Американын Сириядагы ракета соккусунун акыйкаты

255
0

Американын Сириядагы ракета соккусунун акыйкаты

Суроо:

11-апрелде Путин, Эрдоган жана Роуханилердин жолугушуусу тууралуу чыккан суроо-жоопто бул үчөө Сирияда илманий бийликти сактап калуу менен  Америка кызыкчылыгын ишке ашырууга кызмат кылышат деп келген эле. Кийин Путин Сирияда Америка кызыкчылыгына кызмат кылууга толук макулдук кылуу менен  иш алып барып жаткандыгы айтылган…  Американын кечээ түнү Сирияга ракеталык сокку беришин кандай түшүнсө болот.  Анткени ал жерде Тартус менен Хамимде  Путиндин куралдуу күчтөрү жайгашкан эле.  Путин Сирияда өз куралдуу күчтөрүнө сокку урулуп жатса анан ал кантип Америка менен тил бириктирип иш алып бармак эле?  Кийин кызыкчылыктары ар түрдүү болгон Америка, Британия жана Франция ортосунда коалицияны кандай түшүнсө болот?  Ушуларды жаркындаштырып берүүңүздү өтүнөм.

Жооп:

  1. Алгач суроодогу кээ бир нерселерге тактоо киргизип кетели. Америка Сирияда Орусиянын турумдарына сокку урган жок. Бул 2018-жылдын 14-апрелинде Орусия коргоо министиринин берген билдирүүсүндө ачык көрүнүп турат. Америка болгону ага жакыныраак жерлерге сокку урду.  Орусия болсо буга каршы аракет кылбады. Ал Сирияда өзүн кожоюн сезгенине карабастан ага каршы бир аскерий аракет кыла алган жок!
  2. Американын бул соккусу Орусияга карата тарбия берүү ирээтинде болду. Ал соккулардын көбү Сирия режиминин химиялык курал жарактарды колдонгону үчүн болду. 14-апрелдин таңында ондон ашык турумдарга сокку урулду. Аскерий серепчилердин маалымат каражаттарына берген коментарийлеринде бул соккулардын аз гана бөлүгү химиялык курал өндүргөн заводдорго же изилдөө алып барган жерлерге урулду. Көпчүлүгү болсо аскерий турумдарга тийген.
  3. Ал эми бул соккулардын Орусияга карата тарбия берүү ирээтинде болгонуна келсек.  Орусия Сирияда Америка кызыкчылыгы үчүн кызмат кылганына карабастан кээ бир иштерди колго алууга умтула  баштады.  Ал Сирияда Америка таасирин бекемдей турган, ага кызмат кыла турган сызыктан чыгып, кожоюн катары тизгинди колго алууга умтула баштады. Ал үчүн Сирияда Американын ордун басуу эмес ага кызмат кылуу сызыгы гана бар болчу. Орусиянын Сириядагы куралдуу күчтөрү жайгашкан турумдарга жакын аралыкка Американын сокку уруусу Орусияны мурунку ордуна кайтарып коюу үчүн болду (Орусия эгер Американын кадамдары жаза тая турган болсо анын Сирияда кылган иштерин пайдалануу менен өзүн таасирдүү, кубаттуу кылып көргөзүүгө аракеттенген) .  Америка Орусияга күч менен бетме-бет туруп аны кемсинтти. Орусиянын Америкадагы элчиси Американын бул соккусун Орусияга эле эмес балким Путиндин өзүнө да кемсинтүү катары санады.
  4. Ал эми эмне үчүн соккунун, Орусияны кемсинтүүгө каратылганына келсек.

Трамп сокку урганга чейин бир нече күн мурун эле каарданып жаткан. Ал Сирия режимин аскерий турумдарды бошотуусун талап кылган кат да жолдогон. Ошондуктан ал жүздөн ашуун ракета аркылуу материалдык чыгашага учурата турган сокку урду. Бул соккулардын натыйжасына келе турган болсок. Мындай кемсинтүүгө Сирия режими башынан эле адаттанып калган. (Ким өзүн кор тутса аны кордоо жеңил болот). Мындай абалга малай акимдер адаттанып алган. Кожоюндары кызыкчылыктары талап кылган учурда  аларга каршы мындай сокку берүүнү олуттуу нерсе катары деле көрүшпөйт. Буга окшогон нерселер тарых барактарында толтура… Америка мындай нерсени өткөн жылы хан Шейхан окуясынан кийин да кылган. Малай үчүн мындай иш жаңылык эмес.  Балким алар буга адаттанып, көнүп да калган. Ал мындай соккулардан кийин да жеңиш майрамын майрамдап коюшу мүмкүн. Бул жерде маани бере турган нерсе соккулардын натыйжасы Орусия үчүн болду. Ал көптөгөн кемелерин алып чыгып кетти. Сокку берилиши мүмкун болгон орундардан тез арада кээ бир турумдарын бошотуп качты. Анткени соккулар анын турумдарына жакын аралыктарга жасалган. Ал өзүн Сириядагы иш тизгинин колго алган күч катары санап жатканына карабастан кээ бир турумдарын бошотту. Орусия коргоо министри билдиргендей, бул соккуларга каршы абадан коргонуу түзүмүн ишке сала албады.

