Тажикстан да Борбор Азияда “Жибек Жолу визасы” берилишин колдойт

359
0

Тажикстан да Борбор Азияда “Жибек Жолу визасы” берилишин колдойт

Тажикстан Борбор Азия өлкөлөрү ортосунда жалпы “Жибек Жолу визасы” берилишине кызыгууда.

Тажикстан парламентинин эл аралык иштер, коомдук бирикмелер жана маалымат комитетинин төрагасы Олим Салимзоданын айтымында, мындай демилге Тажикстанда өтө чоң кызыгуу ойготот.

“ Президент Эмомали Рахмон эгемендүүлүккө жетишкенден бери региондогу өлкөлөрдүн жакындашуусунун о.э. туристтер,  товарлар жана кызматтар үчүн жасалма тоскоолдуктарды алып таштоонун тарапкери болуп келет”, – деп айтылат кабарда.

Буга чейин Өзбекстан жана Казакстан “Silk viza” берүүнү сунуштаганы кабарланган. Тараптар ортосунда бул жаатта кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here