Капиталисттик түзүмдө коррупцияга каршы күрөш маселеси курулай сөздөн башка нерсе эмес

490
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Капиталисттик түзүмдө коррупцияга каршы күрөш маселеси курулай сөздөн башка нерсе эмес

Танзания боюнча алып барылган акыркы отчёттон маалым болгондой, жалаң гана пайда өлчөөсүнө таянган капиталисттик түзүмдө коррупция жана мыйзамсыз байлык арттырууга каршы күрөш маселеси курулай сөз бойдон калууда. Режимдеги айрым кишилердин бул жаатта олуттуу күрөш алып барып жатканы жөнүндөгү сөздөрү эч бир мааниге ээ эмес. Анткени, режимдин курамында болгон киши мындай жемкорлукту жоё албайт.

Хизб-ут-Тахрир–Танзания маалымат бөлүмү бул маселе жөнүндө билдирүү чыгарды. Билдирүүдө мындай делет: «Өзүн коррупцияга каршы күрөшкөндөрдүн катарына кошкон Танзания өкмөтү мурунку өкмөттөрдөн айырмаланбайт. Жада калса, бул өкмөт мурункулардан да жаман десе болот. Анткени, 2017-2018-жылдарга карата аудитордук (CAG) отчёттон өкмөт мыйзамсыз соода жана мамлекет казынасына тиешелүү шектүү келишимдер аркылуу миллиарддаган шиллингди өздөштүрүп алганы маалым болду». Билдирүүдө баса белгиленишинче: «Негизи, бардык демократ саясатчылардын ташбиши элге кызмат кылууну шылтоолоп өкмөттөн пайдаланып калуу болуп, алар элдин мүлкүн талап-тоноодон башка нерсени билишпейт. Аллахтын алдында да, пенделердин алдында да жооп берүүдөн коркушпайт. Анткени, алар илманийлик пикирлери менен суугарылган, илманийликте Аллахка жүздөнүү деген нерсе таптакыр жок. Исламда болсо, саясат – бул инсандарды камкордук менен башкаруу, бийликтеги саясатчылар катардагы инсандар тарабынан көзөмөлдөнүп, кыянаттык кылышса мазолим сотуна тартылышат, андан тышкары, аларды ахыретте эң катуу эсеп-китеп күтүп турат. Арийне, Исламда саясат – бул пайда табуу эмес, балким Аллах Субханаху ва Тааладан коркуп аткаруу шарт болгон жоопкерчилик». Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Демек, исламий башкарууда т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмүндө бүгүн капиталисттик түзүмдө болуп жаткан башаламандык да, коррупция да болбостугу табигый.

Роя гезити, №233, 2019-жыл, 8-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here