Бекназаров: Системаны өзгөртүш керек

471
0

Бекназаров: Акаевди кетирдик – эч нерсе өзгөрбөдү. Бакиевди кетирдик –  өзгөрүш болгон жок. Атамбаевди камасак да эч нерсе өзгөрбөйт. Системаны өзгөртүш керек

Кыргыз саясий чөйрөсүнүн жетекчи өкүлдөрү жаңы калыптанып келе жаткан жетекчи топтун ичинен орун ээлей албай жатышат. Өздөрү калыптандырган система эми өздөрүнө каршы иштей баштады. Түпкүлүгүндө, жаңы жетекчи топтун өкүлдөрү да ушул саясий чөйрөдөн таасирленип, анын ичинен жетишип чыккан саясатчылар. Жетекчи топ ичиндеги же андан сыртта калган, же болбосо ага оппозиция болгон саясатчылардын бардыгы дүйнөлүк башкаруу системасына негизделишкени үчүн, алар бир саясий чөйрө өкүлдөрү деп этибар кылынат. Т.а. бу чөйрө өкүлдөрү эл аралык саясат принциптерине ылайык, Кыргызстанды агрардык (чийки сырьёго негизделген) негизде пикирлей турган, мамлекет башына түшкөн проблемалар эл аралык саясат жана башкаруу системасынан экенин ачык айтуудан корко турган жана ушул проблемаларда бири экинчисин айыптап-жазалай турган саясий чөйрө өкүлдөрү!

Ушул күндөрү Өмүрбек Текебаев камактагы абалында “Азаттык радиосу”на берген интервьюсунда, дүйнөлүк банк түзүмү жана акча которуу механизмдеринин баары АКШ тарабынан толук көзөмөл астында экенин айтты. Ушул системанын кесепетинен т.а. ар бир которулуп жаткан акчага шек менен караш же аларга кандайдыр документтер талап кылыш сыяктуу коюлган шарттар Кыргызстандан нак валюта жашыруун жолдор менен алып чыгуу механизмин пайда кылды деди Текебаев. Муну туура саясий пикирлөөдөн дарек берет десек аша чапкан болбойбуз.

Бекназаровдун билдирүүсүнө этибар каратсак, ал Акаев, Бакиевдин куулушунда ички башкаруу системасынын натуура экенин айтып, аны реформалоого чакырып жатат. Негизи, Кыргызстан тарыхында болуп өткөн эки төнкөрүш тең ушунун кесепетинен келип чыккан. Ош окуясы да эл аралык саясатка жана эл аралык башкаруу системасына тиешелүү иш болгон. Ал тургай, Текебаевдин камалышы жана күтүлүп жаткан Атамбаевдин камалышы да эл аралык саясатка байланыштуу. Бирок, кыргыз саясий элитасы ар бир проблеманы өз мойнуна алуу менен, эл аралык саясат жетекчилери тарабынан уюштурулуп жаткан фитналарды жашырып келишет! Акыбетте, бири-бирин куугунтуктап, камап, дагы ошол ири мамлекеттердин кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып жатышкан болот.

Лекин, Атамбаевди камасак да эч нерсе өзгөрбөйт деген сөздүн өзү туура. Бирок, бул өзгөрбөй турган жараян Кыргызстан башкаруу системасын реформалоо менен өзгөрүп калбайт! Кыргызстан башкаруу системасы, а түгүл, Акаев жана Бакиев башкарууларын төңкөрүү амалиятын Россиянын буйругу же колдоосусуз ишке ашыра алган эмес! Ал тургай, Ош окуясы да Россия башчылыгында ишке ашырылганына Бекназаровдун өзү күбө болгон. Т.а. окуя үстүндө колго түшкөн 4 орус снайперлерин аны өзү башкы прокурор болуп турганда дарексиз жок кылып жиберген.

Демек, саясий пикирлөө (тафаккур) – ар бир окуя-адисеге, аны келтирип чыгарып жаткан эл аралык саясатка байлап баа бере алууга батынуу менен ишке ашат экен! Саясий популизм болсо, өз кызыкчылыгын жүзөгө чыгарыш максадында элди алдаш, чалгытуу, оппоненттеринин аброюн төгүү, бийлигинен пайдаланып аларга зулум кылуу сыяктуу жийиркеничтүү жолдордон пайдаланууларга карата айтылат.

Биз умматты о.э. саясий чөйрөнү туура саясий тафаккурга чакырабыз. Себеби, дүйнөлүк куфр башкаруу системасы үстүбүздөн жүргүзүп жаткан өз арамзалыктарын жашырып, бири-бирибиз менен убара болуп жүрө бере турган бузук (куфр) башкаруу системасын жана саясий чөйрөсүн кармап турат. Туура исламий саясий аң-сезим жана тафаккурубуздан алыстатып, ага чакырып жаткан азаматтарды ар түрдүү куфр атамалары менен атап, коомдон алыстатууга аракет кылат. Негизи, саясий тафаккур гана кырдаалдарда туура чечимге алып бара алат. Саясий аң-сезим алардын үстүнөн туура тыянак чыгара ала турган жана аларга карата иш жүзундө мамиле белгилей ала турган кубат берет. Болбосо, Кыргызстан саясатчылары сыяктуу топ-топко бөлүнүп, арзыбас дүйнө маталары үчүн бири-бирибиз менен алышып, алдан тайып жүрө беребиз!

Абдураззак Муъмин

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here