Трамптын 10 миң жалган билдирүүсү

314
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Трамптын 10 миң жалган билдирүүсү

Аны ээрчигендерге кыйроо болсун

 «Арабий 21» сайты хижрий 1440-жылы 23-шаъбан, миладий 2019-жылы 29-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«АКШда чыккан «Вашингтон Пост» гезити ачыктаган статистикалык маалыматка ылайык, президент Дональд Трамптын жалган билдирүүлөрүнүн саны 10 миңден ашкан.

«Фактыларды аныктоо» тобу алып барган бул статистика Трамп президенттигинин алгачкы жүз күнүн гана өз ичине алышы күтүлгөн. Бирок, бул амалият кийин да улантылды.

Бул билдирүүлөрдүн 22 %ы Трамптын «Американы кайра улуу мамлекетке айлантыла» деп аталган жолугушууларында айтылган, «президент бул жолугушууларда чындыктан жана фактылардан бүтүндөй алысташып кеткен» делет гезитте.

Гезитте «Трамп өз билдирүүлөрүндө жана кайрылууларында бирдей туура эмес сөздөрдү кайталай берген» деп баса белгиленген.

Трамп өз кызматын 2017-жылы январда баштагандан бери бул гезит анын 21 билдирүүсү жалган экенин ачыктаган жана жыйырма бирдин кеминде жыйырмасын Трамп кайра-кайра кайталаган».

Роя гезити:

Мына силерге, бузгунчу капиталисттик системанын кесепети. Ахлагы жана баалуулугу болуп көрбөгөн даражада төмөндүккө түшкөн эл аралык түзүм кылмышкерлер, жалганчылар, бузгунчулар жана гомосексуалисттер тарабынан башкарылууда. Алардын жетекчилери – АКШ президенти Трамп, орус канкору Путин о.э. кылмыш жана бузгунчулукта бул экөөсүнөн артта калбаган башка Батыш мамлекеттеринин башчылары.

Бу болсо, капиталисттик система жана анын режимдери өкүмдарлык кылган доордо дүйнө төмөндүккө кулап бара жатканын түшүндүрөт. Элдин тагдырын жалганчы же бузгунчу кимсенин колуна кантип тыпшыруу мүмкүн?! Кантип, каркамүртөздүгүн айтууга тил ажыз кимселер бүткүл дүйнө саясатын белгилеп берет?! Табигый суроо туулат: бул жетекчилер өз калкына жалган сүйлөп жатса, дүйнө элине, өзгөчө жек көрүшкөн мусулмандарга чын сүйлөйбү?! Булардан кийин, Батыш маданиятына ашык болгондор кандай шылтоо айтышар экен, элди колонизаторлордун жалгандарына ишендирип, алардын чириген арканын кармап, эл аралык токтом жана долбоорлорун аткарып жатышканы жөнүндө кантип актанышар экен?!

Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here