Америка башкарып-буйруп жатса, мусулман өлкөлөрүндөгү рувайбизалар болсо, анын буйруктарын өз ыктыярлары менен аткарышууда!

340
0

Америка башкарып-буйруп жатса, мусулман өлкөлөрүндөгү рувайбизалар болсо, анын буйруктарын өз ыктыярлары менен аткарышууда!

«Русиял Явм» сайты хижрий 1440-жылы 27-рамазан, миладий 2019-жылы 1-июнь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Саудия тышкы иштер министри Адил Жубайр маалым кылышынча, Меккеде өткөн Араб мамлекеттеринин саммити Ирандын региондо алып барган иш-аракеттерин жана региондогу мамлекеттердин иштерине аралашып жатканын каралаган билдирүү берди.

Жубайр жума күнү Ислам Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Юсуф Асимин менен биргеликте берген басма сөз конференциясында: «Сауд Арабия королу Салман ибн Абдулазиз уюштурган бул саммит араб жана мусулман мамлекеттери ортосунда кызматташууну жана бир позицияны карманууну талап кылып жаткан регионалдык өзгөрүүлөрдүн тушунда өтүүдө», – деди.

Жубайр минтип баса белгиледи: «Иран негизги этибарын өзүнүн потенциалын терроризм, кыйроо жана кыргындарды колдоого каратуунун ордуна, Иран калкынын турмушун жакшылоого каратышы керек». Кийин ал: «Өкмөттүн вазыйпасы – Ирандын вазыйпасы сыяктуу ойрондулук алып келүү эмес, калкка камкордук кылуу жана коопсуздук, туруктуулук жана тынчтык менен камсыздоо», – деп кошумчалады.

Жубайр Иранды «мамлекеттердин суверенитетин урматтоого, алардын ички иштерине аралашпоого жана террорчуларды колдоодон жана баллистикалык ракеталарды атуудан баш тартууга» чакырды. О.э. ал эл аралык коомчулуктун Иранга карата колдонгон катаал санкциялары ага жолдонгон эскертүү болуп, «анын мындай жолу санкцияларды дагы да күчөтүшүнө алып барышы жана кымбатка түшүшү мүмкүн деген мазмунду өз ичине камтыйт», – деп баса белгиледи».

Роя гезити:

Иранга карата бул сыяктуу коркутуулардын артында шек-күмөнсүз Америка турат. Америка 2019-жылы май айынын башында региондо АКШ күчтөрү үчүн Иран тарабынан коркунуч жаралганын айтып, регионго өзүнүн аскерлерин, учактарын жана учак ташыган кемесин жөнөттү. Мындай курч абалды пайда кылуудан максат – мусулмандар менен яхудий вужуду ортосундагы күрөшкө чекит коюп, жаңы күрөшкө майдан ачуу. Бул күрөштө каршылык аракетинин майданын Америка үчүн Иран башкарат, НАТОнун араб мамлекеттери майданын Америка үчүн Сауддар үй-бүлөсү башкарат.

Ошондуктан, бардык мусулмандар Сауддар үй-бүлөсү Американын колдоосу, балким, буйругу менен өткөрүп жаткан бул сыяктуу уу-заар саммиттердин токтомдоруна каршы чыгууга жана кыргын согуштарга киришпөөгө жоопкер. Негизи, Америка тарабынан уюштурулуп жаткан бул согуштардын максаты – бүткүл регионду көптөгөн жылдарга согуш иримине тартып, кубатын жок кылуу.

Роя гезити, №237, 2019жыл, 5июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here