Тунис режими өлкөнү колонизаторлор «мандатына» киргизди

335
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис режими өлкөнү колонизаторлор «мандатына» киргизди

Устаз Мухаммаднасир Шувайха

Хизб-ут-Тахрир – Тунис вилаятынын маалымат бөлүмүнүн төрагасы

Кечеги күн менен бүгүнкү күн бири-бирине окшош болуп калды. Тунистин бүгүнкү абалы да кечегисинен айырмаланбай жатат. 19-кылымдагы колонизатор мамлекеттер Тунис ишине мурдун салып, ошол убактагы Тунис жетекчилери чет элдик консулдуктардын кол астында калган эле. Бир тараптан Франция, экинчи тараптан Британия, дагы бир тараптан Италия консулдугу Тунистин жетекчилерин жана министрлерин бөлүп алып, буйрук кылып турушту жана кандай саясат жүргүзүүнү үйрөтүштү. Акыбетте, өлкө колонизатор мамлекеттерге карызга малынды. Тунис финансылык «комиссиясы» Франция, Британия жана Италия көзөмөлүнө өттү. Акыры, 1881-жылдагы баскынчылык жүз берди.

Ко-ош, бүгүнчү?! Бүгүн да колонизатор мамлекеттердин (Британия, Америка жана Франция) расмийлери Туниске тынымсыз сапарларды жасап, бири кетсе, экинчиси келүүдө. Британия элчисинин өлкөнүн ар аймагында жүрүшү адаттагы абалга айланды. Ал борбор каланын турактарында жаштардын Интернет радиосунун ачылыш ырысымына катышып жатканын, Тунис түндүгүндөгү бир шаарчада «үлгүлүү коопсуздук» борборунун ачылыш ырысымына катышып жатканын көрүп жатабыз, же өлкө түштүгүндөгү Сафакис шаарында нефть жана газ казуу участкаларын барганына, же болбосо Татавин шаарчасында коом өкүлдөрү менен жолугушуп жатканына күбө болуп турабыз. АКШ элчиси да майдандан сыртта калбады. Ал ушул жылы январда элчилик кызматына дайындалгандан бери расмийлер менен жолугушканы-жолугушкан. Кийин ал өлкөнүн чар тарабына сапарларды баштады: Маданин шаарына барып, коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жергиликтүү бөлүмүнүн ачылышына катышты, кийин түштүктөгү Кибиллий шаарынын мэриясына барды, кийин түштүк-батыштагы бир шаарга өтүп, «салттуу өнөр жай мектебин» барып көрдү. Франция элчисинин да түрдүү-түркүн барбаган жери калбады.

Ооба, Тунис тебелеп-тепселди жана колонизаторлордун короосуна айланды. Алардын элчилери өлкөдө кудум Тунис акимдериндей жана токтом ээлери сымал шүмшүңдөп жүрүшөт. Алар жардам көрсөтүү, келишимдерге кол коюу, келишимдерди узартуу үчүн жолугушуу… менен алек. Тунис акимдерине келсек, алар бул элчилердин келишине дарбазаларды ачып берип, коопсуздуктарын камсыздоо менен алек. Бул колонизатор мамлекеттер, өзгөчө, Британия Тунис акимдери менен пландар, долбоорлор жана аткаруулар туурасында өлкө саясатына түздөн-түз аралашуу укугун камсыздаган келишимдерге кол коюшкан. Британия Тунис менен стратегиялык келишимге кол койду. Мисалы, Британия премьер-министрдин кызыкчылыктарын кайра карап чыкты, тышкы иштер министрлиги, финансы министрлиги, таалим министрлиги жана коргоо министрлиги менен коопсуздук, адам укуктары боюнча стратегиялык кызматташтык келишимине кол койду. Булардын баары Британиянын мамлекеттин маанилүү жерлерине кирип барышын, пландар, долбоорлор жана аткаруулар боюнча колу дагы да узарышын камсыздайт.

Америка да майдандан четте калбады. Тунисти мажбурлап НАТО мүчөлүгүнө талапкер мамлекетке айлантты. Ал өлкөдө разведка бюроларун ачып, аларды региондо тыңчылык кылган базага, Түндүк Африканы күзөткөн борборго айлантты. Тунис акимдеринин жардамы менен Америка Бизирта шаарындагы Сиди Ахмад базасында аскерий аэродром ачып, ал жерден учкучсуз башкарылган самолётторду учуруп жатат жана ушул аркылуу Алжир жана Ливияны күзөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Экономикага келсек, европалык жана америкалык «достордун насааты» өлкөнү кырсыктуу карыз баткагына батырды. Эл аралык Валюта Фонду менен Дүйнөлүк Банк Тунис каражаттарын мурдагыдан да катаал күзөтө баштады жана мурдагыдан да ырайымсыз шарттарды коюшууда. Токтомдор ушул уюмдардын миссияларын кезек-кезеги менен күзөтүүчү, текшерүүчү, кийин буйрук берүүчү миссияларга айлантты. Бул болсо, өлкө башкаруусу тажрыйбалуу адамдардын колунда эмес, ушул эки эл аралык уюмдун арамза кимселеринин колунда калганын, алар калктын ачуусуна жана нааразылыктарына карабастан, токтом-буйруктар чыгарып жатышканын түшүндүрөт. Бул эл аралык уюмдар жакында Вашингтондо «Жаз жолугушуусун» өткөрдү, бул жолугушуудан жылжып чыккан жаңы кабарлар өтө карамүртөз нерселерден эскертүүдө. Себеби, Дүйнөлүк Банк электр компаниясына «нааразы». Бул болсо, Дүйнөлүк Банк жакында электр компаниясына өкүмдар болушун, Европа Союзу менен кеңири көлөмдүү келишим туурасында алып барып жаткан сүйлөшүүлөрүн аяктоочу баскычка алып келгенин түшүндүрөт. Негизи, эксперттер бул келишимден эскертишип, бул Тунисти, анын флотун жана калкын европалыктар «ырайымына» көз каранды кылган келишим экенин билдиришти!