  1. Бүгүн эртең менен Орусия жооптуларынын биринин билдирүүсүндө: Орусия бул сокку тууралуу коргоо кеңешине арыз менен кайрыларын жарыя кылды. Ал иш жүзүндө кайрылды. БУУнун убакысы менен саат 15де  Коопсуздук кеңеши токтом кабыл алды. Башкача айтканда алсыз өлкөлөрдүн өзүнө карата душмандыкка каршы айла амал катары иштеткен арыздануу болду. Орусияга карата иш жүзүндө душмандык кылынды. Анын базалары бутага алынбаса да ага жакын аймактарга сокку уруу аркылуу душмандык кылынды. Анткени ал Сирияда кожоюндукка умтула башатаган эле. СССР учурундагы улуулук сезимдери аны кытыгылап жаткан эле…  Жогоруда айтып өткөнүбүздөй бул соккулар аны өз сызыгына кайтарып коюуга каратылды. Ал бул соккуларга каршы аскерий жооп берүүгө даай албады…  Мына ушундан Сирияда баш оту менен аракет кылып жаткан  Орусиянын саясий сокурдугу канчалык экендиги көрүнүп турат. Маселе ал жерде Орусияга орун  бир гана  Америка колу аркылуу бериле тургандыгын түшүнө албай жаткандыгында.   Орусия узак жылдар бою болгон Мисрдеги окуялардан да үлгү ала албады. Мисрден аларды Саадат чыгарган жок. Анткени ал жерден Американын таасири күчтүү эле. Америка аларды чыгарганын Орустар аңдашкан жок. Орусия бул саясий сокурдугун Сирияда дагы кайталап жатат. Алар башка бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн Ислам жана мусулмандарга карата жапайы кыргынды ишке ашырууда. Орусия жана анын артындагы Америка кылып жаткан мындай жапайы кыргындарды мусулмандар эч качан унутушпайт. Күндөр айланып туруучу. Бул күндөрдүн тескериси да эртең келип калат.
  2. Ал эми суроодо келген Америка, Британия жана Франция коалициясына келсек.

Бул коалициянын көрүнүшү гана бар. Башкача айтканда тең тайлаша турган мамлекеттер арасындагы коалиция эмес. Балким ал Америка каалоосу менен түзүлгөн коалиция. Мындай коалицияны Америка  терроризмге каршы күрөшүү жүйөсү менен Ирак жана Сирияда буга чейин да түзгөн. Тактап айтканда, Америка Британия менен Франция коалицияга катышуусуна макул болду. Муну биз мурунку суроо-жооптордо кеңири баяндаганбыз.

  1. Тилекке каршы эң кейиштүү нерсе дүйнөдөгү колонизатор мамлекеттер биздин өлкөлөрүбүздө сайрандап өз каалагандарын кылып жатканы. Биздин өлкөлөрдүн тагдырын өзүбүз эмес алар белгилеп жаткандыгы. Бизди бириктирип, улуулугубузга кайтара  турган мамлекетибиздин жоктугу. Биздин Исламий мамлекетибиз болгондо – Америка жер ортолук деңизине кирүү үчүн Алжирдеги Усманий мамлекетке салык төлөп  киргендей, салык төлөп кире тургандыгын албетте айттырбай түшүнмөк. Франция   Сулайман конунийге өз падышасын туткундан куткарып алуу үчүн берген акчасы эсине келмек. Ошондой эле Британиянын Пайгамбар с.а.в.ды жамандап театр коюу ниетин Усманий мамлекет билип, Британияга карата жихадды жарыялай тургандыгын укканда Усманий мамлекеттин Британиядагы элчиси аркылуу кечирим сурап кайрылгандыгы эсине түшмөк. Ал мезгилде Усманий мамлекет а түгүл, эң алсыз абалында эле. Ошондуктан ал кечирим суроо менен чектелип калган. Эгер Усманий мамлекет мурункудай күчтүү абалында болгондо иш башкача болмок.
  2. Күрөө тамыры согуп жаткан ар бир мусулман Аллахтын өкүмүн турмушка кайтарып, аны менен жашоо аракет кылышы важиб. Аллахтын өкүмдөрү болсо Пайгамбарлык жолундагы туура Халифалыкты тикелөө аркылуу гана болот. Андыктан, Үммөт Хизб ут Тахрир менен биргеликте бардык күчүн жумшап амал кылуусу шарт. Мына ошондо гана Колонизатор каапырлар кор болуп  ислам жана мусулмандар улуу боло алышат.

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

“Ошол күндө момундар Аллах жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. Аллах өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси”.  [Рум 4­5]

Ато ибн Халил Абу Рушта

27 ражаб 1439х. 2018. 04. 14 м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here