Россия Сирияны С-300 менен куралдандырат

307
0

Россия Сирияны С-300 менен куралдандырат

“Россия Сирияга заманбап С-300 зениттик ракета комплексин берет. Бул тууралуу РФ коргоо министри Сергей Шойгу 24-сентябрь күнү билдирди”, – деп кабарлады ТАСС.

 Шойгу: “Сириянын куралдуу күчтөрүнө эки жума ичинде заманбап С-300 зениттик ракеталык комплекстери берилет. Ал асмандагы 250 километр чакырымдагы кол салууну тосуп калууга жөндөмдүү жана бир учурда бир канча багытты бутага алат. Жогорку коргонуусу жана тез ата алганы менен ракеталык комплекс Сириянын абадан коргонуу кубатын кыйла күчтөнтөт”, – деди.

Июнь айында Сириянын президенти Башар Асад Россиядан С-300 зениттик ракета комплекстери жеткирип берилиши жөнүндө маалымат берилбестигин айткан.

 Башар Асад “Ушул комплекстер берилиши же берилбеши жөнүндө биз эч кимге кабар бербейбиз. Бул курал качан колдонулса, ошондо билип алышат”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here