Саудия Яманда жаш балдарды бомбалады

369
0

Саудия Яманда жаш балдарды бомбалады

Сауд Арабиясы башчылыгындагы коалициялык күчтөр Ямандын (Йемен) түндүк-батышында жайгашкан Саада шаарында жаш-балдардын автобусуна чабуул кылды. Акыркы кабарларга ылайык, чабуулда 50 адам өлүп 77 адам жараат алган. Алардын дээрлик бардыгы 15 жаштагы балдар болгон.

АКШ жана Саудия учактары тарабынан уюштурулгандыгы айтылып жаткан чабуулда, өлгөндөрдүн арасында мугалимдер да бар экендиги айтылууда.

Отчётто келишинче, автобус Саада шаарындагы Дахян базарынын ортосунда турган учурда чабуулга учурагандыгы себептүү курмандыктар көп болгон.

Саудия башчылыгындагы коалициялык күчтөр болсо аталган чабуул мыйзамдуу аскерий операция болгондугун о.э. бул операция эл аралык гуманитардык мыйзамдар жана принциптерге ылайык ишке ашырылгандыгын билдирүүдө.

Саудиянын расмий маалымат агенттиги “SPA” кабарлагандай, коалициялык күчтөрдүн маалымат катчысы полковник Түрки ал-Малики коалициялык күчтөрдүн чабуулу боюнча жарыя кылынган жазма билдирүүсүндө, автобуска уюштурулган чабуул мыйзамдуу аскерий операция болгондугун баса белгилеген.

Адам укуктарын коргоочу уюмдардын билдиришинче, Саудия башчылыгындагы коалициялык күчтөрдүн Ямандагы Хусилерге каршы согушунда базарлар, мектептер, ооруканалар жана жай тургундар жашаган турак-жайларды бомбалоо көп катталган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here