Накбага жетимиш бир жыл

373
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Накбага жетимиш бир жыл

Мубарак жер болсо дагы эле азаттыкка ынтызар!

Ислам Умматы жыл сайын он бешинчи майда яхудийлер Фалестинаны басып алып, анын пакиза топурагына өзүлөрүнүн жийиркеничтүү вужудду тикелеген каргаша күндү эске алат. Яхудий вужуду ибраний календарь боюнча бешинчи май күнү «эгемендүүлүк майрамын» белгиледи. Ушуга байланыштуу бул вужуддун президенти Фалестинадагы бардык яхудийлерди куттуктады.

Ушул окуяга карата мубарак Фалестина жери жана ушул күндөрдө ага каршы уюштурулуп жаткан фитналарга токтолуп өтөбүз. Кресттүү Батыш жана мусулман акимдеринин жардамы менен уюштурулуп жаткан бул фитналар Фалестина маселесин жок кылууга жана яхудийлердин вужудун бекемдөөгө багытталган:

  1. Уммат жыл сайын учурап бул накба-каргашанын бир гана себеби бар. Ал да болсо, Умматтын жерин, намысын жана жанын сактай турган камкор коргоочу жок. Исламды колдонуп, аны бүткүл адамзатка изгилик жана хидаят катары жеткире турган, Умматтын бардык маддий жана маънавий байлыктарын коргой турган мамлекет жок. Уммат ушул камкор коргоочуну жоготкондо Фалестина жана башка мусулман өлкөлөрү текке кетти.
  2. Фалестинага каршы тил бириктирүү токтогон жок. Тескерисинче, айлакер жана ыплас ниеттер менен жаңы-жаңы фитналар, айла-амалдар тузагы ишке ашырылууда. Бул жаңы тузак биринчи Сайкс-Пико жана Бальфур декларацияларынан башталды, кийин Кемп-Дэвид, Осло жана Вадий Араба декларацияларына кол коюлду, англистер Фалестинаны басып алып, анын мубарак жерине яхудийлерди алып келишти. Муну менен кылым келишимине чөйрө жаратылды. Бир нече күн мурда Ак үй башкы кеңешчиси Кушнер «кылым келишимин» Рамазан айынан кийин жарыя кылышын маалымдады. Басма сөз бул тил бириктирүү жөнүндө айрым маселелерди ачыктады. Мисалы «Маан» маалымат агенттиги 2019-жылы 7-май күнү яхудийлердин өкмөткө караштуу айрым гезиттеринен цитата келтирди. Анда, чоң турак-жайларды курган топтор баскынчы яхудийлер жашаган жерлерге кошулуу жана ал жерге «в» региондорунан чоң майданды кошуп, бир топко айлантуу максатында курулуш иштерин кеңейткен. О.э. цитатада тышкы чегаралардын коопсуздугу яхудийлердин колунда болушу үчүн яхудий армиясы Иордания өрөөнүнө киргени айтылат. Мисир болсо, Газа жаатында иш алып барат. Газага жакын Синай регионунда өнөр жай, соода-сатык жана порт региондорун тикелөө көздөлгөн. Фалестинанын ички жана тышкы коопсуздугу яхудийлердин жоопкерчилиги астында болот, Фалестинадагы жаңы өкмөт яхудийлерге ушул коргоо үчүн акча төлөйт. Гезиттерде Куддус жана анын макамы жөнүдө да айтылган.
  3. Яхудийлер Фалестина жерин басып алышкан жана бул шаръий акыйкат болуп, эч качан өзгөрбөйт. Яхудийлер эл аралык колдоп-кубаттоо аркылуу кол коюшкан ар бир келишим мусулман акимдеринин жардамы менен ишке ашууда. Бул акимдерге мусулмандар ыраазы болушпайт. Мусулмандар яхудийлердин жырткычтыгынан, Фалестинаны текке кетирүүдөн кутулуу үчүн көп ирет козголоң кылышты. Бул жөнүндө яхудий вужудунун премьер-министри 2017-жылы 22-ноябрда Кемп-Дэвид келишиминин кырк жылдыгына (1978-ж) карата өткөрүлгөн яхудийлер кнессети алдында сөз сүйлөдү: «Тынчтыкты кеңейтүү алдында чоң тоскоолдук бар, бул, айланабыздагы өлкөлөрдүн жетекчилер эмес, араб көчөлөрүндөгү эл. Араб көчөлөрү узак жылдардан бери мээни жууш амалиятына туш келди. Туура эмес пикирге ээ болгон жана «Израиль» мамлекетине каршы болгон араб көчөлөрүн мындай пикирден азат кылуу, «Израилди» түпкү көрүнүшүн көрсөтүү оңой болбойт».

Эгер, Умматка Фалестинанын азаттыгы үчүн жихад кылууга жол берилсе, анын миллиондогон перзенттерин Куддус дарбазалары алдында такбир-тахлилдер менен кыйкырып, Фалестина азаттыгын талап кылууларына күбө болуу мүмкүн. Бул жөнүндө 2011-жылда яхудий раввиндеринин бири Тель-Авив жана басып алынган Куддустагы диний окуу жайларда студенттер менен жолугушуусу учурунда мындай деген: «Мен силерге мындай суроо берсем, кантип жооб берет элеңер: эгер миллиондогон мусулман «Израилге» бастырып келсе, эмне кылабыз?! Табигый болгондой, айланабыздагы араб регионунда бир жарым миллиард мусулман жашап жатат, көрүп турасыңар, «Израиль» армиясынын жарым миллиондон да аз адамды бастыра албай жатат. Анда, эмне кылабыз?!

