АКШ Россияга каршы жаңы сакциялар боюнча мыйзам даярдады

336
0

АКШ Россияга каршы жаңы сакциялар боюнча мыйзам даярдады

АКШ Конгрессине Россияга каршы санкциялар боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Мыйзам долбоору Россиянын эки же андан көп ири банктарынын активдерин тоңдуруп коюуну камтыйт. Санкциялар тизмесине Сбербанк, ВТБ, ВЭБ, Россельхозбанк жана Газпромбанк кириши мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда салыштырмалуу түрдө жеңил чаралар да камтылган. Башкача айтканда, аталган банктарда эсеп ачууга тыюу салуу же татаалдаштыруу.

Документте энергетика секторуна инвестия жаткыруу боюнча келишимдерди түзүүгө да чектөөлөр бар.

Мындан тышкары, АКШдагы шайлоолорго аралашкан “жогорку кызматтардагы чет өлкөлүк саясатчылар же олигархтар”дын АКШга киришине тыюу салынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here