Чөгүп кетүүдөн мурун кемеңерди, кыйроодон мурун өзүңөрдү куткарып калгыла!

307
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Эй Шам калкы!

Чөгүп кетүүдөн мурун кемеңерди, кыйроодон мурун өзүңөрдү куткарып калгыла!

Аллахтын душмандары иштеп чыккан саясаттын негизинде бүткүл дүйнө Шам козголоңуна каршы айла-амал кылып жатат. Бул айла-амал «баскычма-баскыч» саясаттын алкагында ишке ашырылууда.

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаяты жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Он экинчи Астана жолугушуусунда жолугушууда кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө, этаптардагы максаттарды белгилөө, Сочи конференциясынын токтомдорун аткарууга жолтоо болуп жаткан тоскоолдуктарды жоюу максаты белгиленди. Бул максаттардын экөөсү маанилүү: буфер зона түзүү жана фронт линияларын куралсыздантуу жана эл аралык жолдорду ачууга багытталган Россия-Түркия кайгуул аракеттеринин кызматташуусун камсыздоо». Билдирүүдө минтип баса белгиленет: «Бу нерсе азат кылынган аймактар кылмышкер Россия режиминин учактарынын чабуулдарына учурап жатканын, бул аба чабуулдары Россия менен Түркия режими ортосунда алдын ала келишилгенин көрсөтүүдө». Билдирүүнүн соңунда мубарак Шам жериндеги мусулмандарга кайрылуу жасалган: «Өкүнүчтүүсү, согушкер топтордун жетекчилери куру кыял жана убактылуу ийгиликтерге жетүү менен алек болуп, бирок канкор режимди кулатып, Ислам башкаруусун тикелөөнү камтыган туруктуу жана чыныгы ийгиликтен баш тартып жатышканына күбө болуп жатабыз. Андан да өкүнүчтүүсү – силер, Шам калкы ушунча кыргын жана ойрондулуктар болуп жатканын, козголоң багытынан чыгып жатканын жана анын үлкөн кемеси кыйроого учурап жатканын өз көзүңөр менен көрүп, бирок ооз ачпай жатканыңар. Кудум, бул нерселер силерге маанилүү эместей, кудум силер бул кеменин жолоочулары эместей. Эй Шам калкы, чөгүп кетүүдөн мурун кемеңерди, кыйроодон мурун өзүңөрдү куткарып калгыла».

إِنَّهُمْ إِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ يَرْجُمُوكُمْ أَوْ يُعِيدُوكُمْ فِي مِلَّتِهِمْ وَلَنْ تُفْلِحُوا إِذاً أَبَداً

«Анткени, алар силерден кабардар болушса, силерди ташбараң кылышат же кайра өзүлөрүнүн динине кайтарышат, анан, эч качан кутула албайсыңар» [18:20]

Роя гезити, №233, 2019жыл, 8май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here