Кыскасы, Тунистеги аткаминерлер өлкөнү колонизаторлордун «мандатына» киргизип коюшту:

Өкүлдөр палатасынын ролу – эл аралык күчтөр кабыл алып жаткан токтомдор үчүн зарыл болгон мыйзамдарды иштеп чыгуу. Өкмөт болсо, колонизаторлордун талабын аткаруудан башка ролду билбейт. Бирер өкмөт Батыш саясатын жана кызыкчылыктарын камсыздай албай калса, зарыл токтомдорду кабыл алуу үчүн өкмөт алмаштырылат. «Өкмөт өз жоопкерчилигин аткара албай калды, натыйжада өнөр жай компаниялары иштебей калып, фосфат өндүрүү токтоп калды, өз кезегинде, бул үлкөн «реформаларды» токтотуп койду» деп чыгышат. Демек, Тунистеги ар кандай өкмөттүн вазыйфасы өлкө калкын былыктык саясаттан куткаруу эмес, тескерисинче, колонизатор мамлекеттердин компанияларын куткаруу, фосфат казып алынууну кайра жолго кою талап-тоноочулукту камсыздоо, өлкө байлыктарынан өз акысын талап кылып чыккандарды бастыруу. Ушул күндөрдө «Европа Союзу менен терең кызматташуу» боюнча келишим аяктап жатканы туурасындагы кабарларды тынымсыз угуп жатабыз. Бул келишим европалыктарга Тунис флотун жана кызмат көрсөтүү секторлорун толук көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Премьер-министр 2018-жылы апрелде Европага жасаган сапары учурунда Тунис бул келишимге 2019-жылы кол коюшуна убада берген. Бул келишимди ишке ашырууга байланыштуу «улуттук кеңеш» 2019-жылы 29-апрелде башталышын баса белгилеп, өкмөт кудум бул кызматташтыкка кеңешсиз таптакыр кол койбошун айткан.

Тунис кризиси – бийлик жетекчилери. Өкмөт даражасында да, оппозиция даражасында да кризис ушулар. Буга себеп, алар баары Батышка кулдук кылуу идеясы менен тарбияланышты жана Батышка «ашык» болушту. Батышты үлгү жана өлчөө кылып алып, анын кучагына жүгүрүштү. Алар Умматка жат, алар Аллахтын Китебинен жана Расулу ﷺдын суннатынан жүз үйрүштү, мыйзамдардын Аллах Таала тарабынан болушуна ыраазы болушпады, Батыш мыйзамдарын манхаж жана жол кылып алышты. Мына, президент Каид Сабсий бизге Куръани Каримдин алакасы жок деген мазмундагы билдирүүлөрдү берүүнү улантып жатат. Ал: «Обама Тунис жөнүндө сүйлөгөндө АКШ конгресси аны алкыштады, бул болсо, биз туура жолдо экенибизди жана бул жолдон таптакыр четке чыкпашыбызды түшүндүрөт», деген. (2011-жыл, март). Бажи Тунистеги козголоңдон кийин өлкөгө убактылуу премьер-министр болгон күнү ушундай сөздөрдү айткан. Бул сөздөрдөн тунистик саясатчылар кандай пикир жүргүзүшү көрүнүп жатат. Т.а. алардын аракети – капиталисттик Батыш мамлекеттеринин ортомчулугусуз бир да саясат кабыл албоо жана бир кадам да таштабоо, Батыш мамлекеттериндеги токтом ээлерине жарыша кулдук кылуу. О.э. бул партиялардын колунда бир долбоор – Европа же Американын Тунисти колдоп-кубатташын кепилдөө мүмкүнчүлүгүн берген долбоор бар. Бул мүмкүнчүлүк колонизатор Батыш мамлекеттериндеги токтом ээлеринин кызыкчылыгын кепилдөө мүмкүнчүлүгү дегенди түшүндүрөт.

Бажи жана анын айланасындагы расмий чөйрөнүн «туура жолу» мына ушул. Бул кордук жана шерменделик жолу, душмандан нажат суроо тарыйкаты. Бул жол бүгүн Тунисти кыйроо жакасына алып келди. Тунис душмандарды ыраазы кылуу үчүн өз дининен баш тарткан, мамлекет ар кандай байлыктарга мол болуп туруп, өз калкын ач калтырган, өлкөсүн душманга көз каранды кылган, акимдердин колу менен өлкө байлыктарын колонизатор компанияларга талатып койгон ыплас мамлекет болуп калды!

Тунистеги абал мына ушундай. Бирок, Тунис калкы бүткүл саясий тайпа (өкмөт, оппозиция жана уюмдар) саткын тайпа экенин түшүнүп жетишти, жада калса андан жүз үйрүп, аларга ишенбей турган болушту. Бүгүн алар калыс чынчыл аң-сезимдүү жетекчиликти издешүүдө, Хизб-ут-Тахрирге, анын жетекчилигине жана долбооруна көз сала башташты. Алдыда бир гана иш калды. Ал – мындай саясий тайпаны четке кагып, аларды түп-тамыры менен кулатуу, алар менен бирге колонизатор Батыштын таасирин да өлкөдөн чыгаруу үчүн коомдогу күч-кубат ээлери даъватты кабыл алуусу керек.

Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here