Судан: курч абал
3-июнда Судандын борбору Хартумда үрөй учурган кыргын болду. Аскерийлер Башкы штабдын имараты алдында демонстарция өткөрүп жаткан адамдарды таркатуу үчүн күч колдонду, палаткаларды кыйратып, адамдарга кол салышты, натыйжада өлгөн жана жарадар болгон адамдардын саны көбөйдү.
«Аскерийлер Судандын борбору Хартумда палата лагерин таркатууда 100дөн ашуун адам набыт болду, бирок чыныгы сан андан да көбүрөөк. Айтымдарга караганда, Нил дарыясынан демонстранттарды ырайымсыз бастыруунун акыбетинде каза болгон адамдардын 40 денеси чыгарылган. Судандык журналист Юсра ал-Бакир кол салууда 10 миң аскер катышканын, демонстранттардын кээ бирлери өлгөнчө сабылып же атып өлтүрүлгөнүн, башкалары канжар менен өлтүрүлүп, кийин Нил дарыясына ыргытылганын Твиттерде жарыялады». («Al Araby Al Jadeed», 07.06.19).
Эске салсак, Суданда 2018-жылы декабрда башталган элдик нааразылыктар токтобой күчөп, натыйжада 11-апрелде аскерийлер бийлик Аскерий Кеңештин колуна өткөнүн жарыялап, президент Умар ал-Баширди камакка алышкан. Генерал Абделфаттах Бурхан Аскерий Кеңештин башчысы болуп шайланды. Андан кийин Аскерий Кеңеш менен оппозициялык «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» альянсы сүйлөшүүдөрдү өткөрүп өткөөл доор жана өлкөнү кантип башкаруу жөнүндө мунасага келишкенин жарыялашкан. «Аскерий Кеңештин мүчөсү Ясир Атта: «Өткөөл доор үч жылга созулары жөнүндө келишим түзүлдү. Биринчи алты ай тынчтык келишимдерин түзүүгө каратылат», – деп билдирди. Аскерий Кеңеш менен түзүлгөн келишимге ылайык, Суданда өткөөл доор учурунда парламент түзүлөт, парламенттин үчтөн эки мандаты «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» альянсынын депутаттарына берилиши керек. Бул парламенттин милдети – Конституцияны даярдоо, жаңы шайлоолорду өткөрүү, бийликтин өтүшүн камсыздоо». («Евроньюс», 15.05.19).
Бирок, өлкөдө демонстранциялар токтогон жок, ал тургай адамдар Башкы штабдын имараты алдында чатырларды тургузуп, демонстранцияларын улантышты. Элдин нааразылыгы токтобой күчөп жатты, оппозиция болсо Аскерий Кеңешти бийликти жарандык өкмөткө тапшырууга мажбурлоо үчүн кайра-кайра жумуш таштоолорго чакырып, өлкө ичинде таасири артты.
Бирок, Аскерий бийлик 3-июнда жогоруда айтылган үрөй учурган кыргынды жасады. Андан кийин оппозиция Аскерий Кеңеш сунуштап жаткан бардык демилгелерди жана сүйлөшүүлөрдү четке какты, ошондой эле, нааразылыктарды улантууга чакырууда. «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» альянсы: «Бүгүнкү күндөн тартып мөөнөтсүз, жалпы нааразылык акциясын баштоого жана иш таштоого чакырабыз, бул акция режим куламайын улантылат», – деп жарыялады. («Анадолу», 03.06.19). «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» альянсынын сүйлөшүү өткөрүүчү делегациясынын мүчөсү Мубарак Эрдол мындай билдирүү берди: «Бурхандын кече жакындагы иш-аракеттери саясий жараянга чекит койду жана Аскерий Кеңеш менен «Эркиндик жана Өзгөрүү үчүн» альянсы ортосунда түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарды». («Al Araby Al Jadeed», 07.06.19). Европа, өзгөчө Британия оппозицияны колдоого алып, «Шейшемби күнү Британия жана Германия элчилери Хартумдагы окуялар боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү талап кылышты». («Евроньюс», 04.06.19).
«Араб жазы» учурунда Ислам ураандарын көтөрүп чыккан мусулмандар Тунисте, Ливияда, Яманда, Мисирде козголоңдорун уурдатышкан, бири бийлик тарап, экинчиси оппозиция тарап болуп бөлүнүштү, ал тургай Ливияда жана Яманда болуп жаткандай, бири-бирине каршы согушууда. Эми Суданда да ошондой болгону турат. Анткени, Аскерий кеңештин артында АКШ, оппозициянын артында болсо Британия турат. Алар өз ара таасир талашып күрөшүүдө, ал эми, курман болгондор мусулмандар болуп жатат. Эгер, өзүбүздүн чыныгы Исламий долбоорубузду көтөрүп чыкпасак, аракеттерибиз Батыштын дүнүйөсү үчүн текке кете берет, эч качан өзгөрүү болбойт жана шарият орнобойт.
Харун Абдулхак