Илманийлер мусулмандардын туруктуу негиздерине чабуул кылышууда

302
0

Илманийлер мусулмандардын туруктуу негиздерине чабуул кылышууда

Жарандык нике жана Бейруттагы АКШ университетинде кумсалардын майрамын коргоо маселелери көтөрүлүшү артынан, эми, Ливандагы АКШ университети «намазкана үчүн орун жок экенин» расмий түрдө жарыялады! Бул жарыя студенттердин нааразылыгын, алар менен администрациянын ортосунда жаңжалдарды чыгарып, массалык маалымат каражаттарында ызы-чууларды жаратты.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Ливан вилаяты басма сөз билдирүүсүн чыгарды:

«Университетте намазкана үчүн орун берилбеши мусулман өлкөсү болгон Ливан университетинде акыйкатка атайылап көз жумуп жаткан кимселер бар экенин көрсөтүүдө. Акыйкат ушул, мусулмандар бир күндө беш убакыт намаз окуусу жана аларды өз убагында өтөөсү керек, ушул себептен улам, намазкананы жабуу аркылуу студенттерге басым өткөрүү бүтүндөй жаиз эмес. Ошондуктан, биз бул маселени университет администрациясынын жоопкерсиздиги деп эсептеп, муну тезинен чечип, бул сыяктуу иштин кайра болушуна жол бербөө керек дейбиз».

Билдирүүдө дагы мындай делет:

«Бийликтеги аткаминерлер тарабынан бул сыяктуу кооптуу кемчиликтер тез-тез болуп турат. Мисалы, бийлик университеттерге машыгуу, дем алуу залдарын, кафелерди, автомобилдер үчүн гараждарды, жашыл майдандарды жана таалим үчүн керектүү башка жайларды камсыздоону шарт кылган. Бирок, бийлик эмне үчүн намаз окуй турган атайын жайларды камсыздоону шарт кылган эмес, деги, бул Исламдын негизги түркүктөрүнөн бири го?! А түгүл, бул эң баштапкы вазыйфалардын бири».

Билдирүүнүн соңунда ушулар баса белгиленди:

«Студенттерди намазканасыз калтыруу кысым болуп эсептелет. Муну өлкөдөгү илманий түзүм келтирип чыгарган бузгунчулук, адамдарды кыйнап жаткан айып-кемчилик десе болот. Кимде-ким мындай бузгунчулук жана айыптарды жактап жаткан болсо, демек, ал бизге таандык эмес. Аны мусулмандарды диний өкүмдөрүнө амал кылуудан тосуу кылмышына шерик деш мүмкүн. Буга карама-каршы түрдө Ислам түзүмү адамдарды Аллах Субханаху ва Таалага итаат кылууга чакырат жана Аллах Тааланын:

وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالإِنسَ إِلاَّ لِيَعْبُدُونِ

«Мен жин жана инсанды Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым» [51:56]

деген аятынын тастыгы катары ибадаттарга ыңгайлуулук жаратууну буйруйт.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here