Ливияда бири-бирине каршы согушуп жаткан тараптар бул кылмыштары менен АКШга жана Британияга кызмат кылып жатышканын качан түшүнүп жетишээр экен?!

315
0

Ливияда бири-бирине каршы согушуп жаткан тараптар бул кылмыштары менен АКШга жана Британияга кызмат кылып жатышканын качан түшүнүп жетишээр экен?!

«Арабийя нет» сайты хижрий 1440-жылы 25-рамазан, миладий 2019-жылы 30-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет.

«Ливия армиясынын күчтөрү Келишүү өкмөтү тарабынан колдоп-кубатталган куралдуу согушкерлер менен болгон катуу кагылышуудан кийин Рабия өрөөнүндөгү согуш майданында жана борбор Триполи түштүгүндөгү аэропорт жолунда алга жылууга жетишти.

Борбор Триполи тегерегиндеги фронттордо жана кармаштарда Ливия армиясынын күчтөрү менен Келишүү өкмөтүнүн күчтөрү ортосунда болуп өткөн кагылышууларда оор куралдар ишке салынды жана бир нече объектилер тынымсыз бомбаланды.

Ливия армиясынын Башкы командачылыгынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы Халифа Абидий «Арабийя нет»ке берген интервьюда армиянын аскерий бөлүктөрү олуттуу түрдө алга жылышканын жана маанилүү жеңиштерге жетишкенин, шаар борборуна жакындашканын баса белгиледи. Абидийдин сөзүнө ылайык, армия кылдат иштелип чыккан согуштук план боюнча аракет кылып, негизги этибарды катардагы жарандардын өмүрүн сактап калууга жана коргоого караткан. «Максатыбызга жетишмейинче жана борбор Триполини террорчу жамааттар жана түрк офицерлери колдоп жаткан куралдуу согушкерлерден азат кылмайынча аскерий амалияттар улантылат», – деп кошумчалады Абидий.

Ливия армиясы мурун да Триполидеги эл аралык аэропорттун жолундагы согушта ийгиликке жетишип, аскерий лагерди көзөмөлгө алган, куралдуу согушкерлер көп жоготуу көрүп, жайгашкан жайларынан качууга мажбур болушкан».

Роя гезити:

Бул кабарга түшүндүрмө катары, Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Руштанын хижрий 1440-жылы 15-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 20-февраль күнкү суроо-жообунан үзүндү келтирип өтөбүз:

«Куфр мамлекеттери Ливияда өзүлөрүнүн кызыкчылыктары жана таасири үчүн бузгунчулук кылышууда. Өз ара күрөшүп жаткан мусулман тараптар мына ушул куфр мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн согушуп жатышат. Алар бири-биринин канын төгүү жана өлкөдөгү нефть байлыктарын текке сапыруу харам экенине маани беришкен жок. Ошондуктан, малай акимдерди жана алардын артында турган куфр мамлекеттерин, алардын Ислам өлкөсүндөгү карамүртөздүктөрүн жок кылуу – бир гана мусулмандардын колунда. Бул үчүн мусулмандар өтө олуттуулук менен козголуп, Аллахтын шариатын тикелөөсү жана Халифалыкты жарыялоосу керек. Халифалык бардык нерсени өз ордуна коёт жана ач көз кафир мамлекеттердин мусулман өлкөлөрүндөгү арамза ниеттерин жокко чыгарат».

Роя гезити, №237, 2019-жыл, 5-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here