Шейх Салих Ал-Фаузан: Акимдерди акаарат кылган киши хавариж болуп эсептелет, ал тууралуу өкмөттү кабардар кылгыла

753
0

Шейх Салих Ал-Фаузан: Акимдерди акаарат кылган киши хавариж болуп эсептелет, ал тууралуу өкмөттү кабардар кылгыла

Саудиянын мураскору шахзадасы Мухаммад бин Салман күтүүсүздөн “Улуу аалымдар кеңеши”нин мүчөсү Салих Фаузандын Эр-Рияд шаарындагы үйүнө барды. Активисттер шахзада Салих Фаузандын үйүнө барганы тууралуу тартылган видеону социалдык тармактарга таратып жиберишти.

Аталган видеоматериалда шахзада ибн Салман шейх Фаузанга: “Эй шейх, Аллахка алкыш-мактоолор болсун, соо-саламат экенсиз. Кудай кааласа, мындан да жакшы болосуз”, “Министрлер жыйынын бүтүрүп, Жиддага баруудан мурда сизди зыярат кылганы келдик”, – деген.

О.э. видеоматериалда, шахзада бин Салманга зыяраты үчүн ыраазылык билдирген Шейх Фаузан шахзаданы жана коштоп жүргөндөрдү үйгө кирүүгө чакырган. А бирок, Шейх Фаузандан мурда үйгө кирүүдөн баш тарткан шахзада Шейхке “Сиз менин атамсыз, эй Шейх” деген.

Шахзаданын зыяратынан таасирленген Шейх Фаузан арадан бир нече саат өткөндөн кийин, бийликтегилерди жана аалымдарды акаарат кылуу хавариждик экендиги жана андай кылган адамдар тууралуу дароо өкмөткө кабарлоо керектиги тууралуу фатва чыгарды. Бийликтергилерди акаарат кылган кишинин шаръий өкүмү тууралуу суралганда Шейх Фаузан “Андай абалга күбө болгон адам дароо аны кайтарсын, эгерде ал кабыл албаса, ал тууралуу өкмөттү кабардар кылсын. Себеби, ал хавариж”, –  деп жооп берди.

Зыяраттан кийин активисттер Шейх Фаузандын “акимдерди акаарат кылган кишилер хавариждер”, деген жана мындайлардан өкмөттү кабардар кылууга чакырган аудио фатвасын таратышты.

Кабарда келишинче, Мухаммад бин Салмандын Шейх Фаузанды зыярат кылышы жана ага сый-урмат көрсөтүшү максатсыз болгон эмес. Серепчилердин айтымында, бул зыярат Шейх Фаузандан бин Салмандын бийликте калышын колдоп-кубаттоосун жана калктан итаат кылууну талап кылуу үчүн ишке ашырылган. Же болбосо, бул зыярат анын кудум ушул мазмундагы фатваларына, айрыкча аялдар жөнүндөгү фатваларына ыраазылык билдирүү үчүн ишке ашырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here