Арабдардын АКШ банктарындагы акчалары конфискация кылынышы мүмкүн

389
0

Арабдардын АКШ банктарындагы акчалары конфискация кылынышы мүмкүн

АКШ жана Британия банктарында Булуң өлкөлөрү т.а. Саудия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Бахрейн мамлекеттерине тийиштүү 4 триллион доллар бар. Бул акчалардын чоң   бөлүгү Саудияга жана Бириккен Араб Эмираттарына тийиштүү. Нефть жана газ ресурстарынан түшүүчү кирешелер түздөн-түз АКШ банктарына барып түшөт. Бирок, АКШ “мен силердин акчаңарды конфискация кылдым, бербеймин” деп айта турган болсо, аталган мамлекеттер эч нерсе кыла алышпайт.

Эксперттердин билдиришинче, башка мамлекеттерге каршы “кошумча салык” теориясын көтөрүп чыгып жаткан Трамптын Булуң мамлекеттеринин акчаларын конфискация кылышы убакыт маселеси болуп калды. Себеби, АКШ 11-сентябрь окуясы жана 2008-жылдагы ипотекалык кризис учурунда АКШ арабдардын триллиондогон долларларын банктардан алышына уруксат бербеди.

Трамп көз артып жаткан Булуң мамлекеттеринин байлыктары банктардагы акчалар эле эмес. Нью-Йорк фондулук биржасында айланып жаткан арабдарга караштуу компаниялардын акциялары менен АКШ-Саудия кызматташтыгында түзүлгөн компаниялар да коркунуч астында калууда.

Түрк-Араб ишкерлер уюмунун төрагасы Жамалиддин Карим Саудиянын нефтиден болгон кирешеси түздөн-түз АКШ банктарына түшө тургандыгын айтты.

“Бул каражаттарды эч пайдаланбастык, конфискация кылуудан да жаманыраак. Араб өкмөтүнүн жакырларга жумшашы керек болгон нефтиден түшкөн кирешелер, тилекке каршы, АКШ банктарында айланууда. Трамп бул акчаларды оңой эле алып коюшу мүмкүн”, – деди Жамалиддин Карим.

АКШ банкындагы каражаттардын чоң бөлүгү Булуң мамлекеттеринин жетекчилерине жана алардын жакындарына тиешелүү экендигин баса белгилеген Жамалиддин Карим: “Араб миллиардерлери каалашса да, акчаларын ала алышпайт. Ал акчалар кудум конфискация кылынгандай эле, ар дайым АКШ банктарында турат. Кээде азыраак пайдаланууга уруксат берилет, кээде таптакыр уруксат берилбейт…” – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here