Дэвид Петреус: Путин НАТО үчүн “чоң белек”

318
0

Дэвид Петреус: Путин НАТО үчүн “чоң белек”

ЦРУнун мурдагы жетекчиси Дэвид Петреус, “РФ президенти Владимир Путин НАТО үчүн “эң чоң белек” деди. Ал мындай сөзүн Индияда уюштурулган “Raisina Dialogue” конференциясында айтты.

Петреустун айтышынча, Путиндин бийликке келиши НАТОнун “бар болуп туруусуна жаңы себеп” болгон.

Петреустун пикиринде, Вашингтон “жаңы геосаясий тартип” жаатында НАТО жардамында талашып-тартышат.

Петреус кошумчалап: “Дональд Трамп НАТОну сындашына карабастан, Ак үй Европада Америка аскерлеринин санын көбөйтүү планын өнүктүрүүдө”, – деген.

Эске сала кетсек, буга чейин Трамп НАТОго  мүчө өлкөлөрдү коргонууга бөлүнүүчү каражатты көбөйтүүгө чакырган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here