Чек ара чыры: “Баарыбыздын барар жайыбыз – ошол жер”…

562
0

Чек ара чыры: “Баарыбыздын барар жайыбыз – ошол жер”…

Маалым болгондой, 20-майда Кыргызстан менен Тажикстан чегарасында дагы бир ызы-чуу болуп өттү. Андан бери дагы ушуга окшош бир нече окуялар катталды. Бүгүнгө келип, абал жөнгө салынганына карабастан, бул эки өлкөнүн чек ара кызматтары элдин арасын бөлүп-жара турган билдирүүлөрдү таратып жатышат.

Тажик чек ара кызматы кыргызстандыктарды айыптап: “Эки айыл ортосундагы кабырстан бизге таандык, анткени, ата-бабаларыбыз ошол жайга жашырылып келген деген шылтоо менен, кыргызстандыктар Тажикстанга караштуу жерге кирип кетишти” деген билдирүү таратты.

Кыргыз чек ара кызматы болсо, бул участок тактала элек тилкелер катарына киришин билдирди.

Ушул орунда суроо туулат: эмнеге абал жөнгө салынды да, кайра эмнеге карама-каршылыктуу билдирүүлөр берилип жатат? Жооп эң эле жөнөкөй: мындай чыр-чатактар колонизаторлордун каалоолоруна жараша, биздин арабызда жандырылып-өчүрүлүп, күчөтүлүп-азайтылат. О.э. алардын кызыкчылыктарына ылайык, бул “от” ар дайым “чок” абалында сакталып турат. Ошондуктан, колонизаторлорго зарылдык болбогон кезде, абал жөнгө салынат; ал эми, аларга зарылдык туулуп калганда болсо, мамлекеттер ортосундагы согуш деңгээлине чейин көтөрүлөт. Ушуга ылайык, 20-майда болуп өткөн жана андан кийин да уланып жаткан бир катар чегара окуялары “чок”ту өчүрбөй кармап туруу түркүмүнө кирет.

Урматтуу мусулмандар, ушулардан келип чыгып, мындай окуяларга байланыштуу сиздерге насихатыбыз бар. Биз мусулмандарбыз. Ошондуктан, баарыбыз мындай окуялар жаатында мусулманча ой жүгүртүп, аларга карата мусулманча жандашуубуз керек. Мына мисалга, 20-майдагы окуяны алалы.

Ошол күнү бир мусулман адам дүйнөдөн өтүп, ахиретке сафар алды. Аллах мархумду рахматына алсын. Эми майитти жашыруу анын артында калган мусулмандарга фарз. Жаназа окулуп, таъзияга келген эл жасатты жайына тапшыруу үчүн кабырстанга барса, ал жакка Тажикстан чегарачылары өткөрүшпөйт… Эмнеге?.. Негизи алар да мусулмандар эле го… Биздин Кураныбыз бир, Пайгамбарыбыз бир… Биз улуту же мекенине карабастан, мархумдун жаназасына чогуу турабыз, аны кабырга чогуу коёбуз… Эгер бир кыргыз мусулман Тажикстан аймагында көзү өтүп кетсе жана аны көмө турган жакындары табылбай калса, ошол жерлик тажик биртуугандар жаназасын окуп, өз көрүстөрүндөрүнө сый менен жашырып коюшат. Эгер мындай окуя Кыргызстанда болуп калса, кыргызстандык мусулмандар да ушундай кылышат. “Баарыбыздын барар жайыбыз ушул жер” дешет…. же мындай эмеспи, ыя…

Демек, бул окуяда Исламга тескери иштер болуп кетти. Чегарачылар Аллахтын шариятын карманбастан, демократиядан келип чыккан мыйзамдарды карманышты. Ооба, алар муну өз жетекчилеринин буйругуна ылайык кылышты, ал жетекчилери болсо кафир кожоюндарынын буйруктары себептүү ушундай мыйзамдарды түзүшкөн жана алардын негизинде ушундай талаш-тартыштуу карталарды чийишкен! Муну менен мусулмандар арасы ажыратылып, алардын Ислам менен биригүүсүнө тоскоолдук кылынат. Ошондуктан да, ал жетекчилер элдерди бири-бирине тукура турган билдирүүлөрдү беришет! Чыр-чатактарды жөнгө салуу колдорунан келбей калгандан кийин болсо, аны жөнгөрүү үчүн, кайрадан ушул чыр-чатактардын башында турган кафир кожоюндарына кайрылышат. Мисалы, Кыргызстан чегара кызматынын билдирүүсүндөгү: “Мамлекеттик чегараларды делимитациялоо жана демаркациялоого тиешелүү бардык иштер эл аралык жана улуттук мыйзамчылык алкагында чечилиши керек” деген сөздөр ушуга далалат кылат.

Урматтуу мусулмандар, ошондуктан, кафирлер жана алардын малайлары сызып койгон карталар үчүн кырды-бычак болбоңуздар, анткени, алар силер үчүн жайылган тузак. Алар бизди бир метр жер үчүн уруштуруп коюп, бири-бирибизди “2 метр жерге” узаттырышат. Алардын тузагына түшсөк, талашкан жерлерибиз гектарлап өзүбүздүн кабырларыбызга айланып калат (мындан Аллах сактасын, бирок, мындай нерселерге дүйнөлүк тажрыйбалардан күбө болуп жүрөбүз). Мамлекеттерибиздин жерлери болсо бүтүндөй ошол колонизаторлордун колониясы болгон бойдон калат. Мисалы, биз бир карыш жер талашып жаткан учурдун дал өзүндө, Россия аскерий базалары канча жерлерибизди ээлеп жатат, Кытай канча жерлерибизди алып койду?.. Ошондуктан, урматтуу биртуугандар, алардын айла-амалдарынын курмандыгы болуп жүрө бербестен, мындай фитналарга каршы Исламий позициядан туруп күрөшүүбүз керек. Ал үчүн Исламыбызды үйрөнүп, Исламыбызга талпыналы жана Ислам менен биригели.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here