Европа жетекчилери Ислам кубатка келе электе коркууга түшүүдө, эртең Ислам мамлекети тикеленсе, кандай ахвалда калар экен?!

410
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Европа жетекчилери Ислам кубатка келе электе коркууга түшүүдө, эртең Ислам мамлекети тикеленсе, кандай ахвалда калар экен?!

 «Ал-Жазира» сайты хижрий 1440-жылы 26-шаъбан, миладий 2019-жылы 2-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Германия канцлери Ангела Меркель Беш Жээк Мамлекеттери тобунун кезексиз жыйынында «исламий экстремизм» деген нерсени батыраак жеңүүгө чакырды.

Бул топко Мали, Нигер, Буркина-Фасо, Чад жана Мавритания мамлекеттери мүчө, алар Африка регионундагы куралдуу кыймылдарга каршы күрөшүү үчүн регионалдык күч түзүшкөн.

Германия 15 миң аскерге жеткен эл аралык «МИНОСМА» миссиясынын алкагында Малинин Гао шаарына 850 аскерин жайгаштырган. Белгилүү болгондой, бул миссия Германия армиясы катышкан миссиялар арасында Афганистандан кийинки экинчи орунда турган миссия болуп эсептелет.

Меркель «исламий экстремизм», «исламий терроризм» сөздөрүн көп колдонгон Франция президенти Эммануэль Макронду ээрчип «терроризм» сөзүнүн ордуна «исламий экстремизм» сөзүн колдонуп жатат.

Мурун Макрон саясий Ислам Францияга коркунуч туудурушун баса белгилеп, саясий Исламды изоляция кылууга аракеттенген.

Ал франуцуз өкмөтүнөн исламий кыймылдарга кайдыгер карабоону жана алардын чет элден финансылык жардам алышына жол бербөөнү талап кылганын айтты.

Француз президенти иммиграция маселесинде кескин позицияны карманып: «Бирок, бирөөлөрдү күтүп алуудан мурун өзүңдүн үйүң болушу керек», – деген.

Мисирге жасаган сапарында Макрон «исламий терроризм» сөзүн колдонуп исламий жана арабий дүйнөдөгү көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Ал Твиттерде Франция менен Мисир «исламий терроризмден» эң көп зыян көргөн мамлекеттер деп жазды.

Роя гезити, №233, 2019жыл, 8май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here