Кыргызстан: саясий абалыбыздан сабак алалы

421
0

Кыргызстан: саясий абалыбыздан сабак алалы

Учурда Кыргызстанда тышкы жана ички саясий окуялар өнүгүүсү өөрчүп кетти. Сырттан АКШ, Россия, Кытай жана Евробиримдиктин ар биринин өз кызыкчылыктарына ылайык таасирлери артып бара жатса, ушуга улай, ичтен ички саясий интригалар күчөп барууда.

Сырткы таасирлер

Сырткы күчтөрдөн ЕБ Кыргызстан саясатына кыйыр таасир этет. Ал буга чейин Орто Азияга карата саясатын АКШсаясатына ээрчип, ага ылайыкташтырып жүргүзүп келген. Бирок, быйыл регионго карата өзгөчө стратегия кабыл алды. Андан өз алдынча колониалдык саясат жүргүзүү максаты көздөлгөн. Кыргызстанда Европа мамлекеттеринен Британия менен Германиянын сезилерлик таасирлери бар. Бирок, Британиянын “брекзит” маселеси себептүү, жогорудагы стратегия үзгүлтүккө учурап, ЕБ кайра эле АКШга шайкеш саясат алып барары күтүлүүдө.

Кытай колонизаторлугу азырынча экономикалык ыкмага чектелгендиктен, анын да Кыргызстан саясатына таасири кыйыр түрдө.

АКШ колонизаторлугу Кыргызстанга идеологиялык (сакофий) жактан терең кирип келген. Өлкөдө ага караштуу көптөгөн уюмдар иш алып барат. АКШда стажировкадан өтүп келген саясатчылар көп. Чиновниктердин уул-кыздары Батыш идеологиясын сиңдире турган окуу жайларды бүтүрүшүп, батышчылдар “армиясын” түзүп калышты. Бул “жаштар” ата-энелери аркылуу мамлекеттик кызмат орундарына бат жетишишип, саясатка эрте аралашышты. Ушундан улам, Америка эми бул батышчыл шахсияларды (личность) колонизаторлуктун саясий ыкмасына пайдалана баштады б.а. аларды бийлик башына алып келүүгө киришти. АКШ батышчыл саясатчыларды парламентке алып келип, башкарууну парламенттик формага өткөрмөкчү жана ал аркылуу Кытай жана Россия таасирлерине сокку урмакчы (м: ушул максатта USAID 2020-жылкы парламенттик шайлоо үчүн 2,5 млн доллар ажырата  турган болду, ал каражат Кыргызстандагы АКШга караштуу уюмдарга бериле турган болууда). Бийлик шайлоого толук көзөмөл орнотуп албашы үчүн, АКШ анын улам алсызданып барышына кызыкдар. Ошентип, Америка Кыргызстандын саясатына түздөн-түз таасир этүүдө.

Россия болсо, салттагы колонизатор катары, Кыргызстан саясатына түздөн-түз таасир этет. Ал адатынча өкүм-зордук саясатына таянган бойдон калууда. Б.а. Кыргызстан бийлигин – саясий жактан болобу, экономикалык жактан болобу – коркутуу менен гана баш ийдирет, негизги таянычы – аскерий жак. Марттын акырында Путин баштаган Россия делегациясы Кыргызстанга келип, өз кызыкчылыктарына ылайык келишимдерге “кыңк эттирбестен” кол койдуруп кетти. Эми Кыргызстан бийлигинен ошол келишимдердин аткарылышын талап кылып тура берет. Ал келишимдер аткарылышы үчүн, Россия азырынча Кыргызстанда туруктуулук болуп турушуна кызыкдар.

Ички интригалар

Сыртынан караганда, азыр ички саясат Жээнбеков-Атамбаев күрөшү айланасында жүрүп жаткандай сезилет. Бирок негизи, Кыргызстандын ички саясаты ага кожоюндук кылып жаткан державалардын бизге карата жүргүзгөн саясатынан келип чыгат.

Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда жеке таарынычтар болсо да, бирок, ал нерселер бүгүнкүдөй саясий оюндарды белгилеп бере албайт. Мындай оюндарды сырткы таасирлер белгилеп берет. Андай абалдар Атамбаев-Текебаев күрөштөрүндө да көрүнгөн. Анда Текебаев АКШнын кадры деген этибарда, Россия буйругу менен камалган, азыр анын камактан чыгарылбай жатышы да ошого барып такалат (мындай окуя Акаев доорунда Куловго карата да болгон). Бирок, бул акыйкат ошондогу ички оюндар менен пардаланган. Ал кезде Атамбаев, элди абалдан алаксытуу, өз келечегин камсыздоо, анүчүн аброй алуу максатында “коррупцияга каршы күрөш” баштаган. Анын алкагында, Россиянын Текебаевди президенттик шайлоодон четтетүү буйругуна ылайык, аны коррупцияда айыптаган. Бул өз кезегинде Текебаевде каршылык аракетин жаратып, ал “америкача ыкма” (өзүнө керек кезде гана пайдалануу ыкмасы) менен Атамбаевдин “коррупцияга каршы күрөшүнүн” көмүскө жактарын ачып таштаган жана бул маселени өз таасир күчүн сактап калуунун жолу кылып тандаган.

Атамбаев бийликте турганда, ал аргасыздан Россия талаптарына ылайык аракет кылса да, батыштыктардын айрым иштерине каршы чыкса да, бирок негизи, анын дүйнө карашы Батыш идеологиясы менен калыптанган. Анын СДПК партиясы да Германиянын социал-демократтарынан таасирленип түзүлгөн. Анын доорунда батыштыктардын каалоосуна ылайык, президенттик-парламенттик башкаруу киргизилди. Саясий элитада батышчылдардын саны арбыды. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин, анын Жээнбеков менен болгон күрөшүндө Россия тараптан колдоо таппаган соң, ал азыр Батыш колдоосуна т.а. АКШ колдоосуна жүздөнүүдө. Айланасына айрым батышчыл саясатчыларды топтоодо.

Жээнбеков президенттикке чейин эч бир тараптын кадры болгон эмес. Бийликке келгенден кийин болсо, тышкы саясатта Атамбаевден калган – Россия буйруктарына моюн сунуу, Кытайдан “жардам” алуу – саясатын улантты. Ички саясатта да ошол эле Атамбаевден калган “коррупцияга каршы күрөш” саясатын улантууда. Бул күрөштүн башкы буталары Атамбаевчилер болду. Андан соң, “батукаев иши”не тиешелүүлөр  болууда. Путин Атамбаевден жүз үйрүгөн соң, “коррупцияга каршы күрөш” эми Атамбаевдин дал өзүнө келип такалды. Мартта Путин келип кеткен соң, Жээнбековчулар “россия деми” менен экс-президенттин кол тийгистигин алып салууга катуу киришти, азыр “шанхай духу” менен аны ишке ашырганы калды. Булардын каршысында, бийлик коррупцияда шектелип жаткан өзүнө караштуу адамдарды калкалоого жана мурунтан калыптанып калган коррупциялык схемаларды сактап калууга урунууда. (Текебаев “Азаттыктан” Али Токтакуновго берген интервьюсунда мунун четин чыгарып, аларды пайдалануу менен, “америкача ыкмада” бийликке чабуул кылууга да, аны менен коргонууга да болоруна ишара кылып койду, ошол эле учурда, муну менен бийликке да кулак кагыш кылды).

АКШ кыргыз бийлигин так мына ушул талылуу жеринен кармады. Алгач “Матраимов маселесин” алып чыкты. Бул маселе Атамбаевдин коргонуу, ал эми батышчыл саясатчылардын аброй алуу стратегиясы болуп калышы үчүн, аларга мына ушул маселени көтөрттү. Айрым мамкызматкерлердин коррупциялык иштерин ачтырып салды. Бул жаатта бийлик анын артынан ээрчип калды. Мындай аракеттер менен болсо, бийлик алсыратылып, парламенттик шайлоодо админстративдик ресурс колдонулушунун алды алынат. АКШ кадрлары “коррупцияга каршы күрөшкө” ушундайча жандашышты. Батышчылдар шайлоого катышуу үчүн бир топко топтолушкан жок, алар ар түрдүү тараптар аркылуу катышканы жатышат. Бирок, алардын баары бир жайда – парламентте топтолууну көздөп жатышат. АКШ бул аркылуу “Тышкы саясатта Россия калтырган жылчыктардан гана пайдаланабыз” деген пикирде келишишкен эски саясий чөйрөнү жоюп, ордуна “Мүмкүн болушунча АКШ таасирине жол ачабыз, Россия жана Кытай таасирлерине тоскоолдук жаратабыз” деген жаңы саясий чөйрөнү калыптандырмакчы.

Азыр алардын айрымдары Текебаевдин, айрымдары Атамбаевдин айланасына топтолушууда. Айрымдары башка топторго кошулушат, “мекенчилдерге” да, “улутчулдарга” да, ал тургай, бийликтин командасына да киришет.

