АКШ Иранга каршы согуш баштоого даяр

392
0

АКШ Иранга каршы согуш баштоого даяр

 Пентагон Иранга каршы туруу үчүн 120 миң аскер жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

 АКШ коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан сунуштаган жаңыланган аскерий планга ылайык, эгерде Иран ядролук курал чыгарууну тездетсе же АКШ аскерлерине чабуул кылса, АКШ Жакынкы чыгышка 120 миң аскер жөнөтүшү мүмкүн.

 Бул тууралуу “New York Times” басылмасы улуттук коопсуздук боюнча бир нече жооптууларга таянып кабарлады.

 Басылманын кабарлашынча, Шанахан бул планды 9-май күнү, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча башкы жардамчыларынын жолугушуусунда сунуштаган.

 “Жаңы план Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңечиси Жон Болтон башчылыгында “кыргыйлар” басымы астында кабыл алынган”, –  деп кошумчалады басылма.

 Ошону менен бирге, жаңыланган планда Иранга каршы кургактыкта өтүүчү операция камтылган эмес. Ал үчүн көбүрөөк аскер керек болмок. Белгилүү болгондой, АКШ мындан бир аз мурда Иран тараптан коркунучтар күчөгөнүнө байланыштуу регионго учак ташуучу кемелерин жана бомбалоочу учактарын жөнөткөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here