  • Ооба, Батыш яхудий вужуду исламий дүйнөнүн борборунда болушун, Исламга жана Исламдын турмушка кайтышына каршы согушта алдыңкы линияда турушун каалады. Батыш бул вужудду пайда кылууга Халифалык кулатылгандан кийин чөйрө даярдады жана 1948-жылы мамлекет катары тикелөөгө жетишти.
  • Акса жана анын айланасындагы жерлер ушунча убакыт баскынчылык астында калганы Ислам Умматынын жарык күндөргө жана нусратка карай козголушу үчүн куш кабар вазыйпасын өтөп келди. Кресттүүлөр жер жүзүндө бузукулук кылып, көптөгөн мусулман өлкөлөрүн басып алышты. Аксаны жана анын мубарак жерин басып алышканда Уммат жардамга аттанды, кандай нерселерге туш келгенин аңдады жана мунун себептерин үйрөндү. Ошол убактагы уламалар Умматка мындай жол көрсөтүштү: Умматтын азабына жана алсырашына Умматтын бөлүнгөнү жана динден алысташканы, (фатимийлер сыяктуу) кээ бир акимдердин Акса жерине жана мечитине кыянат кылышканы себеп болду. Крестке сыйынуучулар Акса жана анын мубарак жерин басып алышканы аларды кыйратууга, Умматтын кайра күч-кубатка толушуна жана нур тарыхына кайтышына себеп болду. Уммат арасынан Али Зангий, Салахиддин Айюбийлер чыгышты, Мисир жана Шамда Умматты Ислам байрагы астында бириктиришти. Бул кресттүүлөр менен салгылашууга даярдык болду. Эки жүз жыл мусулмандардын көпчүлүк жерлери баскынчылык астында болуп, токсон бир жыл Аксада азан да айтылбай, намаз да окулбай баскынчылык астында калышы артынан Хиттин согушу болду. Дал ушул нерсе монголдор доорунда да жүз берди. Монголдордун баскынчылыгы мусулмандар Фалестина жерин дагы бир ирет бириктирүүлөрүнө себеп болду. Алар мамлуктар командачылыгы астында жүрүш кылып монголдорду жок кылууга жетишишти.
  • Ислам Умматы тирүү уммат. Сисий, Сабсий, Сауддар жана Булуң амирлери сыпаттагандай Уммат эмес. Уммат кресттүүлөр жана монголдор үстүнөн нусратка жетишти, кресттүүлөрдүн Испания өлкөлөрүндөгү чабуулдарын улуу кол башчы Юсуф ибн Ташфин амирлиги астында кыйратты. О.э. Уммат Халифалык кулатылгандан кийин колонизаторлукка каршы алгачкы ирет козголду жана жерлерден аны чыгарып таштады. Мусулман акимдери Умматтын дининен алыстап, Фалестинаны текке кетиришкендиктен о.э. Ирак жана Афганистанга каршы кресттүүлөр менен союздаш болуу акыбетинде аларга каршы көп ирет козголоң кылды. Уммат акимдерге каршы көтөрүлүүдө. Зулум, кордук, колонизаторлорго көз карандылык, жакырчылык, бөлүнүү жана улуттарга көз каранды болуу үчүн дагы эле козголоң кылууда. Бул болсо, Умматтын Роббиси айткан ушул каламдын тастыгы болот:

كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَلَوْ آمَنَ أَهْلُ الْكِتَابِ لَكَانَ خَيْراً لَّهُم مِّنْهُمُ الْمُؤْمِنُونَ وَأَكْثَرُهُمُ الْفَاسِقُونَ

«Адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар. Анткени, силер маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер. Эгер, ахли китептер да ыйман келтиришкенде, өздөрү үчүн жакшы болоор эле. Алардын момундары да бар жана (бирок) алардын көпчүлүгү фасыктар»  [3:110]

О.э. Расулуллах ﷺдын бул сөздөрүнүн да тастыгы:

«مَثَلُ أُمَّتِي كَمَثَلِ الْغَيْث لَا يَدْرِي أَوَّلُهُ خَيْرٌ أَوْ آخِرُهُ»

«Менин Умматым кудум жамгырга окшойт. Анын башталышы жакшыбы, же аягыбы билип болбойт». (Имам Ахмад, «Муснад»).

Сөзүбүздүн аягында ушул кайгы күндү эскерип мындай дейбиз, Аксанын басып алынышы Умматка эки ирет (кресттүүлөр жана монголдор доорунда) күч-кубатын кайтарган. Эми, дагы бул ирет да Уммат күч-кубатын кайтарат жана кудум фатимийлер заманында Аксага кыянаттык кылган акимдерди кулаткандай бүгүнкү күндө козголуп, саткын акимдерди да, Аллахтын уруксаты менен, албетте кулатат. Батыш Умматка, өзгөчө Аксага каршы айла-амал кылган соң, Аллах Азза ва Жалланын ирадасы менен, бул айла-амалы Аллахтын ушул акимдерге айла-амал кылышына себеп болот. Мына ошондо Уммат кайрадан акимдердин Фалестинаны текке кетирүү тил бириктирүүсүн жокко чыгарат. Яхудийлер Умматты дининен алыстатууга урунуп жатышкан соң, бул аракеттери Умматтын күч-кубатын жана биримдигин кайра тикелешине себеп болот.

Ушундай мубарак айда турабыз, Аллах Таалага дуа кылып, бизди Ислам Халифалыгы жана Ислм байрагы астында баарыбызга мархамат кылышын, ушул Рамазанды күч-кудурет жана нусраттар менен жакшылык дарбазаларына ачкыч кылышын сурайбыз.

Роя гезити, №234, 2019-жыл, 15-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here