Яманда ымыркайлар тынымсыз кыргын кылынууда

397
0

Яманда ымыркайлар тынымсыз кыргын кылынууда

Ал эми, аларды кыргын кылып жаткандар болсо тынчтыкты орното турган ортомчулук ролду аткарышууда

БУУ 26-апрелде жарыялаган отчётко ылайык, 2019-жылдын акырына барып Ямандагы согуш себептүү курман болгондордун саны 230 миңден ашары күтүлүүдө. «Яманда курчуп бара жаткан согуштун акыбеттерин үйрөнүү» деп аталган изилдөөнүн корутундусунда көрсөтүлүшүнчө, 2015-2019-жылдары ачкачылык, оору жана медицианылык жардамдардын жетишпестиги сыяктуу согуштун кошумча акыбеттери себептүү 131 миң ямандык көз жумган. БУУ маалыматына ылайык, жылдын акырына барып аскерий амалияттардын натыйжасында 102 миң киши өлүмгө учурашы күтүлүүдө. Бул отчёттун автору Ямандагы согушту «суук согуш бүткөндөн кийинки эң таасирдүү ички чыр-чатактардын бири» деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Яман жаңжалында курман болгондордун көпчүлүгү беш жашка толбогон жаш балдардан турат. Ямандагы бул согуштан жана анын кошумча акыбеттеринен ар бир 12 мүнөт сайын бир бала көз жумууда. Жардам көрсөткөн уюмдардын божомолунда, 2015-жылдан бери дээрлик 85 миң жаш бала ачкачылыктан өлгөн жана миллиондогон бала ачарчылык астында турат.

Яман үстүндө Британия-Америка колонизаторлук согушу жүрүп жатат. Колонизаторлордун бул өлкөдөгү кызыкчылыктарын жана өлкө ресурстарын өз колуна алышын камсыздоо үчүн регионалдык жана жергиликтүү кылмышкер малайлардын колу менен алып барылган бул согуш өлкөнүн инфраструктурасын бүтүндөй бүлгүнгө учуратып, Яман элине кырсык, ачарчылык жана бактысыздык алып келди. Бул согуш Ямандын келечек муунун аста-секин кыйратууда. Яман балдары инсанийликти билбеген ыплас капиталисттик мамлекеттердин ач көздүгүнүн курманы болушууда. Бул мамлекеттер үчүн мындай саясий оюндар кырсыктуу гуманитардык кризиске алып келери таптакыр маанилүү эмес. Эгер, адамдарды ачка калтыруу алардын кызыкчылыгына кызмат кылса, алар экиленбестен адамдарды ачкачылыкка кириптер кылышат. Яман согушу башталгандан бери Америка Саудия жетектеген коалицияга миллиарддаган долларлык куралдарды берди, андан тышкары, аларды күйүүчү май менен камсыздап, разведка маалыматтарын жеткирип берип турду. Британия да 2015-жылдан бери Саудияга дээрлик 5 миллиард долларлык курал, аскерий жана учкучсуз башкарылган учактарды жана ракеталарды сатты. Ал эми, Бириккен Улуттар Уюму согушту созууга жана ачка калган элдин азык-түлүгү менен соода кылып пайда көрүүгө аракет кылууда. Бул уюм жардам жана гранттарды тартуу үчүн «Яман кырсыктуу ачарчылыкка жакындашып калды» деп күнү-түнү жар салууда. Донор мамлекеттердин конференцияларында чогулган каражаттар уурдалып, алар Яманда Американын планын аткарып жаткан эл аралык жана жергиликтүү уюмдарга жеткирилүүдө. Бул каражаттардын негизги бөлүгү бул уюмдар үчүн кызматкерлерди жалдоого жана уюмдардын кызматкерлерине чоң маяна берип, азгыруу аркылуу аларды пикирий жана ахлакий жактан бузууга сарпталууда.

Яманда согуш башталгандан бери донор мамлекеттерден 8 миллиард доллардан ашык каражат чогулткан Бириккен Улуттар Уюмуна ишенүүгө болобу? Бул каражаттар БУУга караштуу ондогон агенттиктерге берилген. Бирок, Яман калкы дале жакырчылыктан, ачарчылыктан жана ар кандай жугуштуу оорулардан азап тартууда. БУУ да, башка уюмдар да Яман элинин эч бир маселесин чечишпеди. Тескерисинче, алар бул кризисти алып келишти. Алар азап тартып жаткан Яман элин шылтоолоп, миллирддаган доллар каражаттарды басып алып, Яман калкына болсо күкүмдөрдү беришүүдө.

Андыктан, табигый суроо туулат: бул согушка тукургандар, аны каржылап алоолонткондор жана бул үрөй учурган согуш астында кол куушуруп тургандар тынчтык орнотуу үчүн ортомчулук кылып, Ямандагы мусулман ымыркайлардын кыргын болушун токтотууга аракет кылып жатышат дегенге ишенүү мүмкүнбү?! Алар Яман элинин кызыкчылыгы үчүн араккет кылып жатышат дегенге ишенүү мүмкүнбү?! 26-апрель күнү Лондондо БУУ калкасы астында Британия тышкы иштер министрлиги менен Америка, Саудия жана Амирликтердин өкүлдөрү ортосунда «тынчтык сүйлөшүүлөрү» болуп өттү. Мындай сүйлөшүүлөр Яман мусулмандарына жакшылык алып келбейт. Анткени, алар – олжо талашып өз ара күрөшүп жаткан жырткычтар. Аллах Таала айтат:

وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لاَ تُفْسِدُواْ فِي الأَرْضِ قَالُواْ إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ * أَلا إِنَّهُمْ هُمُ الْمُفْسِدُونَ وَلَـكِن لاَّ يَشْعُرُونَ

«Аларга: Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла, делсе, биз оңдоочубуз, дешет. Байкагыла, алар албетте бузукулар, бирок, өздөрү муну сезишпейт» [2:11-12]

Эй, Яман мусулмандары! Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө даъватына жардам берүүгө шашылгыла. Анткени, бул – балдарыңарды жана үй-бүлөңөрдү массалык кыргындан сактап калуунун жалгыз жолу. Халифалык өлкөңөрдөгү колонизаторлордун аралашуусуна бүтүндөй чекит коёт, Яман мусулмандарынын жүрөктөрүн Исламий акыйда жана шаръий өкүмдөр негизинде бириктирет. О.э. Халифалык өз жарандарын бөлбөстөн, анын өкүмүнө моюн сунган ар бир адамды коргоого алат, аларды жогору даражадагы таалим жана медицина менен камсыздайт.

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жаатынын башчысы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here