Москва жана Душанбе «Талибан»га чабуул кылгандыгын четке кагышты

353
0

Москва жана Душанбе «Талибан»га чабуул кылгандыгын четке кагышты

Россия менен Тажикстан Афганистандын түндүк-чыгышында жайгашкан Тахор провинциясында «Талибан» кыймылына асмандан чабуул уюштургандыгын четке какты. Бир-эки күн мурда афган өкмөтүнүн эки жооптуусу “Рейтерс” маалымат агенттигине берген интервьюсунда, орустарга же тажиктерге караштуу аскерий учактар чек ара аймагындагы куралдуу кыймылга асмандан сокку ургандыгын билдиришкен.

Ошол эки жооптуунун билдиришинче, аталган чабуулда «Талибан» кыймылына караштуу алты куралдуу адам өлгөн. Дагы экөөсү кагышуу учурунда өлтүрүлгөн.

Бирок, Россиянын Коргоо министрлиги билдирүү таратып, афган өкмөтүнүн билдирүүлөрүн четке какты. Билдирүүдө келишинче, Россия учактары аталган региондо бир да согуштук операция жүргүзгөн эмес жана бул тууралуу массалык маалымат каражаттарында таратылган кабарлар негизсиз.

Тажикстан Коргоо министрлигине жана Улуттук коопсуздук комитетине караштуу булак да, тажик күчтөрү ишке ашыргандыгы айтылып жаткан жогорудагы кабарлар жалган экендигин билдирди. Булактын билдиришинче, тажик күчтөрүнүн – Улуттук коопсуздук комитети Коргоо министрлиги менен кеңешип, бул жаатта чечим кабыл алынмайынча – мамлекеттен тышкарыда аскерий операцияларды ишке ашырууга укугу жок.

Өз кезегинде, Тажикстан чек ара кошуундарынын расмий өкүлү “Интерфакс” маалымат агенттигине 10-12 адамдан турган куралдуу топ Афганистандан Тажикстанга жашыруун киргендигин билдирди. Анын айтымында, алар бир автомобилге чабуул кылып, эки адамды өлтүрүшкөн. Учурда чек арачылар тарабынан аларды издөө иштери жүрүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here