Иранга каршы санкциялар расмий түрдө күчүнө кирди

363
0

Иранга каршы санкциялар расмий түрдө күчүнө кирди

АКШ бийлиги Иранга каршы экономикалык санкциялардын биринчи бөлүгүн расмий түрдө ишке ашыра баштады. Т.а. Ирандын АКШ долларынан пайдаланышы, мамлекеттик облигацияларын сатышы, алтын жана башка баалуу таштар менен о.э. болот, алюминий сыяктуу металдар менен соода кылуу о.э. самолёт же анын запастык бөлүктөрүн импорт кылышына тоскоолдук кылуу үчүн киргизилген санкциялар Вашингтон убактысы менен 00:01ден баштап күчүнө кирди.

О.э. чет өлкөлүк компаниялар Ирандын автомобил өнөржайына киришинин алдын алуучу санкциялар жана килем, жаңгак-мисте сыяктуу товарларды АКШга экспорт кылуу эмбаргосу да күчүнө кирди.

Энергетика тармагын камтыган санкциялардын экинчи бөлүгү 5-ноябрда күчүнө кирет. Бул абал акыркы айларда кризиске келип калган Иран экономикасына өтө чоң зыян жеткирери айтылууда.

Ирандын Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Али Рабии да санкциялар себептүү 1 миллион адам жумушсуз калышы мүмкүн экендигин билдирип, АКШнын бир тараптуу кадам ташташы Иранга өтө чоң экономикалык зыян жеткиришин билдирди.

АКШ президенти Дональд Трамп кечээ күнү Иранга каршы санкциялар кайрадан киргизилиши боюнча берген билдирүүсүндө, санкциялар толук ишке ашырылышына АКШ олуттуу кирише тургандыгын жана бул нерсе Иран менен алакасын үзбөгөндөр үчүн олуттуу натыйжаларга себеп болорун айтты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here