Судандагы митингдер жана анын оң-сол тарабы

355
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Судандагы митингдер жана анын оң-сол тарабы

Суроо:

Сууданда каршылык митингдери эки айдан тынчыбай уланып келе жатат. Бул экономикалык кырдаалдын начарлашы натыйжасынан келип чыктыбы? Же  бул каршылык митингдери, Америка мамкатчысынын орун басары Жон Салливан 2017-жылы ноябрда  Хартумга иш сапары менен келгенден кийин Хартум менен Вашингтондун ортосундагы алакалардын чыңалуу себебинен келип чыктыбы? Ал Судан тарап менен сүйлөшүү учурунда Баширдин талапкерлигин 2020-жылкы шайлоодо кайра көрсөтүлбөшүн сунуштаган.  Башир  буга  теригип  Америкага моюн толгоо ирээтинде Орусияга иш сапары менен барып аскерий база ачууга макулдук берди. Ошол себептен улам Америка Баширди алмаштырууга чечим кылып, аны экономикалык жактан кысмакка алып, ага экономикалык жактан жардам берип жаткандардын, айрыкча Саудиянын жардамын андан тосуп койдубу? Кийин Содик Махдийдин митингди колдоосу Британиянын да мында колу бар экендигин билдиреби? Узун суроо бергениме үзүр сурайм. Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

