Дуда: АКШ Польшада туруктуу база курушу керек

309
0

Дуда: АКШ Польшада туруктуу база курушу керек

АКШ Президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушкан Польшанын президенти Анджей Дуда АКШны Польшада туруктуу аскерий база курууга чакырды. Дуданын айтымында, ал Польшада курулуучу АКШ базасын ыраазылык менен кабыл алат жана бул базага “Трамп чеби” деген наам берилет.

Дуда: “Мамлекетибизде АКШ аскерлери бар болушу өтө маанилүү. Биз муну ишке ашырышыбызга ишенем. Бул чечим Польша жана АКШнын кызыкчылыктарына туура келет деп ойлоймун…. Трампка бул жаатта кепилдик бердим, биринчи жана эң маанилүү чекит: Эгерде АКШнын туруктуу базасы бар болсо, Россиянын региондогу ишмердүүлүгүн активдештирүүсү, Европанын бул региондо аскерий кубатын күчөтүшү жана коопсуздук маселеси кооптуу абалга түшүп калышы жөнүндө сөз болбойт”, – деди.

АКШ президенти Трамп да Польша менен аскерий алаканы бекемдей тургандыгын, ал эми Польшада туруктуу аскерий база куруу жөнүндө Дуда менен сүйлөшүп аларын билдирди.

“Президент Дуда менен эки тараптуу аскерий алакаларды бекемдөөгө келишип алдык. Аскерий, разведка, коргонуу, технология жана билим берүү тармактарында алакаларды бекемдейбиз», – деди Трамп.

Польшада туруктуу АКШ базасын куруу маселесинде азырынча эч кандай чечим кабыл ала электигин билдирген Трамп, Польша бул база үчүн АКШга 2 млрд доллар сунуштагандыгын айтты.

“Польша өз аймагында биздин базабыз турушу үчүн АКШ экономикасына салым кошууга даяр. Эгер алар ушундай кылууга даяр болсо, албетте бул маселеде сүйлөшүп алышыбыз мүмкүн жана муну олуттуу түрдө үйрөнүп чыгабыз. Польша бул пикирди жакшы көрүшүн билемин жана биз да муну этибардан четте калтырбайбыз”, – деди Трамп.

Россия болсо мындай өзгөрүүлөр Чыгыш Европанын туруктуулугуна зыян жеткиришинен эскертип келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here