Саясатчылардын жогорудагыдай пардаланган оюндары артында, аларды ээрчиген адамдар – өздөрү таламын талаша турган тараптарды ажырата албай калышты. Мисалы, Атамбаевди “улутчулдук” негизинде колдоп жаткандар – ага келип кошулган “гейпарадчыл” (америкачыл) Р. Жээнбековду да колдошу керекпи? Ал эми, Атамбаевди батышчылдык негизде колдоп жаткандар – “шовинистка” (орусчул) Карамушкина менен бир сапта турушабы? Мындан сырткары, Атамбаевди “түндүктүк” деген негизде колдоп жаткандар арасында түндүктүк К. Исаевди же Н. Түлеевди колдогондор бар, ал экөө болсо Атамбаевге каршы – эми колдоочулар булардын кимисин колдоолору керек?.. Ушул сыяктуу эле, С. Жээнбековду коррупцияга каршы күрөшү үчүн колдоп жаткандар – анда Матраимовду да колдоолору керекпи? О.э. С. Жээнбековду “түштүктүк” деген негизде колдоп жаткандар арасында түштүктүк Жантөрө Сатыбалдиевди да колдогондор бар, ал болсо Жээнбековго каршы – колдоочулар булардын кимисин колдоолору керек?.. Мындай суроолорду улай берсек, учугу үзүлбөйт. Ошондуктан, саясатчыларды ээрчиген эл аң-таң, ал тургай көпчүлүк саясатчылардын өздөрү да маң.

Жогорудагылардан маалым болгондой, Кыргызстан адамдары арасында пикирлер ар кыл, туйгулар да ар кыл. Мыйзамдардын кызыкчылыктарга ылайык өзгөрүшү “сегиз секунддук” иш. Булардын баары Кыргызстандагы коом бузук коом экендигин айкындап турат. Мындай коомду империалисттер каалагандай калчай алышат. Мисалы, эгер Атамбаев камалса, бийлик андан ары да элди алаксытуу жана тактысын сактап калуу үчүн, башка бир иш-чараларды көрүшү керек болот. Анын эмдиги бутасы Америкага караштуу уюмдар жана кадрлар болуп калышы күтүлөт. Бирок бул оңойго турбайт, анткени, батыштыктар талабы менен кабыл алынган жаңы кодекстерде батышчыл саясатчыларды коргоп калуу эске алынып, ага ылайыктуу жагдайлар камтылган. Эгер бийлик андан да “аттап” кетсе, анда Америка туруксуздуктарды келтирип чыгарууга урунуп баштайт, Россия болсо ага каршы туруу үчүн кандайдыр бир шылтоолор менен кирип келет. Мындай учурда, ким-кимге каршы күрөшүп жатканы дайынсыз болуп калат. Буга дүйнөлүк практикадан көп күбө болгонбуз. Империалист державалар жарандык согуштар чыгарган жерлерде улуттар аралык, аймактар аралык, конфессиялар аралык ж.б. согуштар болуп жатканын, же улутчулдар менен динчилдер, сепаратисттер менен бандиттер ж.б.у.с. согушуп жатканын көрөбүз. Кыскасы, башаламан согуш. (Аллах андан сактасын).

Корутунду

Биз, мусулмандар, мындай көрүнүштөрдөн кутулуп калуу үчүн, Ислам идеологиясы негизиндеги бирдей пикирлерге, бирдей туйгуларга ээ болуп, шарият мыйзамдарын аткарууга шашылышыбыз керек. Мына ошондо биз исламий сак-саламат коом кура алабыз. Мына ошондо кафир колонизаторлор жайып жаткан бузук демократиялык идеология, алар бизге тыгыштырып жаткан “мекенчилдик”, “улутчулдук”, “регионализм”, “трайбализм” идеялары жана аларга тиешелүү туйгулар бизге таасир эте албайт. Колонизаторлор алар аркылуу бизди каалагандай калчай албай калышат. Алардын биздин үстүбүзгө зордук менен орнотулган демократиялык түзүмдөрү кулайт.

Эй мусулмандар, силер жогорудагыдай саясий оюндар ириминде, ансыз да малыңарды, ал тургай жаныңарды берип жатасыңар. Бирок, анда бул дүйнөңөр үчүн эч кандай ийгилик, ахиретиңер үчүн да эч кандай изгилик жок. Ошондуктан, анын ордуна Аллах жолундагы фикрий-саясий күрөшкө малы-жаныңарды арнагыла. Ал жолдо дүйнө азиздиги, ахирет абаддыгы бар. Андыктан, Исламыңарды үйрөнгүлө жана ага азуу тиштериңер менен бекем жабышкыла!

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here