  1. Ооба Америка ТИМинин орун басары Жон Салливан 2017-жылы 16-ноябрда Суданга иш сапары менен барды. Судандын ТИМи,  Финансы министири, Куралдуу күчтөрдүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, Судандын Улуттук чалгындоо кызматы жана  Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Мындан тышкары, Америкада Судан элчилигинин утурумдук өкүлү, ошондой эле диний жетекчилери менен жабык отурумда жолугушту. Кийин Куран Карим Университетинин шейиттер залында Американын Судан жаатындагы саясаты тууралуу сөз сүйлөдү. «Жон Салливан Судандын «Судан Таймс» сайтына берген маегинде Судан өкмөтүнөн кээ бир мыйзамдарды кайра карап чыгууну же жокко чыгарууну талап кылды. Мисалы: муртадга (динден кайткандарга) карата өлүм жазасын колдонууну алып салуу, «жалпы мыйзамдын ичиндеги кийимге тиешелүү беренени» алып салуу. Бул мыйзамдын негизинде адепсиздик көрүнүштө кийинген аялдар бул мыйзамдарды аткаруучу коопсуздук кызматкерлери тарабынан балак урулуп жазаланат.  Ошондой эле Судандын жаңы баш мыйзамын жазууда бардык диндердин эркиндигин сактоого чакырды» («Судан Трибуна», 2017.11.18.).
  2. Дагы кээ бир жылчып чыккан маалыматтарда Жон Салливан Баширден 2020-жылкы шайлоодо талапкерлигин көрсөтпөшүн талап кылган. Буга Башир ыраазы болгон эмес. Андан кийин эки тарап ортосундагы алакаларда чыңалуу жүз берди (деп айтылды). Бирок, бул акыйкаттан алыс. Анткени, Башир өз кожоюну Америкага түздөн-түз каршылык көргөзүүгө чамасы жок. Ал мамбашчылыкка талапкерлигин койбойт, Америка ыраазы болсо гана койот. Эгер, Башир Американын көрсөтмөлөрүнө моюн толгоп 2020-жылкы шайлоодо талапкерлигин көрсөтүп дагы бийликте калууну каалап жатат деп ала турган болсок, анда Америка 1989-жылы 30-июнда Баширдин өзүн ыңкылап аркылуу бийликке алып келгендей, аны ыңкылап аркылуу бийликтен алып салмак. Ошондой эле, Америка жооптуусу Баширден 2020-жылда талапкерлигин көрсөтпөшүн талап кылгандыгы тууралуу маалыматтар коомдук маалымат каражаттары тарабынан байма-бай тарай баштаган учурда Судандын ТИМи Ибрахим Гандур муну четке кагып мындай деди: «Америка Суданды терроризмди каржылоочу мамлекеттердин тизмесинен чыгаруунун акысына Баширди 2020-жылга белгиленген шайлоодо талапкерлигин көргөзбөө шартын койгон жок», дагы мындай деди: «Биз Америка ТИМинин орун басары Жон Силливандын акыркы жолку Хартумга жасаган иш сапары алкагында адам укуктары жана дин эркиндиги боюнча талкуулаштык» («Кудус Арабия», 2017.11.14.). Кийин бул иш сапар чыңалууга эмес, тескерисинче жамдашууга далалат кылгандыгы көрүнүп турат. Салливан бул иш сапары учурунда мамлекеттин ар тармактуу өкүлдөрү менен жылуу жоолугушууларды өткөрдү! Америка админстрациясы 2017-жылы 26-сентябрда Судан жарандарына карата каттамдык тыюуну алып салгандан кийин, ошондой эле 2017-жылы 6-октябрда жыйырма жылдан бери Суданга карата киргизилген кээ бир экономикалык санкцияларды алып салгандан кийин бул иш сапар орун  алды. Бул иш сапарда көздөлгөн максат Баширдин талапкерлигин талкулоо болгон эмес, негизги максат Суданды «терроризмди колдоп коргогон мамлекеттердин» тизмесинен чыгарууга каратылган. Ошол үчүн Америка Суданды бул тизмеден чыгаруу үчүн кээ бир шарттарды койду. Ал шарттар жогоруда «Судан Трибуна» маалыматында айтылып өттү. Бул бир тараптан, экинчи тараптан Башир Салливандын иш сапарынан он күн өткөндөн кийин талапкерлигин койбоо тууралуу мурда айтып жүргөн убадасын кайра жаңылады. «Судандын мамбашчысы Умар Башир  биринчи күнү мамбашчылыктын экинчи мөөнөтү айгына чыккандан кийин 2020-жылда тарапкерлигин койбостугу тууралуу мурдагы убадасын дагы кайталады. Башир бул сөзүн өкмөттүк эмес Судан жаштарынын Улуттук союзунун жетинчи жалпы жыйынында айтты» («Халиж Онлайн», 2017.11.06.). Бирок, ошондой болсо да Судан сыяктуу өлкөлөрдө убадасынан кайтуу көнүмүш адат. Бирок, Америка менен Судан тараптын кызматташууларынан көрүнүп тургандай, билдирүүлөрдө бул иш сапардагы максат Баширди талапкерлигин койдурбоо эмес экендигин көргөзүп турат. Америка менен Судан тарап бул иш сапардан кийин да, каршылык минтингдеринен кийин да өз кызматташууларын улантып келе жатышат. Судан 1993-жылы «терроризмди колдоп коргогон» мамлекеттердин тизмесинен киргизилген. Ал эми, бул иш сапардын максаты Суданды бул тизмеден чыгарууга каратылган. Анткени, 1997-жылы Суданга карата киргизилген экономикалык санкцияларды Трамтын администрациясы алып салгандан кийин Судандын бул тизмеден чыкпай турушу уланып жатат. Америка Суданды бул тизмеден чыгаруу үчүн  Суданга экинчи этапты аткарууга шарт койду. Ал этапта Судан «терроризмге каршы күрөшүү» жаатында жигердүү иштерди алып баруусу жана адам укуктарын, дин эркиндиктерин камсыздоонуу күчөтүүсү шарт.
  3. Ошондой эле, Жон Салливандын 2017-жылы 16-ноябрдагы иш сапары 2018-жылы 19-декабрда башталган каршылык минтингдерине  түрткү берген жок. Анткени, Американын позициясы иш сапардан кийин да, митингдерден кийин да митингчилер тарабында эмес, Судан өкмөтү тарабында болду. Билдирүүлөр жана кызматташуулар ушуга ишаара кылып турат. 2019-жылы 17-февралда Хартумга Америка мамбашчысынын Африка боюна атайын кеңешчиси Сирил Сартр иш сапары менен келди. Аны АКШ улуттук коопсуздук кеңешинин Африка боюнча департаментинин мүдүрү Даррен Серайл коштоп жүрдү. Анын иш сапары 2019-жылы 20-февралда аягына чыкты. Америка мамбашчысынын Африка боюнча атайын кеңешчиси Сирил Сартр Республикалык сарайдагы жолугушуудан кийин берген билдирүүсүдө мындай деди: «Менин  мамбашчынын жардамчысы менен жолугушуум натыйжалуу жана жемиштүү болду. Суданды терроризмди колдоп коргогон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу тууралуу жүрүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн келгем». Сирил баса белгилеп мындай деди: «Өкмөт чоң сабырдуулук менен саясий чечим табууга жете алат. Суданга сырттан эч кандай чечим тыгыштырылбайт. Эки тарап тыгыз кызматташуу алкагында күчтүү шериктештик жолун табат» («Sunrise News», 2019.02.18.). Ушулардан көрүнүп тургандай, иш сапар митингдердин келип чыгуусуна түрткү болгон жок. Тескерисинче, бул иш сапар Америка Баширдин өкмөтүн колдоого алып жаткандыгына далалат кылат. Суданга сырттан эч кандай чечим тыгыштырбоо жана Суданды «терроризмди колдоп коргогон» мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу үчүн Америка коюп жаткан шарттар аркылуу Америка Судан өкмөтүн колдоого алып жаткандыгына далалат кылат.
  4. Ал эми, Америка малайларынын позициясы да митингдерди эмес, өкмөттү колдоого алып жатат. Башкача айтканда, суроодо келгендей эмес, өкмөттү колдоого алып жатат.

