Яхудий аскерлеринин жарымы баңгизат колдонот

479
0

Яхудий аскерлеринин жарымы баңгизат колдонот

(Израилдеги) наркотикалык заттарга каршы күрөш агенттиги яхудий армиясында кызмат өтөп жаткан аскерлердин арасында баңгизатты колдонуу абалдары улам көбөйүп бара жатканын маалымдады.

Агенттиктин иликтөөсүнө ылайык, яхудий аскерлеринин жарымынан көбүрөгү т.а. 54,3%ы өткөн жылы кеминде бир жолу болсо да баңгизат колдонгон. Ал эми, өткөн бир айда эле баңгизат колдонгон аскерийлердин саны 40%дан жогорулаганы байкалган.

О.э. агенттик өткөн жылы яхудий аскерлери арасында баңгизат колдонуу абалдары 2009-жылга салыштырмалуу 11%га көбөйгөнүн баса белгиледи.

“Эрдик” көрсөтүп, палестиналык аялдарды жана жаш балдарды камакка алып жаткан “баатыр” яхудий аскерлеринин баңгизат колдонушу өткөн жылга чейин кылмыш эсептелип, бул үчүн жаза-чаралар колдонулуп, ал тургай камакка алынган. Бирок, 2017-жылдын январь айынан тарта яхудий армиясынын катарында баңгизат колдонууга тыюу салган мыйзам бекер кылынды. Андан соң яхудий армиясында баңгизатты колдонуу абалы бештен ашпашы үчүн камакка алуу жазасы бекер кылынып, анын ордуна административдик жаза киргизилди.

Адистердин пикирине ылайык, бир тараптан бул токтом баңгизат колдонгон аскерлерге каршы алып барылган тергөөнүн материалдык жүгүнөн кутулуу болуп эептелсе, экинчи тараптан аскерлерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү үчүн кабыл алынган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here