Путиндин Кыргызстанга сапарынын алдындагы даярдык иштери региондо кооптуу абал пайда кылууда

426
0

Путиндин Кыргызстанга сапарынын алдындагы даярдык иштери региондо кооптуу абал пайда кылууда

Ушул айдын аягында Россия президентинин Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Февраль айында Кыргызстанга РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров келип, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Путиндин сапарына даярдык көрүү иштерин талкуулашты. Кийинчерээк, Жээнбеков Сочиге барып Путин менен бейформал жолугушуу өткөрүп, “биз Россия менен дайым биргебиз, анын коргоосу астындабыз” деген мааниде билдирүү берди.

Кыргызстан бийлиги ички жана тышкы саясат ортосунда өтө начар жана кооптуу абалда калды. Бир тараптан кошуна өлкөлөр (Кытай, Өзбекстан, Казакстан) басым өткөрүп жаткан болсо, башка тараптан Россия аларга тескери позиция менен кирип келе жатат. Ички саясатта болсо, Атамбаев кырдаалдан пайдаланып, оппозициялык күчтөрдү президентке каршы ар тараптан кубаттандырып жатат. Атамбаевдин ушул күнгө келип баш көтөрө баштаганы, Россиянын кыргыз бийлигин максималдык деңгээлде баш ийдирүүсүнө өтө ыңгайлуу болот.

Ошондуктан, Кыргызстан жетекчилиги Россиянын коопсуздук түзүмүнө мамлекеттин бардык эшиктерин ачып берди. Россиянын провокаторлору Кыргызстанда Өзбекстан жана Тажикстан тараптан кооп-коркунуч бар сыяктуу мухит пайда кылуу максатында кеңири масштабдуу аракеттерди кылууда. Бир топ жылдардан бери тынчып калган Тажикстан менен чек ара проблемасы кайрадан козголду. Диний жана улуттук мухит бузук түс алып, курчуп барууда.

Эй мусулман боордоштор: Биз билген же билбеген абалда куфр кызыкчылыктарына кызмат кылып коюудан корколу. Башкача айтканда, Аллахтан коркуп таква кылалы! Куфр биздин исламий туйгуларыбызды – ар түрдүү провокациялык жолдор аркылуу – өз кызыкчылыктары тарапка багыттамакчы болууда. Исламий же улуттук туйгуларыбызды акылыбыздан ажыратуу менен изден чыгарып, Аллахтын шариятына тескери багыттап, кырдаалды өздөрүнүн кызыкчылыгы тарапка багыттамакчы болууда.

Биз куфрга пайда келтирип койбостук үчүн ар бир аракетибизди шаръий өкүмгө байлап аткарышыбыз важиб. Ар кандай абал, кырдаал үчүн Аллахтын өкүмү (чечими) бар. Ар бир адам, жамаат жана мамлекет аткарышы керек болгон о.э. аткарышы арам болгон амалдар анык баян кылынган. Т.а. жеке адам же жамаат мамлекет аткарышы керек болгон хос иштерди аткарышы арам амал болуп, ал тургай, бул иштен убактылуу исламий кызыкчылык көрүнсө да, адам чектен чыкканы үчүн күнөөкөр болот! Бүгүнкү абалыбыз үчүн сүннөттү (тарыйкатты) Пайгамбарыбыз С.А.В.дын Меккедеги жашоосунан өрнөк алабыз. Ошол кезде кудум бүгүнкү абалыбыз сыяктуу мусулмандар куфр бийлиги астында эле. Эл аралык саясат да жетекчи куфр мамлекеттердин таасири астында болуп, исламий мамлекет жок эле!

 Биз ар бир саясий окуяларга бир гана шаръий өкүм чек арасынан туруп мамиле билдирели! Т.а. ар бир иш-аракет, пикир жана мамилебизди мабдаъий (ар кандай шаръий өкүмдү турмушта колдонуп жатып, аны бир гана исламий тарыйкатына байлоо менен) Исламдан туруп ишке ашыралы! Куфр туйгуларыбызга тиешелүү ыплас аракеттери менен бизди шариятка тескери (мамлекет ишке ашырышы керек болгон материалдык аракеттерге) үндөп жатат. Күрөш кафирлер менен мусулман адамдар ортосунда эмес, Ислам менен куфрдун ортосунда жүрүп жатат! Демек, биз мусулмандар жашообузду куфр дүйнө карашы негизине куруп, жүз берип жаткан саясий жараяндарга кайдыгер болсок, же куфр тарыйкаты менен жандаша берсек, Ислам алсырап, жашообуздан алыстай берет! Тескерисинче, куфрду таштап, ар бир иш-аракетибизди шаръий тарыйкатыбызга ылайыкташтырып, жүз берип жаткан саясий жараяндарга исламий дүйнө караш менен мабдаъий кызыкчылыктан келип чыгып мамиле билдирип барсак, ошондо куфр жашообуздан алыстай берет.

Демек, куфр менен күрөшүп жатып биз кафирлер эле эмес, өзүбүздүн нафсибиз менен, өзүбүздөн чыккан куфр малайлары менен о.э. мусулмандарды өз иримине тартып бара жаткан куфр башкаруу системасы менен күрөшүп жаткан болобуз! Ушул дүйнө караш жашообуздан алыстаганы себептүү, куфр бирибиздин атыбыздан башкабызды өлтүрүү менен мусулмандарды бири-бирине багыттап коюп, өздөрү бир четте тамаша кылып отурат  . Кээде, мусулмандарды кыргын кылып, бизди христиандарга багыттамакчы болушат.

Куфрга каршы күрөш ар бирибиз тараптан өз өлкөбүздөгү куфр башкаруу системасына мүмкүн болушунча каршы чыгуу, провокациялардан туйгуланып бири-бирибизге каршы аракеттерден, ал тургай, кафирлерге каршы материалдык жана шариятка туура келбеген аракеттерден тыйылып, жашообузду исламдаштырып баруу менен улантышыбыз керек! Кафирлер азыр мусулмандардан эмес, Исламдан т.а. мабдаъий Исламды жашообузга негиз кылып барышыбыздан коркушат! Демек, куфр бизди Пайгамбарыбыз С.А.В. байрагы астында ал заттын тарыйкатына ылайык аракеттенип, жашообузду даъват негизине куруп, жүз берип жаткан жараяндарга идеологиялык мамиле билдирип барышыбыздан коркот!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here