Ал төмөнкүчө:

А. Саудия: Саудия Йеменде коалициялык аскерий иш-чара башталгандан бери Судандын айыл чарбасына жаңы инвестицияларды жаткырууну улантууда.

«Саудия 2016-жылы Суданга инвестиция салган эң ири араб өлкөсү болуп калды. Анын инвестициясы 15 миллиард долларды түздү. Бул инвестиция көбүнчө тоют, буудай жана жүгөрү өстүрүү жаатына сарпталды. Ошондой эле, Хартумдун экономикасын колдоого алды» («Халиж Онлайн», 2017.07.17.). Саудиянын элчиси «Саудиянын Суданга салган инвестициясынын чыныгы көлөмү 12 миллиард доллардан ашкандыгын» баса белгиледи. («Portal» сайты, 2018.12.03.). Ошондой эле «Судан биринчи күнү 2018-жылы 7-майда Саудия менен беш жылдык мөөнөтүндө мунай келишимине жетишкендигин билдирди» («Судан Трибунал», 2018.05.07.).

Саудия министирлер делегациясы 2019-жылы 24-январда Хартумга иш сапары менен барышты жана ал жакта Судандын мамбашчысы Башир менен Судандагы кырдаал тууралуу талкуулашты. Саудия соода министири Маджид ал-Касаби басма сөз жыйынында мындай деди: «Саудия делегациясы Судан менен экономикалык алакаларды чыңдоо жана соода алмашууларды көбөйтүү негизинде Малик Салмандын    багыттоосу менен  барды». Дагы кошумчалап: «Малик Салман Судандын коопсуздугу жана туруктуулугу Саудиянын коопсуздугу жана туруктуулугу болуп саналарын, ошондой эле Судан башка мамлекеттер сыяктуу эле Саудия менен алака кылууга укуктуулугун баса белгиледи», – деди. («Ватан Мисрий», 2019.01.26.).

Ушундан айкын болуп тургандай, Саудия Суданга карата жардам колун үзгөн жок.

