Абдулла Арипов Кыргызстанга келет
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 18-декабрь күнү Кыргызстанга расмий сапар менен келет.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Арипов Ош шаарында Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Кабарда: “2018-жылдын 18-декабрында ыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун төрагалыгы астында Ош шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арага жакын облустарынын башчыларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин экинчи отуруму өтөт”, – деп айтылган.
Кыргызстан жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңеши Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2017-жыл, 5-6-сентябрдагы Бишкекке сапарынын алкагында кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн.
Аталган Кеңештин биринчи отуруму үстүбүздөгү жылдын 29-30-март күндөрү Ферганада болуп өткөн.