Нeтаняху муътадил мусулмандардан ыраазы

255
0

Нeтаняху муътадил мусулмандардан ыраазы

Яхудийлердин премьер-министри Бенямин Нетаняху араб дүйнөсүндөгү айрым муътадил (мээлүүн) мамлекеттер менен яхудийлер ортосундагы алакалар мурункуга караганда жакшы өнүгүп жаткандыгын билдирди. Нeтаняху бул тууралуу Мисир жана яхудий вужуду ортосундагы согушта курман болгон яхудий аскерлерин эскерүү иш-чарасы учурунда айтып өттү.

“Жакынкы Чыгыш кооп-коркунучка толгон. Бирок, чырак нурлары да бар. Муътадил араб дүйнөсү менен алакабыз болуп көрбөгөндөй деңгээлде өнүгүүдө. Ири мамлекеттер Израиль менен алаканын пайдасын күн өткөн сайын көбүрөөк сезип жатышат”, – деди Нетаняху 1973-жылдагы Киппур согушу жөнүндө сүйлөгөн сөзүндө.

Израиль менен муътадил араб мамлекеттери ортосундагы жакындашуу туруктуу көрүнүштө өнүгүп бара жаткандыгын билдирген Нетаняху: “Бул нерсе бир аз убакыт талап кылышы мүмкүн, бирок азыркы баскычма-баскыч жакындашуу анык натыйжа беришине жана адаттагы көрүнүшкө айланышына, андан соң тынчтык орнотушуна ишенемин”, – деди.

Яхудий маалымат каражаттары Нетаняху атын атабастан, «муътадил» деп сүрөттөгөн мамлекеттер Перс булуңу мамлекеттери экендигин, айрыкча алардын арасында Бириккен Араб Эмираттары жана Саудия биринчи орунда экендигин жазып чыгышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here