Б. Ал эми, Мисир башка тараптан мамы болду. Башир 2019-жылы 27-январда Мисирге иш сапары менен барды. Сиси аны аэропорттон өзгөчө меймандостук менен тосуп алды. Мындан көрүнүп тургандай, Америка Баширден кол үзүүгө чечим кыла электиги көрүнүп турат. Анткени, эгер андай болбосо Сиси Баширди мындай маанайда тосуп алмак эмес. Себеби, ал Америка малайы. Судандын Мисирдеги элчиси бул иш сапарды баалап мындай деди: «Бул иш сапар өз убагындагы маанилүү иш сапар» («Сабаах Мисир», 2019.01.27.). Маалым болгондой, 2018-жылы 25-октябрда Сиси 12 министиринин коштоосу менен Суданга иш сапары менен барып 12 келишимге колгондон кийин 2018-жылы 6-ноябрда Башир Мисирге зыярат кылып Сиси менен жолуккан. Андан кийин каршылык митингдери башталган. Мисирдин ТИМи Самих Шукри жана чалгындоо кызматтынын башчысы менен биргеликте Суданга иш сапары менен барып мамбашчы Башир жана эки кесиптештери менен жолугушкан. Жолугушуудан кийин Саамих Шукри мындай деди: «Судан азыркы кырдаалдын жолун табаарына Мисир терең ишенет. Мисир ар дайым Суданга көмөкчү болууга даяр. Судандын коопсуздугу жана туруктуулугу Мисирдин коопсуздугу жана туруктуулугу болуп саналат» («Баваабату Мисир», 2018.12.27.). Мындан айкын болуп тургандай, Мисир Суданды колдоосун улантып жаткандыгы көрүнүп турат.

Г. Ал эми, жергиликтүү жагынан алып карала турган болсо, Американын жергиликтүү күчүнүн маанилүүсү бул армия. Каршылык митингдери учурунда армия Башир тарабында болуп, анын бийлигин коргоо позициясында болду. Армия өз баянатында мындай деди: «Элдин жана жарандардын коопсуздугун, саламаттыгын, канын, мал-мүлкүн сактоону Армия берилгендик менен аткарат» («Арабия Пост», 2018.12.23.). Судан куралдуу күчтөрүнүн штабынын жетекчиси Камал Абдул-Мааруф генерал жана полковник чининдеги офицерлерге кайрылуусунда мындай деди: «Армия өлкөнү күмөндүү сырткы уюмдардын агенттерине жана сепартисттердин колуна салып бербейт» («Мисир арабия», 2019.01.30.). Ушундан маалым болуп тургандай, армия Баширди колдоого алып жатат. Ошондой эле, армия жана коопсуздук күчтөрү башка тармактары да ушундай позицияда турат. Өзгөчө, ыкчам күчтөрдүн жетекчиси Мухамеда Хамдана Дуклу Хамидати анын күчтөрү кандай гана ач көз, кара өзгөй күчтөр болбосун, ага каршы турууга даяр экендигин баса белгиледи («Масиироту Нет», 2018.12.26.). Ошондой эле, Судан коопсуздук чалгындоо кызматтынын мүдүрү Салах Кош парламенттеги кыска билдирүүсүндө мындай деди: «Майданда көптөгөн демилгелер болууда. Бирок, баардыгы билип койо турган нерсе ушул, бул демилгелердин кайсы бири учурдагы мыйзамдуулуктан чыгып кете турган болсо, ага орун жок»  («Ал-жазиира нет», 2019.02.21.). Америка 1969-жылдагы Нимейри ыңкылабынан бери Суданда ыңкылап кылууда Судан армиясын колдонууну адат кылып алган.

