Халифалыктын кулатылганын эскерүү аны кайра тикелөөгө үндөйт

328
0

Халифалыктын кулатылганын эскерүү аны кайра тикелөөгө үндөйт

Билал Мухажир

Жыл сайын ушул күнү Ислам күнү батканын жана Ислам сепили т.а. Халифалык кулатылганын эскеребиз. Ар жылы ушул күндөрү мурунку себептерге дагы себептер кошулуп, алар бизди т.а. адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Умматты Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн күндү түнгө улап олуттуу аракет кылууну жүктөйт. Расулуллах ﷺ:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», деп, Халифалыктын кайра тикеленишин башарат кылган жана бизди аны тикелөөгө буйруган.

Ислам менен башкаруу жана мусулмандардын турмушунда Исламды колдонуу – шаръий түрдө важиб. Бул болсо, Исламды башкаруу түзүмү катары кабыл алган мамлекетте Исламды саясий деңгээлде колдонуу менен гана ишке ашат. Бул Халифалык мамлекети, Исламий Уммат өзүнүн тарыхында Халифалыкты башкаруу түзүмү катары кармап келген. Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ﴾

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун!» [5:49]

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنْفُسِهِمْ حَرَجاً مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً

«Жок, Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт» [4:65]

Биринчи аяттан көрүнүп тургандай, өкүм аалам, адам жана тирүүлүктүн жаратуучусу болгон Аллахтан гана алынышы керек. Аллахтын буйругу ар кандай инсандын – укугу чоң падыша болсо да – буйругуна окшобойт. Себеби, бул буйрук – падышалардын падышасы жана алардын жаратуучусу болгон Аллахтын буйругу. Ошондуктан, кудуреттүү Жаратуучунун буйругуна итаат кылуу, Аны ыраазы кылуу үчүн эң баалуу жана кадырлуу нерселерди кайдыгерлик кылбастан жумшоо керек. Өзгөчө, бул нерседе кайдыгерлик кылуу жана Аллахтын шариятын өкүмдар кылбоо – жогоруда айтылып өткөн экинчи аятта келгендей – кишинин ыйманын суроо астына коёт. Эгер, момун буга жол берсе, бул нерсе анын кадыржамдыгын жоготот жана эртели-кеч тынчсыз абалга салат. Эгер, мындай момундун ыйманы Аллах Субханаху ва Таалага жолугары жөнүндө жетик болбосо, ал кантип бейиш жана тозокко ишенет?! Эсеп күнүнө, бейиш жана тозокко ыйман келтирген ар бир акыл ээси үчүн бул олуттуу маселе.

Өмүр кыска, ошондуктан, Аллах хидаят кылган киши өз өмүрүнө Аллахка күнөөкөрдүк кылуу менен зыян жеткирбейт. Ислам важиб кылган амалдарды аткарууда кайдыгерлик кылуу – чоң күнөө. Мусулман киши инсан Аллахтын эң жеңил азабына да чыдай албашын билет. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:

«إِنَّ أَهْوَنَ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا يَوْمَ الْقِيَامَةِ لَرَجُلٌ تُوضَعُ فِي أَخْمَصِ قَدَمَيْهِ جَمْرَتَانِ يَغْلِي مِنْهُمَا دِمَاغُهُ»

«Кыямат күнү тозок калкына бериле турган эң жеңил азап – кишинин бутунун астына чок коюлат жана андан кишинин мээси кайнайт». (Бухарий риваяты). Бул эң жеңил азап, андыктан үлкөн күнөөлөр үчүн бериле турган азап жөнүндө элестетип көргүлө. Бул күнөөлөрдүн негизгиси – Аллахтын шариятын өкүмдар кылбоо, себеби, ал башка фарздардын аткарылышын камсыздайт жана алардын таажысы болуп эсептелет. Эгер, бул фарзга өзүнө ылайык этибар берилбесе, таажы кулашы менен башка фарздар да текке кетет… Ошондуктан, Аллах ыйманга хидаяттаган мусулман киши турмушта убакытты колдон чыгарбоо үчүн акылын ишке салат жана турмушун Аллахка итаат кылуу менен өткөрөт, Аллахтын буйругунун бир бөлүгүнө итаат кылып, бир бөлүгүнө итаат кылбоону жасабайт. О.э. важиб вазыйфалар, өзгөчө алардын эң негизгилерин аткаруу менен болот. Муну Аллахтын ыраазылыгын каалаган киши гана ишке ашырат жана ал кыяматта Пайгамбарлар, сыддыктар жана шейиттер менен бирге болот. Алар эң жакшы жолдоштор.

