Кытай Афганистанда аскерий база куруп баштады

395
0

Кытай Афганистанда аскерий база куруп баштады

Кытай Кабул менен террорчулукка каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты ишке ашыруу максатында Афганистандын Бадахшан провинциясында алгачкы аскерий базасын куруп баштады. Бул тууралуу “South China Morning Post” басылмасы кабарлаган.

Айтылышынча, Кытай база курулуп жаткан жерге курал жана афган күчтөрүн даярдыктан өткөрүү үчүн бир батальон жөнөтөт.

База түндүктөн Тажикстан менен, түштүктөн Пакистан менен жана чыгыштан Кытайдын Уйгур автономиялуу облусу менен чектеш болгон тоолуу аймакка жайгашат.

Кабарда келишинче, бул Кытайдын кошуна Афганистандагы алгачкы аскерий аралашуусу болот. 2017-жылы Кытай чет өлкөдөгү алгачкы аскерий-логистикалык базасын Африканын Жибути мамлекетине жайгаштырган эле. Бирок, ал жердеги контингенттин негизги бөлүгү деңиз причалын жана инфраструктурасын куруп жаткан инженерлер менен куруучулардан турат. Афганистандагы база болсо, акыркы жылдарда тынымсыз теракттар жүз берип жаткан Синьцзянга жакын болгондугу себептүү таптакыр башкача стратегиялык ролду аткарууга каратылган.

Серепчилердин айтымында, бул аскерий база “ИШИМ”дин сабында даярдыктан өткөн жана аскерий операцияларда тажрыйбасын ашырган уйгурлар жана башка экстремисттердин Кытайга кирип келишинин алдын алуу үчүн курулууда. Мындан тышкары, “Бир алкак, бир жол” долбоорунун негизинде соода жолдорундагы коопсуздукту камсыздоо зарылдыгынан келип чыгууда.

Бирок, Кытайдын Коргоо министрлиги Афганистанда аскерий база куруу пландарын бүгүнкү күнгө чейин тастыктай элек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here