5. Ал эми, оппозицияга келсек, «Умма» партиясынын лидери Ал-Садик ал-Махди үчүнчү күнү митингчилерди бардык тараптар катыша турган жаңы өкмөттү түзүүгө чакырды. Ал «өлкөдөгү элдик митингди колдой тургандыгын, бирок анын партиясы буга катышпай тургандыгын» айтты… («Би-Би-Си», 2018.12.22.). Бирок, митинг токтобостон улангандыгын көргөндөн кийин өз тандоосун жарыялады. ««Умма» партиясынын лидери жана «Судан чакырыгы» коалициясынын төрөгасы Ал-Садик ал-Махди бийликти кулатуу үчүн элдик кыймылды колдоорун билдирди. Ошондой  эле, мамбашчы Умар Баширди бийликтен кетүү талабын койуудан мурда демонстранттарды өлтүрүүнү токтотууга чакырды» («Судан Трибунал», 2019.01.25.). Башкача айтканда, ал митинг башталгандан бери эки айдан ашык убакыт өткөн соң аны пайдаланып кетүүгө чамына баштады. Маалым болгондой, Ал-Садик ал-Махди Англияга малай. Ал 1986-89-жылдары Судан өкмөт башчылыгын аркалаган. Кийин аны ордунан Башир козгоду. Кийин өкмөткө таандык профсоюз уюму сыяктуу эле Судан кесипкөйлөр биримдигин түздү. Бул кесипкөйлөр биримдигине Махди аркылуу Европа таасир кылды. Махди бул уюмду өкмөт ээлик кылган профсоюз уюмдардын ордун баса тургандай кылууга аракет жасады. Аны сыртан башкаргандар Европада  болушту. «Аны сыртан башкаргандардын ысымдары маалымат каражаттарында да айтылды алар: Мухаммед Асбат Францияда болду, доктор Сара Абделжалил Англияда болду» («Би-Би-Си», 2019.01.24.). Ошондой эле каршылык митингдерине илманий (динсиз) багыттагылар да кошулду жана таасири жок башка кыймылдар да аралашты. Бул чогулуштарга Британия айрыкча Ал-Садик ал-Махди партиясына чоң таасир өткөрдү. Бирок, бул таасир иш жүзүндө өзгөрүү жасоого кудуретсиз. Бирок, митингдин улануусу Англиянын митингден пайдаланып кетүү тажрыйбасына салым кошуп жатат. Ошондуктан, Махдинин партиясы минтингди колдой турган билдирүүнү берүүнү создуктурду, себеби ал Башир митингди алгачкы күндөрү эле токтотуп койот деп ойлогон. Качан митинг токтобостон улана баштаганда ал өз багыттын белгилей баштады! Кийин митинг эки айдан ашыгыраак убакыттка созула баштаганда Махдинин да чырпыгы катуулап Баширдин бийликтен кетүүсүн талап кыла баштады. «Махди жаңы системага өтүү  жаатында анын майда баратын талкуу кылуу үчүн оппозиция менен жолугушууга даяр экендигин билдирди» («Спутник», 2019.03.02.). Мына ушундайча бийлик митингди токтотууга кудурети келбей жаткандан пайдаланып британиячылдардын кубаты өсүп жатат. Ошондуктан, Америка муну эске алды. Америка Башир менен биргеликте кандай гана күтүлбөгөн кырдаал болбосун, бул митингдерди жеңип өтүү үчүн өкмөткө шериктеш кээ бир партияларды өкмөттөн чыгарып, кийин аларды оппозиция кылууга келишишти: «Умма партиясынын жетекчиси Мубарак ал-Фадил өкмөт курамынан чыккандыгын жарыялады» («Nileine» сайты, 2018.12.28.). Ошондой эле Гази Салах ад-Дин да чыккандыгын жарыя кылды. «Гази Салах ад-Дин пресс-конференцияда Реформаторлук кыймылы мыйзамчылык межлисинен өзүнүн баардык өкүлдөрүн чакыртып алгандыгын айтты» («Сава» кабар агентиги, 2019.01.01.). Гази Салах Өзгөрүү Улуттук Фронтунун төрөгасы болуп шайланды. «Өзгөрүү Улуттук Фронтунун генералдык ассамблеясы доктор Гази Салах ад-Динди фронттун межлисинин  жетекчиси кылып шайлады» («Халиж 365», 2019.02.14.). Буга кошумча митингдин күчөшү жана Европанын андан пайдаланып кетүү үмүтү Баширдин өзгөчө кырдаал абалын киргизүүгө жол ачып берди. Башир 2019-жылы 22-февралда өзгөчө кырдаал абалын киргизди.  2019-жылы 28-февралда Америка менен тыгыз байланышта болгон  Миргани партиясы да өкмөт курамынан чыкты. «Мухаммед Усман ал-Миргани жетектеген Демократия юнионисттикалык партиясы төртүнчү күнү Улуттук Конгресс партиясы менен бирге кол койгон баардык макулдашуулар аягына чыккандыгын билдирди» («Айнул Ахбария», 2019.02.28.). Кийин Башир тарабынан жаңы кадамдар ишке салынды. Башир каршылашпаган тараптар менен бейтарап багытта экендигин билдирди. «Судандын мамбашчысы Башир өзүнүн отуз жылдык башкаруусунун натыйжасында келип чыккан оор кризиске чечим таба албай, андан качуу максатында Улуттук Конгресс партиясынын жетекчилигин өзүнүн орун басарына өткөрүп берди». Партия Баширдин бул чечимине түшүндүрмө берип мындай деди: «Өлкө башчысы баардык саясий күчтөр бирдей баланста болушу үчүн ушундай кадамга барды» («Жакынкы Чыгыш онлайн», 2019.03.01.). Башир бул кадамы менен башкаларды алдагандан мурда өзүн алдап жатат. Ал өлкө башчысы болуп туруп кантип бейтарап болот. Анын партиясы башкаруучу партия? Жада калса, ал партия жетекчилигине башка адамды койгон күндө да бул кагаз түрүндө гана нерсе, андан башка нерсе эмес?!

