Судан режиминин коопсуздук кызматы устаз Насир Ризаны камакка алды

327
0

Судан режиминин коопсуздук кызматы устаз Насир Ризаны камакка алды

Түндүк Кордофандын Абяз шаарынын полициясы Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы устаз Насир Ризаны камакка алды. Полиция кызматкерлери устазды ражаб айында Халифалыктын кулатылганынын токсон сегиз жылдыгында сүйлөгөн сөзү артынан чоң мечит алдында камакка алышты, кийин устазды коопсуздук жана разведка кызматына тапшырышты. Устаз Насир Риза сүйлөгөн сөзүндө колонизатор кафирлер Халифалык мамлекетин кулатышы артынан Уммат кордукка дуушар болгонун, өлкөлөрү бөлүнүп, байлыктары талап-тонолгонун, бул кылмыштарда мусулман өлкөлөрүнүн акимдери кафирлерге жардам беришкенин айтты. О.э. устаз 2019-жылы 19-март күнү бешим намазынан кийин намазкөйлөргө жолдогон бул кайрылуусунда Ислам жана мусулмандардын азиздиги үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин кайра тикелөөгө даъват кылды.

Коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз Назир Мухаммадхусайнга да чакыруу кагазын жөнөттү.

Мындай мункар кылмыш артынан Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын басма сөз бөлүмү билдирүүсүн чыгарып, ушуларды баса белгиледи:

«Абяз полициясы менен коопсуздук күчтөрүнүн мындай кылмышы Исламга тескери болгон өтө жаман иш. О.э. алардын бул кылмышы Аллахтын жолунан тосууну жана батылды колдоону түшүндүрөт. Алар мындай кылмыштарын өткөн жылкы Халифалыкты эскерүү күндөрүндө өткөрүлгөн иш-чараларда да жасашкан. Ошондо Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү менен он беш Хизб мүчөсүн камакка алып, аларга карата жалган айыптарды коюшкан. Кийин алардын баарынын иши актоо менен аяктап, коё берилген. Бүгүн да ошол сценарий кайталанып жатат. Алардын ийгиликсиздикке жүз тута турган максаттары – Хизбди Умматка акыйкатты жеткирүүсүнөн тосуу. Негизи, Уммат Хизб даъваты аркылуу режимдин батылдыгы, коррупцияга малынганын жана залимдигин түшүнүп жеткен. Ушул себептен улам, Судан калкы бүткүл өлкө бойлоп нааразылык демонстрацияларына чыгып, чынчыл инсандарга душмандык кылып жаткан, насаатты да, насаат кылгандарды да жаман көрүп жаткан, батыштык, өзгөчө, америкалык кафирлерди ыраазы кылуу үчүн Исламга каршы күрөшүп жаткан мындай ыплас режимди кулатууну талап кылууда. Негизи, бул режимдегилер Хизб-ут-Тахрир жана анын мүчөлөрү кармоолордон, камакка алуулардан коркпошун жакшы билишет. Себеби, Хизб мүчөлөрү Рахмандын ыраазылыгы үчүн аракет кылышат жана бул жолдо кабыла турган азап-кыйынчылыктарды Аллах Субханаху ва Таалага жакын кылуучу курмандык деп эсептешет».

Билдирүүнүн соңунда мындай делет:

«Залимдер кандай гана зулум кылышпасын жана хак даъватка тикен зымдарды тартышпасын, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык таңы атып жатканы көрүнө баштады. Бул нерсе залим режимдердин жана картон зыянкеч мамлекетчелердин күнү бүтүп бара жатканынан кабар берүүдө.

إِنَّ مَوْعِدَهُمُ الصُّبْحُ أَلَيْسَ الصُّبْحُ بِقَرِيبٍ

«Аларга убада кылынган убакыт таң маалы. Таң жакын эмеспи?!» [11:81]».

Роя гезити, №227, 2019-жыл, 27-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here