ШКУ саммитинен тыянак

344
0

ШКУ саммитинен тыянак

13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУ саммити болуп өттү. Ал тууралуу тараптар өз кызыкчылыктарына ылайыкташтырып кеңири маалыматтар таркатышты. Булардын каршысында, биз ачыкка чыкпай калган айрым акыйкаттарга этибарыңыздарды каратмакчыбыз.

Алгач, уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммиттеги сунуштарына назар салалы. Кытай азыр уюмда жетекчиликти колго алгандыктан, Кытай башчысынын сунушун биринчи келтиребиз.

Кытай лидери Си Цзиньпин аймактык экономика азыркыга караганда ачыгыраак, толеранттуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек экенине токтолду. Ошондой эле, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды. Ал мунусу менен Кытайдын экономикалык экспансиясы үчүн шарттар жаратууга басым жасады.

Жана дагы ал: Биз “Шанхай рухун” (Шанхайский дух) башкы баалуулук катары колдошубуз керек, анткени, ал заман жана өзгөрүп жаткан эл аралык абал рухуна жооп бере ала турган болсун, – деди. Ал муну менен, Кытай ШКУда лидерликти колго алуу менен, эл аралык абалга таасир эте аларын баса белгилеп кетти.

Россия президенти болсо сөз нугун коопсуздук жагына бурду. Анткени, Россиянын ШКУну түзүүдөн көздөгөн максаты АКШнын колонизаторлук жүрүштүрүнө каршы туруу болгон. Ошондуктан, Путин уюмду ошол максатка кайтарууга аракет кылууда.

Ал: “… ШКУнун регионалдык антитеррордук структурасы алкагында кызматташтыкты өстүрүү, наркотрафика кирешеси аркылуу терроризмдин каржыланышын тыюу о.э. алардын колуна химиялык, биологиялык ж.б. массалык кыргын куралдары түшүп калбашы үчүн бардык аракеттерди көрүү маанилүү деп эсептейбиз”, – деди. Ал муну менен, АКШ кайсы бир уюмдарды колдонуу аркылуу аймакта туруксуздук жаратышына каршы турууну назарда тутту. Анткени, “терроризмди” каржылаган да, аны пайдаланган да, калкка карата кыргын куралдарды колдонгон да – мына ушул АКШ жана Россиялардын өздөрү. Буга биз Ирак жана Сирияда күбө болдук.

Россия президенти дагы мындай деди: Интернет аркылуу терроризм жана экстремизм идеяларын пропагандалоого бөгөт коюуда уюмдун мүчө өлкөлөрү менен тыгыз биргелешкен иштерди Россия кубаттайт, – деди. Ал муну менен, биринчиден, идеологиялык жактан Исламга каршы күрөштү назарда тутса, экинчиден, Американын интернет айдыңындагы таасирине каршы турууну назарда тутту.

О.э. ал өз сөздөрү менен, Россия дүйнөлүк держава экенине назар бурдуруп, өзүн дүйнөлүк проблемаларды чечип жаткандай көрсөтүүгө урунду. Ушундан улам, ШКУдагы лидерлик да ага таандык экенине этибар каратмакчы болду. Ал Сирия жаатындагы Россиянын “ийгиликтерине” токтолду. Негизи, Россия АКШ азгырыгы аркылуу Сирияга кирүүдө державалык сырткы көрүнүшүн гана көрсөткөнү болбосо, ал андан жалаң гана зыяндарды көрүүдө. О.э. Путин Иран маселесине да кайрылды, бирок, негизи, мындагы чечим тизгини да Россия колунда эмес. Иран президенти да саммитке Россиядан жардам сурап келген жок. Анткени, Иран Американын экономикалык кысымынан кутулуу үмүтүндө келип, бул жаатта Россия ага жардам бере албайт. Себеби, ал да Иран сыяктуу эле нефть жана газ экспорту менен күн көрөт. Иран бул жаатта Кытайга үмүт байлап келди.