Митингдерди тынчтандыруу аракеттеринин бардыгы оппозицияга таасир өткөрүү жана митингди жайгаруу болуп саналат. Айрыкча, азыр бийликте оппозицияны жеңип өтүүгө күчү бар. Эгер, бийликтин бул күчү кудуретсиз болсо, анда ал оппозиция жетекчилигин колго алууга же ага таасир өткөрүүгө аракет кылат, анын натыйжасында Американын  кожоюндугу өзгөрүүсүз калат.

6. Ал эми, 2017-жылы 22-ноябрда төрт күнкө созулган Баширдин Москвага жасаган иш сапары, башкача айтканда Салливандын Суданга болгон иш сапарынан алты күн өткөндөн кийинки иш сапарына келсек, Башир бул иш сапарын Орусия алдында Америкага наарызылыгын билдирүү үчүн кылган жок. Тескерисинче, бул иш сапарын Америка ыраазылыгы негизинде жасады. Буга далил: «Үчүнчү күнү Судан гезити Хартум менен Вашингтон ортосунда орун алган келишим тууралуу маалымдады. Бул келишим Умар Баширдин Орусияга бара турган учагынын аба жолун камсыздап берүүнүн акысына Судан тарап Америка администрациясы талап кылып жаткан талаштуу мыйзамдарды жокко чыгарууну кабыл алуу зарылдыгын камтыды. Бул келишим Баширдин Москвага биринчи иш сапары башталышына туура келди. «Ал-ракуба» газетасынын маалыматында: «Жон Салливандын Хартумга болгон иш сапарында Америка Суданга сунуштаган диний эркиндик, айрыкча муртад, мурас өкүмдөрүн жана аялдардын адепсиз кийинишине тиешелүү өкүмдөрдү жокко чыгаруу тууралуу сунуштарына Судан макулдук берсе, анын акысына Судан бийлиги Салливандан Баширдин Москвага бара турган учагы зыянга учурабашы тууралуу кепилдик алды» («Masrawy», 2017.11.22.). Ошондуктан, маселе Америка тараптан чечилбегенде Башир Саудия аба жолдорун пайдалана алмак эмес. Анткени, Саудияга кожоюндук кылган колонизаттор мамлекет анын аба жолдоруна да таасир кылат. Англияга малай падыша Абдулланын учурунда 2013-жылы Британия Баширдин Иранга баруусун каалаган жок, анткени Англия Иран мамбашчысынын инаугурациясына көптөгөн мамлекет жетекчилери барып Ирандын кадыр-баркы көтөрүлүшүн каалаган жок. Ошондукан, Саудия Британия каалоосуна ылайык Баширдин учагына өз аба мейкиндигинен өтүүсүнө уруксат бербеди. «Расмий Судан Судан мамбашчысы Иран мамбашчысынын инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга баруусунда Саудия аба мейкиндиги аркылуу өтүүсүнө Саудия уруксат бербегендиги аны кайра кайтууга мажбур кылгандыгын бидирди» («Франция 24», 2013.08.04.).

7. Жогоруда айтылгандардан айкын болгондой, митингдердин артында Америка турган жок. Британия аны баштаганга кудурети жетпейт. Андай болсо, ал кандайча башталды жана эмнеге тынчыбай уланып жатат?

