Афганистан боюнча Москва жолугушуусу белгисиз мөөнөткө калтырылды

303
0

Афганистан боюнча Москва жолугушуусу белгисиз мөөнөткө калтырылды

Россиянын Тышкы иштер министрлиги Москвада 4-сентябрда өткөрүү пландаштырылган Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр башка убакытка жылгандыгын тастыктады. Жаңы убакыт дипломатиялык каналдар аркылуу келишип алынат. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Дүйшөмбү күнү РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Афганистан президенти Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кабарда: “Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелери, анын ичинде Афганистан боюнча  эки мамлекет төрагалыгы астында Москва форматындагы жолугушуу өткөрүү талкууланды. Афганистан президенти Москванын жолугушуу өткөрүү пикирин колдоп, бул маселе боюнча афган тараптын бирдиктүү позициясын иштеп чыгуу, ошону менен бирге Афганистан күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинде болуп жаткан өзгөрүүлөр себептүү аталган жолугушууну башка убакытка жылдырууну сунуштады… Тараптар жолугушуунун жаңы убактысын дипломатиялык каналдар аркылуу биргеликте белгилөөгө келишип алышты”, – деп айтылат.

Өткөн аптада расмий Кабул Афганистан боюнча 4-сентябрга пландаштырылган жолугушууга катышпастыгын билдирген эле. Себеби, ал конференцияга “Талибан” делегациясы келиши мүмкүн.

О.э. өткөн аптада Афганистан президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Мухаммад Ханиф Атмар отставкага кетти. ЖМКларын маалыматына ылайык, Атмар президент Ашраф Ганинин башкаруу стратегиясы менен келише албаган. Атмар бул кызматта турган учурда бир нече жолу расмий сапар менен Москвада болуп, РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын ордуна Афганистандын АКШдагы элчиси дайындалышы күтүлүүдө

Туркистон:

Россия бийлиги – Женева конференцияларына алтернатива катары о.э. АКШнын каалоосуна тескери көрүнүштө – Сирия маселеси боюнча Астана жана Сочи конференцияларын уюштурган эле. Афганистан күчтөрүн координациялоо максатында жогорудагы иш-аракеттери да ийгиликсиз болору күтүлүүдө.

Афганистан өкмөтү АКШга ар тараптан (экономикалык, саясий, аскерий) толук көз каранды абалда. Россия Борбор Азияны өзүнүн таасири астындагы аймак деп билгени, анын Афганистанга таасири өтө алсыз. Учурдагы эл аралык саясий кырдаалда тарых дагы кайталанып, Афганистан кайрадан көңүл борборундагы аймакка айланып барууда.

Россия эми Афганистанда башаламандык пайда кылуу максатындагы провокациялык стратегиясын күчөтөт. Бул максатын ал көбүрөөк Тажикстандагы өзүнүн аскерий базасына жакын жерлерде уюштурууга аракет кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here