Ташкентте “С5+1” жумушчу тобунун жыйыны өттү

335
0

Ташкентте С5+1жумушчу тобунун жыйыны өттү

2018-жылы 23-июль күнү Ташкент шаарында “Борбор Азия – АКШ” (С5+1) кызматташтыгынын коопсуздук боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү.

ТИМ маалымат кызматынын кабарына ылайык, иш-чарага Борбор Азиянын бардык мамлекеттеринин жана Америка Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселелери, экстремизм, терроризм коркунучуна каршы күрөшүү, чегаралардын коопсуздугун камсыздоодо кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө пикирлер айтылды.

О.э. Афганистандагы кырдаалды чечүү жаатындагы кызматташтык жана анын келечеги талкууланды. Жыйындын катышуучулары Борбор Азиядагы туруктуу өнүгүү коңшу Афганистандагы тынчтыкты жана тилектештикти камсыздоого тыгыз байланышканын баса белгилешти.

Борбор Азия мамлекеттери – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ тышкы иштер аппарат жетекчилери 2015-жылы жолугушуп өз ара кызматташууга багытталган “С5+1” форматын негиздешкен.  “С5+1” – саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-коммуникациялык, энергетикалык алакалар о.э. трансчекаралык кооп-коркунучтардын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатында кызматташууга багытталган кеңешүү механизми.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here