Буга жооб төмөнкүдөй. Митинг элдин жашоосундагы кризистин күчөшү себебинен келип чыкты:

А. Башир жана анын айланасындагылар Америка талабын канааттандырып Судандын түштүгүнөн баш тартышса Судан туруктуу, жыргалчылыкта жашайт жана Америка ага карата киргизген санкцияларын алып салат деп ойлошкон. Бирок, мунун тескериси болду. Экономика мурдагысынан да төмөндүккө түшүп кризис күч алды. Кризис 2018-жылдын башынан баштап жана Америка санкцияларды алгандан кийин да күч алды! Өкмөт нандын баасын көтөрдү жана бажылык доллардын баасын үч эсе көтөрдү. Жергиликтүү акча бирдигинин куну түшүп кетти. Анын натыйжасында баалар көтөрүлдү жана мунайдын кризиси да келип чыкты. Нандын баасы асмандап таңсыктык башталды. Нанга кезек күтүүлөр сааттарга созулду жана баасы адамдар көтөрө албай турган деңгээлге жетти. Инфляция 70%ды түздү, Борбордук банк доллардын курсун туруксуздугун токтотуу максатында башка банктарга доллар бербей калды жана долларды 45,50 фунт стерлинг деңгээлинде кармап туруу үчүн жергиликтүү валютаны 60% төмөндөтүүгө аргасыз болду. Ал дагы төмөндөп 2019-жылы 20-февралда эркин базарда 75 фунт бир долларга барабар болду.

Б. Судан жашоочуларынын жакырчылыгы жогорку чегине жетти. Борбордук статистикалык аппараттын маалыматында көрсөтүлгөндөй «2011-жылы Түштүк Судан бөлүнгөндөн бери биринчи жолу өткөрүлгөн сурамжылоого ылайык калктын үчтөн эки бөлүгү жакырчылыкта күн өткөрөт». Мунун баары Эл аралык Валюта Фонду өз сунуштарын чыгаргандан кийин орун алды. Тагырагы, бул сунуш эмес, тескерисинче Эл аралык Валюта Фонду баардык жерде ишке ашырып келген буйруктарын чыгаргандан кийин ушундай абал пайда болду. Өкмөт экономикалык реформа жасоо жаатында техникалык жактан көмөк көргөзүүсү үчүн Эл аралык Банк менен келишишти, ага ылайык Дүйнөлүк Банк Судан өкмөтүнөн жергиликтүү валютаны өзгөрүлмө курска өткөрүүнү жана отун энергетикасына, электр энергияга, буудайга бөлүнгөн субсидияларды бекер кылууну талап кылды! Бул келишүү 2018-жылы октябрда Индонезияда Дүйнөлүк Банк менен болгон жолугушуу алкагында түзүлгөн. Маалым болгондой, Эл аралык Валюта Фонду Судан өкмөтүнөн 2017-жылы декабрдагы жылдык отчетунда фунтту өзгөрүлмө курска өткөрүүнү талап кылды. Эл аралык Валюта Фонду бул талап экономикалык өсүүнү калыбына салууда сырттан инвестиция тартуу үчүн зарыл экендигин баса белгиледи, ошондой эле 2019-2020-жылдары валюта өзгөрүлмө курска өткөндөн кийин өкмөттөн электр энергияга жана буудайга бөлүнгөн субсидияларды жоюуну талап кылды. Судан өкмөтүнүн бул буйруктарга кулак салуусу калкты жакырчылыкка кептеген экономикалык кризистин келип чыгуусуна алып келди.

В. Мына ушундайча Судандагы кырдаал жарылуу чегинде турган эле, баалардын асмандап көтөрүлүүсү, жакырчылыктын күчөшү, жумушсуздуктун көбөйүшү, байлыктын туура эмес бөлүнүүсү себебинен элдер көчөөгө агылып чыкты. Мунун баары Баширдин капиталисттик бийлиги Эл аралык Валюта Фондунун осуяттарына кулак салып, аны аткаргандыгынын жана Америка кысымдарына моюн сунгандыгынын кесепети болду. Бул бийлик өзгөчө Америкага малай жана анын саясатын ишке ашырат.

