Сирия: саясий чечимге умтулган АКШ

494
0

Сирия: саясий чечимге умтулган АКШ

2011-жылы Сирияда бийликке каршы демонстрациялар башталып, бийликтин репрессиясы себептүү козголоң башталган. Элдин каршылыгы абдан күчтүү болгондуктан, АКШ өзүнүн малайы Башар Асадды куткаруу үчүн Сирияга Иранды жана Түркияны киргизди. Ага карабастан, Асад режиминин кулашына аз калды, ошондо Америка Россияны да Сирияга киргизип, Асад режимин кыйроодон куткарып калды. Россиянын тынымсыз бомбалоосу, Иран жана Асад күчтөрүнүн ырайымсыз чабуулу, Түркиянын алдап азгыруусу акыбетинде, бүгүн козголоңчулардын колунда бир гана Идлиб калды.

Эгер, АКШ буйрук кылса, Россия, Түркия, Иран жана Асад күчтөрү биргелешип Идлибди тез эле басып алууга кудуреттүү. Бирок, АКШ Сирияда аскерий чечимден көрө саясий чечимге жетүүгө урунууда. Себеби, аскерий чечим алсыз болот. «Асад режими менен тынчтык келишимин түзгөн оппозициялык топтор Асад күчтөрүнүн көзөмөл пункттарына чабуул кылышкандан улам Ас-Санамайн шаары (Асад режиминен) азат болду. Бул жагдай бир нече аймактардын өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүнөн чыгып кетишине алып келди» (Orient News, 23.05.19). Мына ушундайча, аскерий чечим адамдардын – жаңы болобу же эски болобу – бийликке моюн сунуусуна алып келбейт. Ошондуктан, АКШ Сирияда саясий чечимге жетишүүгө умтулууда.

Ал эми, АКШнын чакыруусу менен Сирияга кирген Россия аскерий чечимди колдоп жатат. Саясий чечим качан ишке ашары белгисиз, убакыттын созулушу менен болсо Россиянын Сириядагы чыгашасы улам көбөйүүдө. Ошондуктан, Россия Сирия маселесин аскерий жактан бат бүтүргөнгө урунуп, акыркы азат аймак эсептелген Идлибди бомбалоону күчөттү.

«Reuters» агенттиги Сириядагы козголоңчулардын өкүлдөрүнө таянып маалымдашынча, козголоңчулар Россия колдоп жаткан Сирия өкмөттүк күчтөрүнүн кеңири көлөмдүү чабуулуна каршы турушу үчүн, Түркия аларды куралдантууну күчөттү. «Козголоңчулардын өкүлдөрү айтышынча, Түркия Россияны Идлибдеги чыңалууну токтотууга көндүрө албагандан кийин, козголоңчуларды куралдантууну күчөтө баштаган» (Reuters, 25.05.19).

Бул болсо, Сириядагы кырдаал АКШ планы негизинде бара жатканын ырастап турат, башкача айтканда АКШ саясий чечимге ыктоодо.

Бирок, бардыгы билип коюшсун, кандай болбосун, Исламды талап кылып чыккан бул козголоң өз максатына жетмейин токтобойт.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here