Россия Евробиримдиктин санкцияларына жооп берет

343
0

Россия Евробиримдиктин санкцияларына жооп берет

Москва Керч кысыгындагы окуя себептүү Евробиримдик тарабынан Россия жарандарына карата киргизилген жаңы санкцияларды жоопсуз калтырбайт. Бул тууралуу 16-март, ишемби күнү РФ Тышкы иштер министрлигинин сайтында кабарланды.

 Кабарда: “Евробиримдиктин мыйзамсыз санкциялар тизмесине мекендештерибизди киргизүү үчүн шылтоосу, эки жүздүүлүгү таң калтырат”, – деп айтылат. Мындай чечим Россиянин өз чек аралары коопсуздугун камсыздоо укугун ураматтабастыгын көрсөтүп турат.

О.э. Евробиримдик ушундай көрүнүштө Украина расмийлери менен бирге экендигин көрсөтүүдө. Аларды Россия эле эмес, Кара деңиз аймагындагы башка мамлекеттер коопсуздугуна коркунуч туудуруучу “провокациялык саясатты” улантууга үндөп жатат.

15-март күнү Евробиримдик өлкөлөрү Керч кысыгындагы окуя себептүү россиялык сегиз жаранга карата жаңы санкцияларды киргизди. Буга чейин, АКШ жана Канада Украина себептүү Россияга каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Канаданын Тышкы иштер министрлиги Керч кысыгында Украина кемелеринин кармалышы жана Крым себептүү Россиянын 114 жараны менен 15 компаниясына санкцияларды киргизген.

О.э. АКШ каржы министрлиги Украинадагы кырдаал себептүү Россияга каршы киргизилген санкциялар тизмесин кеңейткен. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here