Конашенков: Пентагон Шойгунун сунушуна жооп бербей жатат

272
0

Конашенков: Пентагон Шойгунун сунушуна жооп бербей жатат

“Пентагон РФнын коргоо министри Сергей Шойгунун Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталар туурасындагы келишим боюнча келишпестиктерди талкуулоо сунушуна жооп бербей жатат”, – деп кабарлады РФ Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Анын айтымында, Шойгу америкалык кесиптеши Жеймс Мэттиске Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталар туурасындагы келишим боюнча эки өлкө ортосундагы келишпестикти талкуулоону сунуштаган.

 “Арадан үч күн убакыт өтсө да, РФ Коргоо министрлигинин бул сунушуна АКШнын аскерий мекемеси расмий жооп бере элек”, – деген Конашенков.

Шойгу тарабынан Мэттиске жөнөтүлгөн дагы бир нота Сириядагы кырдаалга тиешелүү болгон.

АКШ жана НАТО Россияны Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталар туурасындагы келишимди бузгандыкта айыптап келет. Анда 9М729 ракетасы келишимдин шарттарына тескери келери айтылат. Россиянын билдиришинче, аталган ракетанын учуу аралыгы 500 километрден ашпайт, ошондуктан келишимдин шарттары бузулбаган. АКШ 4-декабрда, эгерде Россия 60 күндүн ичинде келишимди аткара баштабаса, АКШ аталган келишимден чыга тургандыгын кабарлаган.

 Буга чейин, АКШнын куралдарды кыскартуу туурасындагы дагы бир келишимден чыгып кетиши мүмкүн экендиги кабарланган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here