وَالسَّابِقُونَ الْأَوَّلُونَ مِنَ الْمُهَاجِرِينَ وَالْأَنْصَارِ وَالَّذِينَ اتَّبَعُوهُمْ بِإِحْسَانٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمْ وَرَضُوا عَنْهُ وَأَعَدَّ لَهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي تَحْتَهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَداً ذَلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

«Мухажир жана ансарлардын алдыңкылары жана аларды жакшы иштер менен ээрчигендер – алардан Аллах ыраазы болду жана алар Андан ыраазы болушту. Дагы (Аллах) алар үчүн астынан дайралар агып турган, алар түбөлүк кала турган бейиштерди даярдап койду. Мына ушул улуу бакыт»   [9:100]

Момун киши турмуш майданында Исламды пайда кылуу ишинде алдыңкы сапта болууну каалайт. Пайгамбарыбыз ﷺ жана ал кишинин сахабалары биринчилерден болуп Исламды башкарууга алып келген кишилер эле. Ошондуктан, алар улуу ажрларга ээ болушту. Ал эми, алардан кийин т.а. Ислам турмуш майданынан четтеген заманда келгендер сахабалар y кылган ишти кылышты, натыйжада алар сахабалар алган ажрдан да көбүрөөк ажрга ээ болушту. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:

«إِنَّ مِنْ وَرَائِكُمْ أَيَّاماً الصَّبْرُ فِيهِنَّ مِثْلُ الْقَبْضِ عَلَى الْجَمْرِ، لِلْعَامِلِ فِيهِنَّ مِثْلُ أَجْرِ خَمْسِينَ رَجُلاً يَعْمَلُونَ مِثْلَ عَمَلِكُمْ»

«Силерден кийин ушундай күндөр келет, анда сабыр кылуу чокту кармоо менен барабар болот. Алар да силер кылган ишти кылат, бирок, ал убакта амал кылган кишинин сообу элүү кишинин сообуна барабар болот». Адамдар минтип сурашты: «Эй Аллахтын Расулу, бизден элүү кишинин сообубу же аларданбы?», Расулуллах ﷺ айтты:

«بَلْ أَجْرُ خَمْسِينَ مِنْكُمْ»

«Жок, силерден элүү кишинин сообу». (Тирмизий риваяты). Сахабалар алдыңкылардан жана Аллахка жакын кишилерден болушту. Ошондуктан, биз ишти нукура булагынан алуубуз жана аятта айтылган азчылыктардан болууга аракет кылуубуз керек. Ошондо кеңдиги жер-асмандай бейишке жетебиз. Аллах Таала айтат:

وَالسَّابِقُونَ السَّابِقُونَ * أُولَئِكَ الْمُقَرَّبُونَ * فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ * ثُلَّةٌ مِنَ الْأَوَّلِينَ * وَقَلِيلٌ مِنَ الْآخِرِينَ

«Алдыңкы болгондор (бейиш ниъматтарына жетүүдө да) алдыңкы болушат! Мына ошолор ниъмат бактарында (Аллахка) жакын кылынуучулар. Мурункулардан көпчүлүк, кийинкилерден болсо аз»  [56:10-14]

Жакшылык менен жамандык бирдей эмес, аларды бирдей деп элестетип болбойт. О.э. жакшы амалдар менен жаман амалдар да тең эмес, аларды да тең деп элестетип болбойт. Аллах Таала инсандарга эч бир иште зулум кылбайт.

إِنَّ اللَّهَ لَا يَظْلِمُ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ وَإِنْ تَكُ حَسَنَةً يُضَاعِفْهَا وَيُؤْتِ مِنْ لَدُنْهُ أَجْراً عَظِيماً

«Албетте, Аллах бирөөгө кымындай да зулумдук кылбайт. Эгер кымынддай эле жакшылык болсо, аны көп эсе кылат жана өз алдынан улуу ажр-сыйлык берет» [4:40]

Аллахтын назарында бир инсандын өмүрүн сактап калган киши бардык инсандардын өмүрүн сактап калган киши менен бирдей. Ошондой болгон соң, бардык адамдарды бактысыз кылган идеологиялардын зулумунан бүткүл адамзатты куткарган кишинин ажры канчалык үлкөн болушун элестеткиле! Исламды турмуш майданына алып келүү үчүн аракет кылуу мусулман адамдын ыймандан кийин келе турган амалдарынын эң жакшысы, ал ушул амалы менен дүйнө жана акыретте нажат табат. Ошондой болгон соң, жарышуучулар мына ушундай түбөлүк ниъмат үчүн жарышсын.

Бул, Халифалыкты тикелөө үчүн бекем аракетти важиб кылган акыйдавий үндөө. О.э. дагы миңдеген амалий себептер бар, алар мусулмандарды гана эмес, бүткүл адамзатты Аллах Тааланын шариятын өкүмдар кылууга үндөйт. Аллахтын шарияты адамдар арасында адилеттикти орнотот, жыргарчылык жана өнүгүүгө жеткирет. Илманий түзүмдөр болсо мунун тескериси, алар адамдар арасында душмандык уругун чачат, аларды бактысыздарга жана жакырларга айлантат… Бүгүн адамзат жашоо түзүмү жана башкаруу түзүмү болгон Исламды таштап, анын ордуна илманий жашоо таризин кабылдаган. Бир күн келип адамзат алдында Исламды өкүмдар кылып кармоодон башка чарасы калбайт. Мына ошондо Ислам бардык диндер үстүнөн өкүмдар болот. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِنَّ اللَّهَ عَزَّ وَجَلَّ زَوَى لِي الْأَرْضَ حَتَّى رَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا وَإِنَّ مُلْكَ أُمَّتِي سَيَبْلُغُ مَا زُوِيَ لِي مِنْهَا»

«Аллах мага жердин бүткүл тарабын көрсөттү, ошондо анын чыгышын жана батышын көрдүм. Аныгында, Умматымдын мүлкү мага көрсөтүлгөн жайларга чейин жетип барат». (Ахмад риваяты).

Роя гезити, №226, 2019-жыл, 20-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here