Пакистандын ырайымсыз акимдери Навид Батты жети жылдан бери камакта кармап келишүүдө

390
0

Пакистандын ырайымсыз акимдери Навид Батты жети жылдан бери камакта кармап келишүүдө

Ушул мубарак Рамазан айында мухандис Навид Баттын уурдалып кеткенине жети жыл болду. Аллах түшүргөн шарият менен башкарууга чакырып келген Аллахтын ушул пендеси Хизб-ут-Тахрирдин Пакистан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү эле. Ал 2012-жылы 11-май күнү перзенттери жана кошуналарынын көз алдында коопсуздук кызматкерлери тарабынан уурдалган. Бул мубарак айда Пакистан акимдери Навид Батты өз үй-бүлөсү менен бирге болуудан тосуп келет, ал жөнүндө эч кандай маалымат берилбей жатканын айтпаса да болот. Бирок, алар баскынчы индус учкучу Абхинандан Вартхаманга сый-урмат көрсөтүп, аны тезинен эркиндикке чыгарышты. Сый-ырайым көрсөтүү Ислам жана мусулмандардын душмандарына гана чектелгенби?! Исламга даъват кылгандарга ырайым көрсөтүүгө тыюу салынганбы?!

Эй Пакистан мусулмандары, эй чалгындоо кызматынын расмийлери! Рамазан айында ким кечиримдүү күндөрдү өткөрүп жиберсе көп жакшылыктардан куру калат. Бирок, Пакистан акимдери ушундай күндөрдө да Навид Батты эркиндикке чыгаруудан баш тартышууда. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِنَّ هَذَا الشَّهْرَ قَدْ حَضَرَكُمْ وَفِيهِ لَيْلَةٌ خَيْرٌ مِنْ أَلْفِ شَهْرٍ مَنْ حُرِمَهَا فَقَدْ حُرِمَ الْخَيْرَ كُلَّهُ وَلاَ يُحْرَمُ خَيْرَهَا إِلاَّ مَحْرُومٌ»

«Ушул ай силерге кирип келди. Анда миң айдан жакшыраак болгон бир түн бар. Ким бул түндү өткөрүп жиберсе, бардык жакшылыктардан куру калыптыр. Анын жакшылыгынан өткөрүп жиберген кимсе гана куру калат». (Ибн Мажжа). Аллах Таала Рамазанда мункар иштерден сактанууну баса белгилегенине карабастан, Пакистан акимдери адашууну улантышууда. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَا جَاءَ رَمَضَانُ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ وَصُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ»

«Рамазан айы кирип келгенде бейиш эшиктери ачылып, тозок эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет». (Бухарий). Аллах Субханаху ва Таала орозо кармагандардын жана мазлумдардын дуасын кабыл алат. Ага карабастан, Пакистан акимдери Навид Баттка зулум кылышууда. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثَلاَثَةٌ لاَ تُرَدُّ دَعْوَتُهُمُ الإِمَامُ الْعَادِلُ وَالصَّائِمُ حَتَّى يُفْطِرَ وَدَعْوَةُ الْمَظْلُومِ يَرْفَعُهَا اللَّهُ دُونَ الْغَمَامِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَتُفْتَحُ لَهَا أَبْوَابُ السَّمَاءِ وَيَقُولُ بِعِزَّتِي لأَنْصُرَنَّكِ وَلَوْ بَعْدَ حِينٍ»

«Үч кишинин дуасы кайтарылбайт: адилеттүү имамдын дуасы, орозо кармагандын ифтар кылганга чейинки дуасы жана мазлумдун дуасы. Аллах кыямат күнү бул дуаны булутка чейин көтөрөт, ал үчүн асман дарбазалары ачылат. Аллах: Урматымдын акысына, бир аздан кийин болсо да, албетте сага жардам берем, дейт». (Ибн Мажжа). Навид Батты азапка салган ушунча зулумдар жетиштүү эмеспи?! Аны тезинен азат кылууну талап кылуунун убагы келбедиби?! Пакистан акимдери Аллахтын каарынан аман калуу үчүн Навид Батты тезинен азат кылуулары керек эмеспи?! Аллах Таала айтат:

إِنَّ الَّذِينَ يُحَادُّونَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ أُوْلَئِكَ فِي الأَذَلِّينَ

«Албетте, Аллах жана Расулу сызган сызыктан чыккан кимселер – эң кор кимселердин катарында!» [58:20]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here