бул өлкөлөргө салыштырмалуу жакыр жашаган аймактарда абал мындан да жаман.

Guggenheim Partners инвестициялык банкынын башчысы, Алан Шварцтын айтымында, эл байлыктын көбүн элита басып алды деп айтканда, эки нерсе болот: мыйзам өзгөртүлүп, байлыктар кайрадан бөлүштүрүлөт же жакырчылыктан улам төңкөрүш аркылуу байлыктар бөлүштүрүлөт.

Белгилүү болгондой, капитализмде экономикалык саясат “чексиз каалоо жана чектүү ресурс” деген эреженин негизинде жүргүзөт. Демек, капиталисттик мамлекеттин саясаты – мамлекеттин улуттук кирешесин көбөйтүү болуп саналат. Мында коомдун бардык мүчөлөрүнүн керектөөлөрү кандырылабы, же кээ бирлериники кандырылып, кээ бирлериники кандырылбайбы, бул мааниге ээ эмес. Капитализм коомго болгон көз карашында жеке адамга басым жасаса да, бирок, капиталисттик экономика ар бир жеке адамдын керектөөлөрүнө эмес, улуттук кирешеге басым жасады. Натыйжа, улуттук киреше 100% өстү делсе, анын 99%ына мамлекеттеги бир ууч капиталисттер ээлик кылып, калган карапайым калкка 1%ы же андан да аз үлүш тие турган болуп калды.

Бул капиталисттик системанын каршысында, Исламда байлыкты туура бөлүштүрүүгө көңүл бурулат. Анын экономикалык саясаты – ар бир жарандын негизги мухтаждыктарын кандыруу болот. Негизги муктаждыктар: азык-түлүк, кийим-кече жана үй-жай.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here