Путин: Биз көңүл чордонун уюмга мүчө мамлекеттердин өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарын тереңдетүүгө бурмакчыбыз, – деди. О.э. соода-инвестициялык тармакты кеңейтүү үчүн ШКУ алкагында “Форум” түзүүнү сунуштады.

Бул анын Кытайдын регионго карата экономикалык экспансиясын аргасыздан тан алгандыгын түшүндүрөт. Негизи, анын тан албаска аргасы да жок. Анткени, Россиянын өзүнүн экономикалык жактан Кытайга көз карандылыгы артып барууда. Мисалы, соода балансында (экспортунда да, импортунда да) Россия үчүн Кытай биринчи орунда турат. 2018-жылы алардын ортосундагы соода көлөмү 100 млрд доллардан ашты. Россиянын Кытайга экспортун негизинен минералдык продуктылар (76%), жыгач жана кагаз өндүрүмдөрү (11%) түзөт. Россиянын Кытайдан импортун негизинен машиналар, жабдуулар жана транспорт каражаттары (57%), текстиль жана буткийим (11%), химиялык өндүрүш продукциялары (10%) түзөт. Бул мамлекеттер Петербургдагы экономикалык форумда – ушундай эле көрүнүштө – соода көлөмүн 200 млрд долларга көтөрүүгө келишишти. Бул Россиянын экономикалык жактан Кытайга канчалык багынып баратканын айгинелейт.

Путиндин төмөнкү: “Евразия экономикалык союзу менен кытайдын “Бир кур, бир жол” программасын келечекте чоң евразиялык өнөктөштүк максатында кошуп жиберүү перспективдүү деп ишенебиз”, – деген сөзү да ушуга далалат кылат.

Ал эми уюмга мүчө мусулман өлкөлөрдүн жетекчилери сунуштаган нерселерге келсек, алар Исламга каршы күрөшүүдө жогорудагы кафир колонизаторлорго ээрчип жатышканын жана өздөрүнүн таажы-тактыларын сактоо үчүн Кытай менен Россияга корголоп жатышканын көрөбүз.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев: “Терроризм проблемасы глобалдык тармакка ээ болуп, киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча күч-аракеттерди талап кылууда. Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү уюмдун маалымат мейкиндигин коргоо ишине чоң салым болуп калмак”, – деди. Ал мында Путиндин ушуга тиешелүү сөзүн кубаттап, бул аркылуу Казакстан калкын исламдашуудан кайтарууну жана бийликти АКШнын маалыматтык чабуулдарынан коргоп калууну үмүттөнүүдө. (Казакстан бийлигинин идеологиялык жана экономикалык жактан АКШга ыктоосу күч болсо да, бирок, анын бийлик алмаштыруу ыкмаларынан абдан коркот).

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев: Орто Азияда ШКУнун “жашыл алкагын” түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе деп эсептейбиз. Максат, өлкөлөрүбүздө ресурс үнөмдөөчү заманбап жана экологиялык таза технологияларды кеңири жайылтуу”, – деди. О.э. ал: “ШКУ мүчө-мамлекеттеринин ишкер чөйрөлөрү арасында өз ара кызматташууну кеңейтүүнү сунуш кылабыз”, – деди. Мирзиёев ШКУнун алгачкы экономикалык форумун Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуш кылды. Булардын баары Кытайдын экономикалык максаттарын алга сүрүү болуп саналат.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон: “Аймакта туруктуулукту бузуу аракеттерине бирге каршы турушубуз зарыл. Тажикстан маалыматтык чөйрөдөгү жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөш боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр», – деди. Анын бул сөздөрүнүн мааниси жана максаты Казакстан президенти айткан кептен айырмасы жок. О.э. ал бул сөздөрү менен өзүн Путинди ээрчип жаткандай түр көрсөтүп, аны жоошутту да, эртеси Душанбеде өткөн саммиттен кийин, Кытай менен 18 документке кол койду.

