Орусия Тажикстанга сунуш менен кайрылды

262
0

Орусия Тажикстанга сунуш менен кайрылды

Орусия Тажикстанга Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) байкоочу макамга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу Орусия вице премьер министри Игорь Шувалов билдирди.

Шувалов Орусия-Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны учурунда, “Биз Тажикстанга эки тараптуу жолугушуунун күн тартибинде ЕАЭБ алкагында байкоочу мамлекет макамына олуттуу маани берүүнү сунуш кылдык”,- деп айтып өттү.

Анын ырасташынча, мындай макам уюмга мүчө болууну түшүндүрбөйт. Эч кандай саясий мааниге ээ эмес. Бирок товар айлануу жана экономикалык алакалардын жакшырышына кызмат кылат.

“Фитосанитардык көзөмөл, ветеринардык көзөмөл, техникалык жактан тартипке салуу, стандарттык маселеси – булар товарлардын эркин айлануусуна алып келүүчү бардык нерселер. Биз күн тартибинде кызматташып жаткан КМШ мамлекеттеринин ЕАЭБ боюнча шериктер эмнелерди кылып жатканын түшүнүүсүнө кызыктарбыз”,- деп өз сөзүнө аныктык киргизди Шувалов.

“Биз Орусияда иштеп чыгарылбай турган продукциялар Тажикстандагы үрөөн фондунун жардамында иштеп чыгылышына жана Орусия менен башка мамлекеттердин базарларына жеткирилишине кызыктарбыз”,- деп кошумча кылды ал.

Бирок, Орусия өкмөт башчысынын орун басары ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин продукциялары Орусияга кандай негизде киргизилбей жатканын түшүндүрбөдү. Алсак, Белорусиянын айрым эт продукциялары, Кыргызстан менен Казакстандын тонналаган жашылча жемиштери Орусия чек арасынан артка кайтарылган фактылар дээрлик күн алыстан кайталанууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here