Ак үй: Трамп менен Эрдоган Сирия боюнча келишип алышты

354
0

Ак үй: Трамп менен Эрдоган Сирия боюнча келишип алышты

АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Сирияда аткарыла турган иштер боюнча координацияны улантууга келишип алышты. Бул тууралуу, Ак  үйдөн берилген билдирүүдө кабарланды.

Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс берген билдирүүдө: “Эки өлкөнүн жетекчилери, Түркия жана АКШнын Сириядагы кризисти жана эки тараптуу маселелерди, анын ичинде, терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. О.э. Сирияда эки өлкөнүн коопсуздук максаттары ишке ашуусу үчүн координацияны улантууга келишип алышты”, – деп айтылат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Трамп менен Эрдогандын маегинен кийин, Түркия өкмөтү Асад менен кызматташуусу мүмкүн экендигин билдирди. Чавушоглунун айтышынча, эгерде Сириядагы шайлоодо Башар Асад утуп чыга турган болсо, Анкара анын менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр.

Октябрь айында АКШнын Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри, Сириядагы максаттар жаатында АКШ админстрациясы Түркия менен бир пикирде экендигин жана Түркиянын Сирия боюнча аткарып жаткан иштеринен АКШ ыраазы экендигин билдирген.

Жеффри: “Президент (Дональд Трамп) тарабынан БУУнун Башкы Ассамблеясында көтөрүлгөн Сириядагы биздин негизги максаттарыбыз маселесинде Түркия президенти биз менен бир пикирде”, “Түркия түрдүү дипломатиялык жана аскерий аракеттерди ишке ашырып, сөзүндө турарын далилдеди. Бул нерсе өтө маанилүү”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here