Кыргызстанга Кытай башчысы саммиттен бир күн мурун келген. Кыргызстан президенти мусулмандарга кыянат кылууну ага сый катары тартуулады. Ал: “Кытайдагы улуттук азчылыктар боюнча маселе бул өлкөнүн ички иши деп эсептейбиз”,- деди. Ал муну менен Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубузга кыянат кылды. О.э. мындай көз карашты мусулмандар арасына сиңдирүү абдан кооптуу болуп саналат. Анткени, эртең эле Кытай Кыргызстанды басып алгыдай болсо, башка мусулман калктар “бул Кытай менен Кыргызстан ортосундагы иш” деп, мусулмандык-боордоштук көз карашына кайрылбай коюшат.

13-июнда «Кыргызстан-Кытай» бизнес-форуму болуп өттү. Анда 8 млрд долларлык 24 документке кол коюлду. Бул келишимдер Кыргызстандагы пайдалуу казылмалар жаатында, айрыкча, алтын боюнча түзүлдү. Визит жана саммит учурунда сүйлөнгөн сөздөр жана иш-аракеттердин бардыгынан Кыргызстан бийлиги Кытайдын экономикалык экспансиясына эшикти кең ачып койгону даана эле көрүнүп турат. Бирок, кыргыз бийлиги мунусу менен сыймыктанып жатат.

Саммиттин жүрүшүндө Жээнбеков уюм алкагындагы транспорттук-логистикалык байланыштарды күчөтүү зарылдыгын айтып: “Бул багытта биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү колдойбуз”, – деди (бул жол боюнча Өзбекстан президенти да айтты). Бирок, бул сунуш абада асылган бойдон калды, анткени, бул темир жолдун курулушу боюнча Россия менен Кытай кызыкчылыктары дал келбей жаткан шарттар бар.

Индияга келсек, ал ШКУга мүшкүлдөр жаратуусу үчүн, уюмга АКШ тарабынан киргизилген. Саммитте премьер-министр Нарендра Моди: “Террорчуларга жардам берип, аларды каржылаган өлкөлөр жоопко тартылышы керек”, – деди Моди. Ал муну менен Пакистанды назарда тутту. Бул ШКУ ичине Индия-Пакистан проблемасын тыгыштырууга алгачкы кадамдар болуп саналат (кези келгенде, Индия менен Пакистан биргеликте, уюм ичинде проблемалар жаратышы күтүлөт). О.э. Моди аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Ооганстан маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Мында ал АКШнын “Орто Азияны Афганистан аркылуу Азиянын башка өлкөлөрүнө интеграциялоо” долбоорун назарда тутту. Жана мына ушул долбоор алкагында 14-июнда кыргыз-индус бизнес форуму болуп өттү. Моди өкмөтү Кыргызстан менен 11 документке кол коюп кетти. 200 млн доллар кредит бере турган болду.

Тыянак

ШКУ саммитинде кол коюлган документтер арасынан эң негизгилери төмөнкүлөр болду:

– Санариптештирүү жана маалымат-коммуникациялык тармактарында ШКУ мүчөлөрүнүн кызматташтык Концепциясын бекитүү боюнча чечим (муну Россия Кыргызстан аркылуу демилгелеткен о.э. анда Кытайдын да кызыкчылыктары бар)

– ШКУ мүчөлөрүнүн аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү боюнча чечим (бул Кытайдын демилгеси, ал Кытайдын экономикалык экспансиясына кызмат кылат)

Жогорудагылардан маалым болгондой, ШКУ уюму анын кожоюндарынын колонизаторлук кызыкчылыктарына гана кызмат кылат. Мусулмандар империалисттердин мындай чеңгелинен өз Исламына кайтуу менен гана кутула алышат. Муну кафир колонизаторлор менен алардын малайлары болгон биздин акимдер жакшы билишет. Ошондуктан, алар “терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү” шылтоолору менен Исламга жана мусулмандарга каршы күрөшүшөт.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here