Өлкөнүн Түштүгүн бөлүү өлкөдөгү ири кирешелүү мунайдан кол жуугандыкты билдирет. «2011-жылы Судандын Түштүгүн бөлүү кесепетинен Хартум казынага 80% киреше алып келген төртөн үч мунай ресурсунан кол жууду» («Ал-жазиира нет», 2018.12.26.). Анын натыйжасында калктын жакырчылыгы күчөдү… Кийин 2018-жылы 19-декабрда өлкөнүн Түндүк аймагы Нил дарыясы вилаятында жана Атбара шаарында Судан революциясынын учкуну башталды. Кийин ал бүткүл өлкөнүн аймактарына жайылды. Ал дагы эле токтобостон уланып жатат. Анын оту өчпөстөн жалбыртап бир гана талап менен бийликтин кетүүсүн талап кылып жатат.

Мына ушундайча митинг өзү-өзүнөн келип чыкты. Ошондой эле жогоруда баяндалгандай, андан пайдаланып митингди өз нугунан чыгарып жиберүү жана өз максаттарын ишке ашыруу үчүн башка күчтөр да ага кошулду.

8. Сөз акырында бул жерде терең назар сала турган эки нерсе бар:

Биринчиси: Америка өз малайларына биринчи кезекте тапшырган иши – бул Американын кызыкчылыгын ишке ашырып берүү үчүн болгон аракетти жумшоо. Башир бул жаатта болгон күч-аракетин жумшады, ал тургай анын кыянатчылыгы Судандын түштүгүн бөлүп жиберүүгө чейин жетип барды… Азыркы күнгө чейин, жогоруда айтылып өткөндөй, Америка Баширдин бийлигин колдоого алып келет. Бирок, эгер каршылык митингдери токтобостон күчөй берсе, аны жакынкы аралыкта басууга Баширдин кудурети жетпесе, анда Башир Америка көз алдында кулайт жана Америка кызыкчылыгын ишке ашырып берүүгө алсыз болуп калат. Ошол учурда Америка анын ордун алмаштырууга бел байлайт. Америка  өкмөт курамындагы өз адамдарын оппозиция толкуну менен бирге болушу үчүн өкмөттөн чыгарып митингчилердин катарына койду, айрыкча, ага малай Мухамед Усман ал-Миргани жетектеген Демократия партиясын оппозиция катарына кошту. Американын бул кадамдарынын баардыгы ушул жаатка каратылышы толук мүмкүн. Башкача айтканда, Баширдин ордун ээлей турган адамды даярдоо жаатындагы кадамдар. Анткени, Баширдин ордун ээлей турган адам калк тарабынан кабыл алынышы керек. Америка бул ыкманы өз малайлары менен биргеликте иш салат. Амкрика муну Мубаракка да колдонгон. Мубарак митингдерди баса албаганда Америка аны бийликтен кетүүнү буйруду жана аскерий межлисте анын ордун ээлөөсү үчүн Тантавини койду. Бул ыкма Америка адатка айлантып алган ыкма. Америка өз малайын бийликтен кетүүгө буйруштан мурда анын ордун ээлей турган адамга муктаж болууда. Америка ал орун басар бышып жетиле электен мурда анын жүрөгүнө канжар болуп сайыла турган калыс ыкластуулар бийликке келип кала турган өзгөрүү жүз беришинен коркууда. Баширди азыркы учурга чейин кармап турушу ушуга байланыштуу.

Экинчиси: минтингдер учурундагы өлгөндөрдүн каны, жарадар болгондордун аркеттери жана жалпы калктын оор жоготуулары текке кетүү коркунучу бар. Митингдердин акыр аягы бир малайдын ордуна башка малай келип, илманий дастур өзгөрүүсүз калып өлкөнү ичинен жемирген түзүм ошол бойдон сакталып калууга алып барат. Биз мына ушул нерседен эскертебиз, анткени митингдерде азыркы күнгө чейин Исламды кайрадан жашоого кайтара турган, шариятты толук ишке ашыра турган туура жолдогу Халифалыкты тикелөө  талабы коюлган жок. Ошол себептен улам, саясий кризис өзгөрбөстөн, а түгүл андан да жаман абалда кала берет. Экономикалык кризис мындан жаман абалга кептелет. Акыйкатта Аллах Таала айтат:

«Силерге Мен тараптан хидаят келгенде ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот» [20:123]

«Эй акыл ээлери ибрат алгыла» [59:2]

29-жумаадил-аахир, 1440-х.

4-март, 2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here