НАТО Россияны атаандаш катары жок кылууга киришти

439
0

НАТО Россияны атаандаш катары жок кылууга киришти

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТО жаңы аскерий стратегиясын кабыл алууга  токтом кылганы жана бул токтом “Россия тараптан болуп жаткан ядролук коркунучка о.э. жаңы чакырыктарга” байланыштуу экендигин маалымдады. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлаган. 

“Штаб башчылары жаңы стратегияны тастыкташты, а бирок концепциядагы багыттар ачыкталган жок, себеби бул жашыруун документ”, – деп кабарлаган РИА “Новости”.

 “НАТОнун жаңы стратегиясы Россияны аскерий жана экономикалык атаандаш катары жок кылууга каратылган”, – деди Федерациялык Кеңештин эл аралык комитетинин мүчөсү Олег Морозов.

 “Альянстын пикиринде, Россия ядролук байгеден жеңилиши жана экономикалык жактан киризиске учурашы керек. Мындан тышкары, НАТО РФ өкмөтү өзгөрүшүнөн үмүттөнүүдө”, –  деген пикирин билдирди сенатор.

 Буга чейин РФ Коргоо министри Сергей Шойгу альянстын Россия чек арасындагы аскерий инфраструктураларды өздөштүрүүсү, Кара жана Балтика деңиздеринде активдешүүсү “чыңалуунун күчөшүнө себеп болууда жана Россиядан жооп иретинде ушуга ылайык аракеттерди талап кылууда” деген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here