Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал кайрадан курчуду

420
0

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал кайрадан курчуду

Кудайсыз коммунисттер өкмөтү байыртадан бир Үммөт өкүлдөрү болгон Түркстан мусулмандарына “улут” деген кооптуу түшүнүктү киргизип, Түркстандагы бир бүтүн Үммөттү беш республикага бөлүп таштады. Республикалар ортосунда жасалма чек араларды тартып жаткан убакта коммунисттер бул жердеги мусулмандардын ортосунда келишпестик жана карама-каршылыктарды тынымсыз пайда кылып туруу жана ушул аркылуу өзүнүн таасири астында кармап туруу оңой болушу үчүн чек араларды шахмат талаасы сыяктуу кылып белгилеп койду. Коммунисттердин бул айла-амалы ушул күнгө чейин «жемишин» берип келүүдө.

Кийинчерээк, бул республикалар “эгемендүү” болгон соң алардын биригүүсүнө жол бербөө, чачыранды жана алсыз абалда кармап туруу үчүн Батыш колонизаторлору да кудум ушул “улутчулдук” жана “мекенчилдик” пикирлерин кеңири жайылтууга аракет кылышты. Алардын бул максаттары ишке ашуусуна ар бири өзүнчө “эгемендүү” болгон мамлекеттердин башчылары аябай кызмат кылышты. Бул жетекчилер өздөрү башкарып жаткан элдерге “улут сыймыгы”, “өлко эгемендүүлүгү жана кол тийбестиги” идеяларын сиңдирүүдө бири-биринен озуп кетишти.  Бул акимдер жеке кызыкчылыгы үчүн базары жана мазары бир болгон элдерди бири-биринен ажыратып, ортосуна тикендүү зым тартып, ал тургай миналарды жайгаштырып коюшту. Ошону менен эле чектелбестен, мусулмандар ортосунда биримдик пайда болбосун үчүн ар түрдүү фитна жана кыргындарды уюштурушту.

Бүгүнкү күндө да баскынчы мамлекеттер, айрыкча, Россия бул республикаларды өз таасири астында кармоодо ушул чек ара деген проблемадан пайдаланып келүүдө. Белгилүү болгондой, Кыргызстан бийлиги 2014-жылы “Манас” аэропортунан АКШнын аскерий базасын чыгарып жибергенге чейин, же ЕАЭБге мүчө болууну кечиктире баштаган убактарда да кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасында карама-каршылыктар күчөгөн.

2014-жылы Кыргызстандын кошуна мамлекеттер менен чек арасында жалпысынан 40 жолу чек ара жаңжалы жүз берген. Булардан 32 жаңжал кыргыз-тажик, 5 жаңжал кыргыз-өзбек, 2 жаңжал кыргыз-казак чек арасында, ал эми 1 жаңжал кыргыз-кытай чек арасында жүз берген. 2013-жылы кыргыз-тажик чек арасында 19 жаңжал катталган болсо, ал эми 2014-жылдын 10 айында 32 жаңжал катталган.

 Ушул айдын аягында Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Россия Борбор Азиядагы таасирин сактап калууда Афганистан коркунучунан пайдаланып, бул региондо аскерий аралашуусун күчөтүүгө аракет кылууда. Путиндин сапарынын астында болсо Кыргызстан түштүгүндө Россиянын дагы бир аскерий базасын куруу боюнча сүйлөшүүлөр болгону тууралуу кабарлар пайда болду. Эки-үч жылдан бери дээрлик тынчып калган кыргыз-тажик чек арасындагы проблемалар Путиндин сапарынын алдында жаңы дем менен күчөшү бекеринен эмес. Балким, Кыргызстан түштүгүндө дагы бир аскерий база курууга шарт түзүү үчүн болуп жаткан болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, бул проблемалар чек араларды бекемдөө, же болбосо, эки өлкө ортосундагы талаштуу аймактарды тактоо менен эле чечилип калбайт. Тескерисинче, бул проблема – колонизатор мамлекеттердин малайлары болгон акимдер мусулмандардын зээнине сиңдирип койгон “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу төмөн жана чириген пикирлерди таштап, кайрадан өз динибиз Исламга кайтуу менен, башкача айтканда, Аллахтын өкүмдөрүн турмушта колдонуу менен чечилет.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here