Путин адамдарды бийликти урматтоого мажбурламакчы болууда

316
0

Путин адамдарды бийликти урматтоого мажбурламакчы болууда

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин “фейк” маалыматтарды тараткан, бийликке акарат келтирген жеке же юридикалык жактарды жазалоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Кабарда келишинче, мыйзам жети күндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, “фейк” маалымат таратканга 30 миңден 100 миң рублга чейин айып салынат. Кызматтагы адам ушундай кылса, айып пул 200 миң рублга чейин жетери айтылууда.

Мындан тышкары, массалык башаламандыктар, тынч жашоону терс жакка өзгөртүүчү негизсиз кабарларды таратканы үчүн штраф 1 миллион рублдан ашырылды.

Расмий маалымат каражаттары жана сайттар мыйзам бузган учурда эскертүү берилет жана кабарды бүтүндөй өчүрүү талап кылынат. Расмий каттоодон өтпөгөн сайттарда ушул нерсе жүз берсе, алар эскертүүсүз жабылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here