Хизб-ут-Тахрир–Голландия делегациясы Кытай элчилигине барды

305
0

Роя гезити:

Хизб-ут-Тахрир–Голландия делегациясы уйгур мусулмандарга каршы алып барылган репрессиячыл саясатты каралоо үчүн Кытай элчилигине барды

Уйгур мусулмандарына колдоо көрсөтүү кампаниясынын алкагында 2019-жылы 10-апрель күнү Хизб-ут-Тахрир–Голландия Гаагадагы Кытай элчилигине өз делегациясын жиберди. Максат, Кытай режиминин Чыгыш Түркстан мусулмандарына каршы жүргүзүп жаткан репрессиячыл саясатын каралоо.

Хизб-ут-Тахрир–Голландия жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Делегация расмий кайрылуубузду тапшырмакчы болгон, бирок, бул диктатор режимдин өкүлдөрү кайрылуубузду кабыл алуудан баш тартты. Бизди сурак кылуу үчүн полиция да чакырышты. Бирок, биз миллиондогон эркек, аял жана балдарды камак лагерлерине таштап жаткан бул режимден мындан башкача мамиле күтпөгөнбүз. Негизи, азыр биз сүйлөшүп жаткан учурда, Чыгыш Түркстанда тектик «тазалоо» амалияты жүрүп жатат. Кытай режими уйгур мусулмандарын Исламдан баш тартууга мажбурлап, жырткыч репрессия алып барышууда. Бул абалды бүгүн эл аралык коомчулук көрүп, көрөрман болуп турушат.

Биздин айтоор сөзүбүз ушул, балким, учурда экономикалык же башка себептерден улам уйгур мусулмандары унутулуп жаткандыр. Бирок, биз эл аралык коомчулукка ушуну баса белгилейбиз, Ислам Умматы уйгур мусулмандары башынан өткөрүп жаткан азап-кыйынчылыктарды эч качан унутпайт. Ушул себептен улам, Ислам Умматы өз кубатын кайра жамдашы үчүн Умматты жалгыз Исламий жетекчилик (Халифалык) астында биригүүгө чакырабыз. Умматтын кубаты биригип баарыбыз зулумга учураган мусулмандарга жана кайрымусулмандарга кайрадан жардам берүүгө кудуреттүү бололу.

Роя гезити, №231, 2019-жыл, 24-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here