Камактан чыккан кишилерге карата жердештеринин мамилеси тууралуу

250
0

 Камактан чыккан кишилерге карата жердештеринин мамилеси тууралуу

Ассаламу алайкум.

Суроо: Мен 2015-жылы Ташкент шаарында соттун чечими менен 244-1 жана 244-3 беренелери менен соттолгом. Жакында Шавкат Мирзияевдин жарлыгы менен азаттыкка чыктым. Бирок алигиче айылдагылар мени жекелеп коюшкандай сезилет. Иш сурап кайрылган жерлеримде атайын мага ылайык келбеген иштерди сунушташууда. Муну жазышымдан максат, мага окшоп кара тизмеден чыккандарда да ушундай абалбы же мен жашаган аймакта гана болуп жатабы? Жооп үчүн алдын ала рахмат.

Жооп:  Ва алайкум ассалам. Бизге ушул күнгө чейин сиз сыяктуу камактан бошотулган диндар бир туугандарыбызга карата айылдаштары тараптан жаман мамиле кылынганы тууралуу кайрылуу келбеди. Тескерисинче, аларга айланасындагы мусулмандар абдан жылуу жана чын дилден мамиле кылышканы кабарланган. Бирок, узак жылдар бою уланган репрессиянын астында өзбек калкы өтө этият иш кылып калды. Алар, жогорудагы президенттин өзгөртүүлөрүнө күмөн жана ишеничсиздик көзү менен карашууда.

Узак жылдарга уланган Каримов башчылыгындагы УКМК репрессиясы учурунда туулган мусулмандар ушул чөйрөдө жашап, андан башка коомду көрбөй чоңоюшту. Натыйжада бул коом “жакшылык менен жамандыкты ажыратып жашоо” деген исламий дүйнө караштан үзүлүп калышты.

Бийлик Өзбекстан коомунда, “учурдагы саясатка ылайыкташуу керек” деген жетекчи фикирди түптөп алды. Адамдар Намангандагы тополоң, 16-февралдагы жана Андижан окуясы сыяктуу бир катар атайын же уюштурулган иштердин акыбетин өз көздөрү менен көрүштү. Ушундан улам, учурда да бийликтин диний даъватчыларга карата жүргүзгөн мамилесинин артынан кандай акыбеттер күтүлүп жатканынан кооптонушат. Ошондуктан, өздөрүн мазлум даъватчылардан бир аз этият кылып туруулары табигый.

Бирок ар бир даъват жүгүн көтөрүп бараткан мусулман, үммөттүн бул сыяктуу абалына табигый көрүнүш катары кабыл кылуу керек. Үммөт ижтимаий вужуд болгондуктан, үстүндө турган жетекчи топтун пикиринен таасирленет. Ошондуктан биз үммөттү алдап, коркутуп, өлтүрүп, куугунтуктап, камактарга алып жаткан жетекчилерди эскертип бара беребиз! Ислам дини коомдо жетекчи фикрге айланганга чейин даъваттан токтобойбуз! Анткени адамдар түзгөн ар кандай фикрий жетекчилик, белгилүү бир улут же топтун кызыкчылыгына кызмат кылат. Аллах тарабынан фикрий жетекчилик болсо бардык адамдардын эки дүйнө кызыкчылыгы жана кадыржамдыгы үчүн кызмат кыла турган жападан жалгыз хидаят Жолу!

Ошондуктан бурадар, эгер акыйкат жолдо болгон соң, алсыз адамдардын түшүнүктөрүнөн келип чыккан убактылуу маселелер бизди акыйкат жолдон кайтара албайт, инша Аллах!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here